НАН АРЗАНДАЙТ

Мезгил үнү

Борбордун айрым күркөлөрүндө 10 сомдук бөлкө 12 сом болсо, кээ бирлеринде 14 сом. Бул “Орусиянын эгин аянттарынын кургакчылыктан улам күйүп кеткенинин залалы бизге да тиет” деген сактыкпы? А балким, кимдир бирөөлөрдүн абалдан пайдаланып капчыктарын кампайтып жатканыдыр? Ушул ойдон улам бул суроолорго жооп издөөнү туура көрдүк.

САТУУЧУЛАР ОЙ БӨЛҮШӨТ
Гезиттен экенибизди айтканыбызда чоң-кичине дүкөндөрдөгү, күркөлөрдөгү сатуучулар нандын бааларын мындайча түшүндүрүштү:
Жаркынай: – 13 сом деп турган нандарды мурун 8 сомдон алып келишчү, биз 2 сом кошуп сатчубуз. Азыр кымбаттады деп 12 сомдон беришүүдө. Биз, болгону, 1 сом кошуп жатабыз.
– Нанды кайсы жерден аласыздар?
– Наабайканасы каякта экенин билбейм, бирок нан ташыган Чыңгыз деген жигиттин телефонун берейин.
Гүлсүн: – 8 сомдук нандарды азыр 10 сомдон таратышууда. 11 сом кылабыз дешкенде мен суранып, 10 сомдон сүйлөшкөм. 1 сом кошуп сатуудабыз. Ал эми батондорду 11 сомдон алып келишет, 12 сомдон сатам.
Гүлнара: – 400 граммдык бир бөлкөнү наабайкана мурун 7 сомдон берчү, биз 10 сомдон сатчубуз. Азыр ошол нандар 9 сом болуп калган, биз 11 сомдон сатып жатабыз. Бул дагы акыркы баа эмес, жакында 15 сомго чыгат деп жатышат го...

“КҮРКӨ ЭЭЛЕРИНИН УЯТЫ ЖОК”
Наабайканалардын мурунку жана учурдагы бааларын билип алган соң нан бышыруучу жайларды көздөй жол алдык. Адегенде Жаркынай телефон номерин берген нан ташыган жигит менен байланышып, максатыбызды айттык. Наабайкана кайсы жакта экенин сурасак, ал жигит эмнегедир чалды-куйду жооп берип кача баштады. Акыры көңүлдөнбөй туруп бир даректи берди. Айтылган дарек боюнча барып, бир дагы наабайкана тапкан жокпуз. Тиги жигитке байланышка чыга албай калдык. Телефонун өчүрүп салыптыр.
Мухтар Латипов, менчик наабайкананын кожоюну:
– Бул наабайкананы иштетип жатканыма 10 жыл болду. 10 жыл ичинде ушуну менен экинчи жолу ун кымбаттады. Мындан үч жыл мурун 1-сорттогу 1 мүшөк ун 1800 сомго чыккан. Азыр ун 1 айдан бери кымбаттоодо. Жашырганда эмне, Кыргызстандагы көп бүлөлөрдүн негизги азыгы нан менен чай. Муну мен абдан жакшы түшүнөм. Ошондуктан нанга ашыкча акча кошуп пайда тапкым келбейт. Мисалы, "Яшар" фирмасынын 1-сорттогу 1 мүшөк унун дүңүнөн 550 сомдон алчубуз. Эки жума мурун мүшөгүн 850 сомдон алдык. Бүгүн телефон чалсам, 900 сомго чыгыптыр. Кымбатчылык башталганда, балким, 2-3 күндүк убактылуу нерседир деген ойдо бааны мурдагыдай кармап турдум. Арзандамак тургай күндөн-күнгө өсө бергенинен нандын бардык түрүнө 1 сомдон кошууга аргасыз болдум. Унду кымбат алып, нанды арзан сатуу мага деле пайдасыз. Жумушчуларга айлык бериш керек дегендей. 50 сомдук май 75 сом, 5 сомдук туз 7 сомго кымбаттады.
Нанды өзүбүз сата албайбыз. Күр­кө­лөргө таратабыз. Сөздүн ачыгы, ошол күркөлөрдүн ээлеринин уяты жок. Бир нанга 4-5 сомго чейин кошуп жиберишет. Мисалы, биз чыгарган 400 граммдык 1-сорттогу бөлкө мурун 7 сом болчу, азыр күркөлөргө 8 сомдон таратам. Ишенбесеңиз, тиги дүкөндөгү биздин нандар, баасын өз көзүңөр менен көргүлө. Менин нанымды башкалар 12, 13, 14 сомдон сатып жатышат.
Гүлнара Касымбаева, мэриянын алдындагы муниципалдык наабайкананын технологу:
– Биздин кампада мурунку баалар менен алынган ун бар болгондуктан, нандын баасын көтөрө элекпиз. Башкалар 4-5 сом кошуп жиберишти. Ундун килограммын 11 сом 80 тыйындан жана 12 сомдон алчубуз. Кампадагы ун 1-2 жуманын ичинде түгөнөт. Анан биз дагы кымбаттатууга аргасыз болобуз. Ун алып келгендердин бардыгы мурунку баадан баш тартышууда. Анткени сырттан буудай келбей калчудай болуп жатат. Казакстан экспорттоону азайтат көрүнөт. Ал эми Орусиянын эгин талаалары күйүп кетти. Дан азыктарынын баары буудайдан көз каранды.
Борбор боюнча “муниципалдык нан” деген жазуусу бар 15 түйүн иштеп жатат. Бул жерде 400 граммдык 2-сорттогу ундан жасалган бөлкө 7 сом, 1-сорттогу нан 8 сом турат. Ошондой эле бала бакчаларды, ооруканаларды, мектептерди камсыз кылабыз.

“ШЕФ КӨЛГӨ КЕТКЕНДЕ КЫМБАТТАТЫП ЖИБЕРДИК”
Наабайканаларды кыдырган күндүн эртеси бир бөлкөнү 13 сомдон сатып жаткан Жаркынайдын күркөсүнө дагы баш бактык. Баягы 13 сом деген жазуулар 11 сом болуп өзгөрүп калыптыр. “Нан арзандадыбы?” деп кубана түштүк. Сатуучу кыз: “Нанды дүңүнөн алып келүүчүлөр 2 сомго арзандатышты. Мен сизге Чыңгыз деген жигиттин телефон номерин бербедим беле. “Шеф көлгө кеткен эле. Нан кымбаттады дегенде өзүбүз эле 8 сомдукту 12 сом кылып жибергенбиз. Азыр шеф келип 10 сомго түшүрдү” деп айтып кетти. Көрсө, ортодон эле бир топ көтөрүп жиберишкен экен”,- деди. Бул сөздөрдү Чыңгыздын өз оозунан угалы деп телефон чалсак, аппараты дагы эле өчүк.
Ошондон улам “ун кымбаттады” дегенди угуп, ар ким каалаган баасын коюп асмандатып жаткан турбайбы деген жыйынтыкка келдик. Жогорудагы жигит бир гана мисал. Ага окшоп болбогон шылтоо менен нандын баасын көкөлөткөндөр четтен табылса керек. Карапайым калктын чөнтөгүн кагып, ыйык тамагыбыз болгон нандан тапкан пайда кимге канчалык дүнүйө болуп берер экен?!

“СУРОО-ТАЛАПТЫН КӨПТҮГҮНӨН БУУДАЙ КЫМБАТТАДЫ"
Кыргызстанга Казакстандан бир нече тонналап буудай алып келген ири ишканалардын бири – “Акун”. Анын башкы директору Чыныбай Турсунбеков азыркы абал тууралуу мындай дейт:
– Мен буудайдын баасын эки нерсеге таянып коём. Биринчиси, мага сунуштар кандай, азбы, көппү? Экинчиси, баасы кымбатпы же арзанбы? Азыр байкасам, буудайдын баасы өсүп баратат. Анан өзүмдүн жүгүрткөн акчам көлөмдүү буудай алганга жетпегендиктен, бүгүнкү күндүн баасы менен алып калайын деп 2 миллион доллардан ашык акчаны кредитке алдым.
– Кымбаттаганга чейин буудайдын тоннасын канчадан алчу элеңиз жана азыр канчага көтөрүлдү?
– Июнь айында бир казак фирмасы менен тоннасын 138 доллардан сүйлөшүп, 5 000 тоннага чек арага чейин деп келишим түзгөм. Эптеп жарымын берди. “Жарымын алсаң, жаңы баа менен ал” деди. Ага да макул болдум. Июль айында башка фирма менен тоннасын 245 доллардан алууга макулдашып, 10 000 тоннага келишим түзүп, акчасын жибердим. Бул баа чек арага чейин. Бажыканага салыгын, андан бери алып келүүгө акча төлөйм. Муну кошкондо 282 долларга чыгып кетет. Ундун баасын ошого жараша коюп жатам.
– Баа коёрдо башка ишканалар менен кеңешесиздерби?
– Кеңешпейм. Баарыбыз бири-бирибизге атаандашпыз. Кеңешкенде эле ички сырларды, чындыкты айта коюшпайт. Мен баасын ашыкча көтөрсөм, эл башкага өтүп кетет.
– Сиздин фирма жалаң казактардын буудайын иштетет. Эмнеге?
– Биз эмне үчүн жергиликтүү буудайды иштетпейбиз? Ырас, анын баасы төмөн, бирок сапаты начар. Нан жасагандар “камыр ачыбай жатат, суюлуп кетти, акчамды кайтарып бер” деп арыздана беришет. Ал эми Түндүк Казакстандын буудайы дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере алган сапатка ээ. Эмнеге баасын көтөрүп салды? Анткени алардын буудайына болгон суроо-талап күчөдү жана дүйнөлүк баа көтөрүлдү. Орусия миллион тонналап сатып алышы мүмкүн. Бизге караганда орустар кымбат бааны айтышса, албетте, аларга сатышат.
– Алардын үрөнүн бизге алып келип сепсе болбойбу?
– Кеп үрөндө гана эмес. Аба ырайына, климаттык шарттарга да байланыштуу. Ошол эле Казакстандын түштүгүндө сапаттуу буудай өспөйт .
– Кыргызстан буудайды Казакстандан эле алабы?
– Ооба, Казакстандан эле алабыз. Орусиядан дагы арзан баадагы буудайды сунушташкан. Бирок алардын буудайы менен биздин буудайдын сапаты бирдей. Өзүбүздүкү турса, биз эмнеге алардыкын алышыбыз керек?

“АРЗАНДАТЫШПАСА, ЧАРА КОЛДОНОБУЗ”
КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Монополияны жөнгө салуу агенттигинин директору Бабырбек Жээнбеков:
– Учурда ишканалар мурунку арзан баада алынып келген кампадагы буудайдан ун чыгарып жатышат. Кымбаттатууга эч кандай негиз жок. “Акун”, “Яшар” өңдүү фирмалардын жетекчилери “буудайды кымбат алганы жатабыз. Унду кымбаттатсак, андан түшкөн пайдага буудай алат элек” дешет. “Элдин чөнтөгүнөн байыганды токтоткула. Качан кампадагы буудай түгөнүп, кымбат алып келесиңер, ошондон баштап баа көтөрүлөт” дедик. 26-августтан тарта ун, нандын баасы мурунку калыбына келбесе, кымбаттагандан кийин түшкөн пайда өкмөткө алынары тууралуу катуу эскертүү берилди. Эгер арзандатышпаса, чара колдонулат.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

АЗЫК-ТҮЛҮКТҮН КЫМБАТТАШЫ СИЗГЕ КАНДАЙ ЗЫЯН ТИЙГИЗҮҮДӨ?

Айнура,
25 жашта, окутуучу:
– Өткөндө жолдошум азык-түлүк сатып келип, көп нерсенин кымбаттаганын айтты. Күз мезгилинде арзандагандын ордуна кымбаттап жатканы өкүндүрүүдө. Азыр жай болгону үчүн короого тигип алган жашылчаны колдонуп, каражатыбыз үнөмдөлүп жатат.

Каныбек,
44 жашта, ширетүүчү:

– Айлыктын аз болгону жетишпей жаткансып, эми минтип азык-түлүктүн кымбаттап жатканы бизге окшогон үй-бүлөлөргө оор эле. Биз үйдөн нан жасап жейбиз. Мурун ундун килограммын 12 сомдон алсам, азыр эки эсе кымбат сатып алып жатам .

Эльмира,
40 жашта, соода түйүнүнүн кызматкери:
– Тапканым 5 миң сом. Кымбатчылык, албетте, биздин үй-бүлөлүк бюджетке көп зыян тийгизүүдө. Ак-Босого конушундагы дүкөндөр нанды түрдүү баада сатышууда. Мындан ары дагы кымбаттайт деп жатышат, азырынча эмне кыларымды билбей турам.

Жаманкул,
51 жашта, айдоочу:

– Шаарда турган соң баарын сатып алып жейсиң. Анан азык-түлүктүн баасы күн сайын асмандап жатканын байкабай коё албайсың. Жубайым да бюджеттик мекемеде иштейт. Бир жума мурун эле нандын баасы арзан болчу, азыр кичинекей наабай нан 10 сомго чейин көтөрүлүптүр.

Чынара,
38 жашта, бухгалтер:
– Үйдө үч кишибиз. Бир айдын ичинде азык-түлүккө эле 10 миң сомдун тегерегинде кетет. Акыркы жолу базарга барганда өсүмдүк майы, ун жана нандын баасы жогорулаганы кыйла байкалды. Мисалы, биз алып жүргөн бөлкө 11 сомдон 13 сомго чейин көтөрүлүптүр.

Эрлан,
23 жашта, архитектор:
– Башкы орунда үйдүн тамак-ашы маанилүү. Эгерде анын баасы күн сайын кымбаттаса, анда экинчи орунда турган керектүү буюмдарга акча бөлө албай калабыз. Мисалы, кийим-кече жана башка керектөөлөргө акчаны үнөмдөөгө туура келет.

Эрболот,
17 жашта, студент:
– Азык-түлүк кымбаттап жатыптырбы? Үйдө тамак-ашты мен сатып албагандыгым үчүн билбейт экенмин. Бирок ата-энемдин чөнтөгүнө, анын ичинде мага деле оор болсо керек.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
swan
2010-08-28 20:51:51
a men bul jaktan 2,5 evrogo bir bolko alam
0
swan
2010-08-28 20:52:16
eng arazani 1,5 evro
0
meerime
2010-08-29 01:20:19
Kudai ozu koldosun ar daiym arzanchylyk tokchukluk bolsun!!!
0
ABC
2010-08-30 15:00:54
Эххх, ушуларды окуп отуруп Кыргызстанга баргын да келбей калат. Кудай берээрин унутпаса, молчулук да болоор. "Супер Инфо", силерге рахмат, турмуштун ачуусун ачык-айкын жазып берип жатканынар учун.
0
№ 408, 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан