ӨЗГӨЧӨ ҮНДҮН ЭЭСИ ОРУНБАСАР КЫЗАЛАКОВ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Кыргыз эстрадасы дагы бир талантын жоготту. Өзгөчө үнү менен элдин эсинде калган ырчы Орунбасар Кызалаков 4-январь күнү оорудан улам 58 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Анын сөөгү 6-январь күнү өзү туулуп-өскөн Талас облусуна караштуу Талас районундагы Көк-Кашат айылында жерге берилди.

ЫРЧЫ ТУУРАЛУУ

Орунбасар Кызалаков 1962-жылы Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылында туулган. Ал 2000- жылдары «Таласым таңшыйт», «Таңкы поезд», «Биздин өзөн» аттуу ырлары менен таанылган. Кийинчерээк чыгармачыл чөйрөдөн алыстап, көрүнбөй кеткен эле. Маалыматтарга караганда, ал Таласта такси кызматында иштеп, жалгыз жашап жүргөн. Өзгөчө мукам үндүү ырчы 58 жашында боордун циррозунан улам каза тапты.

«ОРУНБАСАР АЙЫЛДАГЫ ЭСКИ ТАМДА ЖАЛГЫЗ ЖАШАП ЖҮРГӨН»

Кубатбек Изабаев, ырчынын аталаш агасы:

– Орунбасар боордун циррозу менен ооруду. Бир ай мурун «дарыланам» деп Бишкекке кеткен. Ошол жакта карындашынын үйүндө каза болуптур. Сөөгүн Бишкектен алып келип, жерге бердик.

Ал жакшы адам болчу. Таланты тууралуу өзүңөр жакшы билесиңер, өлкөгө таанымал ырчы болду. Көп эле ыр жаратты. Бирок каражаты жетпей чыга албай жүрдү. Бир ирет «ырларымды бул жактан эч ким албай жатат. Москвага чакырып жатышат, ошол жакка кетем» деген эле. Анысы эмне болду, билбейм. Такси кызматын көрсөтүп акча таап жүрдү. Эки жыл мурун жол кырсыгына кабылып, буту сынып, бир жылдай үйдө жатып калды. Андан кийин боору ооруп операция жасатканын билем. Операциядан кийин жакшы болуп калган. Бир ай мурун кайрадан ооруп калды.

Ал эки жолу үйлөнүп, эки жолу тең ажырашып кеткен. Көк-Кашаттагы эски үйүндө жалгыз жашачу. Бирок бир туугандары бат-баттан каттап турушчу. 5-класстагы уулу Орунбасар ооруп жатканда жанында жүрүптүр, жаназасына да келди. Уулу каникулда атасына келип, айылда жүрүп кетчү.

Минтип таланттуу инибизден айрылып калдык. Жаткан жери жайлуу болсун!

«АЛ ӨЗГӨЧӨ ТАЛАНТ БОЛЧУ»

Замир Казакбаев, ди-джей:

– Орунбасар Кызалаковду 2004- 2005-жылдардан бери тааныйм. Бул киши эстрадага чоң жаңылык киргизген. Алгач «Таласым таңшыйт» ыры менен чыккан. Үнүнүн тембри, оригиналдуулугу менен көп угармандардын жүрөгүнөн орун алды. Экөөбүз радиодон таанышып, мамилебиз жакшы болуп кеткен. Ошол жылдары жакшы аракет кылды. Орунбасардын сахнага чыгышы эле өзгөчө болчу. Үнү, манерасы, сахнада өзүн алып жүрүүсү менен өзгөчө аткаруучу эле. Ырдап жатканда башка дүйнөгө кирип кеткендей берилип алчу. 2-3 чыгарма жаратты. Андан кийин чыкпай калды. Аны колдогон эч ким болгон жок. Өзүнүн мүнөзү да оор эле. Адамдар менен тил табышып кетиши кыйын болчу. Бирок экөөбүз жакшы сүйлөшчүбүз. Ал үйгө келип чай ичип, кыялдарын, пландарын айтып калчу. Ал кыргыз музыкасын, оркестрдин коштоосунда аткарылган кыргыз ырларын дүйнөгө тааныткысы келчү. Ошентип жүрүп жок болуп кетти. Бир күнү теңтуштарым менен чай ичип отуруп эле эмнегедир Орунбасарды эстеп, YouTube'дан таап, ырын койдум. Жанымдагылар ишкерлер эле, аларга үнү жагып, демөөрчүлүк кылууга даяр экенин айтышты. Анан Орунбасарды издеп таап, эптеп көндүрүп Бишкекке чакырдым. Демөөрчү болобуз деген ишкерлерге гитара менен ырдап берди эле тиги кишилерге аябай жагып, иштешүүгө макул болушту. Даярданып келүү үчүн бир жумага Таласка кетти. Ал ортодо бир топ кыялын көрсөттү. Анын баарына чыдап, «кой, бул чоң мүмкүнчүлүк. Көп ырчылар демөөрчү таппай жүрүшөт. Сенин үстүңдөн түшүп жатышпайбы» деп кичине баланы алдагандай алдап жатып чакырдым. Бизде ал адамдан бир нерсе үмүт этип, артынан пайда табалы деген ниет жок болчу. Көпкө ойлонуп-толгонуп жатып келди. Бардык шарты бар батирди ижарага алып, кийим-кечегине чейин даярдап бердик. Бир жумадан кийин «Таласка кетишим керек, силер менен иштешким келбей калды» деп калды. Кыязы, жанында жүргөндөр айнытып коюшкан окшойт.

Орунбасардын ырчылыгына байланыштуу чоң максаттарды койгонбуз. Дүйнөлүк деңгээлге чыгарабыз, эл аралык фестивалдарга катыштырабыз деген пландар бар эле. Канчалык аракет кылсак дагы болбой ал биз менен иштешүүгө көнбөй кетип калды. Ошондон кийин сүйлөшкөн жокмун. Бир ирет телефон чалса, мен жооп бере албай калгам. Ошондо жооп берип койсом болмок деп өкүнүп калдым. Анын каза болгонун угуп жаман болдум. Балким, ошондо биз менен иштеп калганда жакшы дарыланып, өлбөй калат беле деген да ой келди. Арты кайырлуу болсун!

Орунбасар Кызалаковдун мезгилсиз дүйнө салганына байланыштуу «Супер-Инфо» гезитинин жамааты жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
voennyi88
2020-01-13 09:48:52
Каныкей унду ушул агайдан алыптырда.
+1
katerina.li
2020-01-13 14:25:42
voennyi88,унду бироодон бироо алгандай буюм беле?? Ар кимиси озунчо талант. Болгону бироонун жолу ачык,биронуку татаал болот
+2
jon.as
2020-01-13 10:53:31
Ыйманы саламат болсун!
+1
vikidiki
2020-01-13 12:05:39
Чындыгында озгочо ундун ээси эле, каап ,жаткан Жени жайлуу болсун! Ушундай турмушта жашап калганы окундурот.
+1
mikana
2020-01-21 13:06:14
Кабырдын азабынан, тозоктун отунан сактап жаннаттан жай берсин Аллахым. Аминь Аминь Аминь
0
altyw555
2020-01-24 08:57:45
Таласым ташыйтты мен ушул убака чейин угуп келем.Ыйманы саламат болсун!
0
№ 897, 9-15-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан