Өлүм улук. Канчалык байлык топтобо, бийликте турба, даңкың чыкпасын, дүйнөнү өзгөртүп бурулуш жасасаң да тирүүлүккө түркүк боло албайсың. Кыргызда өлүм каадасын жасоодо түшүнүксүз, ысырапка ашыкча жол берген жөрөлгөлөр бар. Тогуздап мал союп, түрлөп салат жасап дасторкон жайып тойдогудай чачылабыз. Төмөндө маркумду жерге берүү каадасындагы ысырапчылык тууралуу сөз болот.
«АДАМЗАТЫ МАТЕРИАЛДЫК ЖАКТАН БАЙЫП, РУХАНИЙ ЖАКТАН ЖАРДЫЛАНЫП КЕТТИ»
Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев маркумду жерге берүүдөгү жөрөлгөлөр мурда жана азыр кандай жүргүзүлгөнүнөн кеп салып берди:
– Эсимде, бала кезде жамандык болсо дасторкондо боорсок, нан, шарты келсе сары май, кант, сокудай-сокудай нават коюп коюшчу. Ошондой дасторкон менен сөөк коюу, кара ашы, жылдык ашы деле өтчү. Азыркылар «ал кезде жашоо-шарт ошондой болчу» деп айтышы мүмкүн. Туура, азыр майкөл-сүткөл заман. Бирок канчалык адамзаты материалдык жактан байыган сайын руханий жактан жардыланып кеттик. Кыргыздын туулганы дагы, өлгөнү дагы өзүнө түйшүк. Илгери бала туулса айланасындагы кошуна-колоң, тууган-уругун чакырып, ырымдап бата алып койчу. Азыр жүздөгөн кишини чогултуп алып килейген ресторанда жентек беришет. Адам кайтыш болсо да 300дөй кишини чакырып, дасторконду дүйүм тамакка толтуруп ресторанда куран окутушат. Бул маркумга куран окутуп сооп алуу эмес эле коммерциялык бир иш-аракет болуп калды. Өлүк ээси куран окулуп бүткөндөн кийин ооздо элди узатып турганда ар бирибиз чөнтөгүбүзгө сала барган конвертибизди колуна карматып чыгабыз. Ал дагы кийин сенин алып барганыңа жараша жооп кайтарат. Муну менен биз соопту же башка баалуулуктарды акча менен баалап калдык десек болот. Кыргыз кедей жашагандан, эки жүздүүлүктөн, кошоматчылык кылуудан, ыплас нерселерди жасоодон уялбайт. Бирок "баланча 300 киши чыкырып той берди, мен 350 киши чакырып той беришим керек" деп куру намыстанат, ошондон уялымыш этип атаандашат.
«СОЮЗ МЕЗГИЛИНДЕГИ ЫСЫРАПКОРЧУЛУКТУН АЗАБЫН ТАРТТЫК ГО?»
– Үйүндө жакыны каза болуп жатса, мындай чыгып алып «канча жылкы союптур?» деп кеп кылышат. 3 жылкы союптур десе, «аа, жакшы, канча эли чыгыптыр?» деп сурашат. Кыргыз кишинин өлгөнүнө кейибейт, сойгон малынын майы канча эли чыгыптыр дегенге кейийт. Бүгүнкү күндөгү биздин рухий маданиятыбыздын, байлыгыбыздын көрүнүшү ушул.
Кошуна мамлекеттерде бийлиги, өкмөтү баш болуп ысырапкорчулукту жоюу үчүн иштерди жасап жатышат. Мисалы, казактарда улуулатып устукан-жилик тартпайт. Алар бир столго бир жиликти коюп, калганын майдалап таратып берип коёт, эч ким таарынбайт. А кыргыз устуканга таарынат. Үйдөн сөөк чыгып, адамдан айрылып жатса уча, жамбаш, куйрук албай калдым деп таарынат.
Өзбектерге келсек, алардын бийлиги ашыкча чыгым кылып, көп эл чакырып той берсе, той ээсин мыйзамдын негизинде жоопко тартат. Бизде болсо министр, депутаттын баары ишин таштап коюп тойдо жүрөт майланышып.
Биздин муун СССРдин доорун сүрдүк. Килейген Союз ыдырап, жоюлуп кетерин билбей, жетиштүү турмушта жашап жүргөн эл тамак-аштын баркын билген жок. 24 тыйынга нан сатып барып итке берчүбүз. Тамак-ашты чочко жеди. Ошондой ысырапкорчулуктун каарын кыргыз 10 жылдан ашык тартпадыбы. Бүгүнкү ысырапкорчулуктун запкысын эртеңби, бүрсүгүнүбү, дагы тартабыз.
«КОЛУНДА БАРЛАР БАШТАШЫ КЕРЕК»
– «Аш көп болсо каада көп» дейт. Айрымдары көпкөнүнөн ашын төгүп жатса, айрымдары куру намыска алдырып «эл эмне дейт?» деген нерсе менен башын оорутуп тапкан-ташыганын төгүп жатат. Кыргызда «үйүндө бир кашык айраны жок, уулунун аты Жууратбек» деген сөз бар. Эл эмне демек эле? Элдин эмне иши бар? Айтып-айтып кала берет, сен өзүңдүн ишиңди өзүң билесиң да.
Жамандык болобу же жакшылыкта болобу, 2-3 баш мал союп, 300 киши чакырып той берип, жилик тартканды токтотууну кимдир-бирөө башташы керек. Бул нерсени жарды адам эмес, колунда бар, бардар киши башташы керек. Аны жоктугунан жасабай койду деп эч ким айтпайт. "Бул ысырапкорчулукка жол бербей туура кылып жатат" дейт. Ал эми колунда жок киши жасаса, кыргыз өзү бирөөгө тыңсынганды жакшы көрөт эмеспизби, «аа, бечара, колунда жок да ошон үчүн мал соё албай калды» дешет. Бирок мен айткан нерсени байлардын бири да жасарына көзүм жетпейт. Элди жолдон чыгарып, ысырапкорчулукка түрткөндөр – элдин ырыскысын жеп байып алгандар, алды түрмөдө отургандар, арты минтип заңгыраган тойканаларды салып коюп элдин ырыскысына семиргендер. Алар элге туура жол көрсөтүп, жакшы жөрөлгө баштап бере тургандар эмес.
«МАЛ СОЮУ ДИНДЕ ТАЛАП КЫЛЫНБАЙТ»
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний маселелер бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу маркумду көмүү шарты тууралуу айтып берди.
– Ислам дининде маркумду акыркы сапарга узатууда бардык жол-жобосу так көрсөтүлгөн. Пайгамбарыбыздын хадистеринде «качан адам баласы жаны үзүлүп, тиги дүйнөгө кеткенде, тирүүлөр, жаназасын тездеткиле» деп айтылат. Демек, тезирээк жайын казып, жаназасын окуп маркумду узатуу – бул диндин талабы. Эгерде маркум өз жеринен алыс жүрүп көз жумса, анын сөөгүн мекенине жеткиргенге убакыт керек болушу мүмкүн. Бирок ал жактагы туугандары жайын казып даярдана берүүсү шарт. Кыргызстандын кээ бир аймактарында мурда сөөктү сөзсүз түрдө 3 күн кармашчу. Азыр элдин аң-сезими өзгөрүп, бул нерсе азайып баратат. Маркумду канчалык эрте жерге берсе, ошончолук сообу көбүрөөк болот. Ошондой эле маркум менен коштошуу жүрүп, аза күтүлүп жаткан үйдө тойдогудай абал жаралбашы керек.
Ислам дининде эгерде алыстан туугандары, жатарга жери жок адамдар келсе, анда жакын кошуналары же жакын жашаган туугандары дасторкон даярдап, урматын көрсөтүшү керек деп айтылат. Сөзсүз түрдө мал союлушу керек деген талап жок. Кыргыздын каада-салты, менталитетине сиңип калган «үчилик», «жетилик», «кыркылык», «кара аш», «жылдык аш», «бейит башы» деген жөрөлгөлөр динде жок. Аларды жасоо, аткаруу шарт эмес. Мисалы, үйдүн багуучусу каза болуп, анын балдары, аялы жетим-жесир калган болсо, келген эл үй-бүлө сойгон малды же тамак-ашын түгөтүп, мындайча айтканда, ырыскысын жеп кеткен болот. Бул чоң күнөө, жетимдин акысын жегенге барабар нерсе. Маркумду жерге берүүдөгү ысырапкорчулукту жоюу 1 күндө эле жасала калчу иш эмес. Биз атайын фатва (жобо) иштеп чыгып, аймактардагы мечиттердин имамдарына жайылтып, сөөк коюу каадасын шарияттын негизинде жасоо боюнча үгүт иштерин жүргүзөбүз. Түшүнүү менен кабыл алып, маркумду 3 күнгө жеткирбей жерге берип жаткандар бар.
МАРКУМДУ ЖЕРГЕ БЕРҮҮДӨ КАЙСЫ ЖӨРӨЛГӨНҮ АШЫКЧА ДЕП ЭСЕПТЕЙСИЗ?
Арзыкан Момунтаева,Талас облусу:
– Таласта чыгымды көп тарткан жагы бар. Абдан жакпаганы: килемибизди көтөрүп алабыз, кыздары метрлеп материал, аял- кишилер чапан-жоолук, шайы-шалбырттарды көтөрүп барышат. Кара мал союу азыраак, бирок дасторкон жасалат. Тууган-уругу күйүп, ыйлагандын ордуна тамак ичип төрдө отурганы туура эмес деп эсептейм. Медина Турусбекова, Нарын облусу:
– Маркумдун кийими салынган сандыкты ачып алып, кездемелерди таратып, кайра кийит алып келишкени ашыкча. Анан "жакалуу пальто жаппаптыр" деп сөз кылгандарычы. Жаш эле эркектер мүрзөдөн келгенден кийин «биз кайсы үйгө киребиз?» деп эт жеш үчүн ошол жерде каз катар тизилип алышканы да уят көрүнүш.Аман Калыбеков, Чүй облусу:
– Аза күтүүгө убактың жок, эл тамак жедиби деп сарсанаа болуп жүрөсүң. Анткени бир нерсе туура эмес болуп калса таарынышат. Той менен жамандыктын айырмасы жок. Мисалы, дунгандардын үйүндө дасторкон жайылбайт. Алыстан келген туугандарын кошуналары гана коноктоп узатып коюшат.Гүласал Алиева, Ош облусу:
– Бул жакта киши көз жумуп, кайгы болуп жатса, бери жакта дароо кой союлуп, аш демделип шаан-шөкөт башталат. Дасторкон тойдогудай жасалгаланып, куда-сөөк кийит кийгизишет. Ушул сыяктуу ашыкча жөрөлгөлөр менен өзүбүздү-өзүбүз кыйнап өйдө боло албай жатабыз. Айсулуу Бакыт кызы, Ысык-Көл облусу:
– Аза күтүп жаткан үйдө мал союлуп, дасторкон жасалышы кошумча чыгым. Ошондуктан буга мамлекеттик деңгээлде тыюу салынышы керек. Чыгымдардын көп болушу үй-бүлөлүк каатчылыкка алып келет. Жыйынтыгы мамлекетке да кедергисин тийгизет. Анткени үй-бүлөнүн жакырданышы мамлекетке зыян.Аэлита Жолчиева, Жалал-Абад облусу:
– Бизде айыл аксакалдары тыюу салган, бирок ага эч ким деле баш ийбейт. Мурда аялдар чүпүрөк-чапырак, себет алып келишчү, азыр акчалай беришет экен. Куран окуткан жерге барсаң тамак ичилгенден кийин дасторконду талап, баштыкка салып, адамдын кайгысын бөлүшүүнү унутуп да калышат.Талантбек Мамытов, Баткен облусу:
– Баткенде маркумду 1 эле күн кармап жерге берет. 40 күндүк, жылдык, көк кийди, ак кийди деген ашыкча салттарыбыз бар. Негизи шариятта мындай нерселер жок. Жамандык айтып келбейт, ага атайын даярданып турбагандан кийин, шартка жараша сөөк коюу каадасын жасай берүү керек.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg