АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА ТУУРАЛУУ ДАРЕКТҮҮ ТАСМА ТАРТЫЛДЫ

Күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы Кыргыздан чыккан алгачкы Азия, Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова тууралуу тартылган даректүү тасманын трейлери чыкты.

Тасма америкалык Рейчел Сайн тарабынан тартылган. Ал бул тууралуу:

– Аталган тасма 2018-жылы тартыла баштаган. Алдыга койгон максаттарды ишке ашырууга Айсулуунун күчү жетерин билгем. Мен дайыма анын эркине, кыйынчылыктарга моюн сунбай турган тайманбастыгына таң берчүмүн. Айсулуу өз өлкөсүнүн гана эмес, бүтүндөй күрөш дүйнөсүнүн тарыхын жазып жатат. Тасма камтыган мааниси менен элге кызыгуу жаратат. Бүгүн аны чемпион катары көрүү оңой, бирок бул жеңиштин артында турган 10 жыл аралыгындагы талыкпаган эмгек, күжүрмөн аракетти элестетүү кыйын. Кызыктарга бай жана ар бир адамга дем-күч бере турган окуя менен ар бир адам менен бөлүшкөнгө шашылып жатам.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
salimbek87.kg
2020-01-13 10:04:48
Баракелде Айсулуу азаматсын сен баардык сый урматка татыктуусун дайыма ийгилик жаратып жүрө бер
+10
Aruwka.89
2020-01-13 10:44:09
Эх Молодец Айсулуу! Ийгилик
+8
men70
2020-01-13 21:14:19
Айдай сулуу Айсулуу кызыбыз Кыргыз элин сени менен сыймыктанат. Кыргыз элибиздин намысына дагы далай жолу жарап,Тарыхтагы изин, ордун дагы бекемделсин,Кудайым колдоп,омурун узун болсун!!!
+4
nurda00
2020-01-13 21:16:09
Колубуздагы алтындын баркын башка эл билип урматтап сыйлап атат.
+3
tachkomur
2020-01-14 22:36:10
Кыргызда эки еле баатыр бар Айсулуу тыныбекова менен Валентина шевчонка
+4
-adam
2020-01-15 23:32:35
Ийгилик))
АЛЛАХ эки дуйно бактылуулукту насип этсин (сиздерге жана бизге)
+1
Krai
2020-01-16 07:59:44
Биздин чоңдордун Тонналап саткан алтындарды
Айсулу грамдап чогултуп аткандай
+6
Crokus
2020-01-18 12:06:13
Эркектерибиздин аялга эле кучу жетет.Кыйын бол со дуйно чемпиону аталмак.Эки кыздарыбыздан улгу алышса болмок.
+1
№ 897, 9-15-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан