ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ “ЖЭЭНБЕКОВ БИЙЛИКТИ УЗУРПАЦИЯЛАДЫ” ДЕГЕНИ ҮЧҮН ТҮРМӨГӨ КАЙТАБЫ?

“Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын элге таанылган, эл ишенимине ээ болгон, көзгө көрүнгөн эки лидери бар эле. Алар: партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов болчу. Шыкмаматовду Жаңы жылдын алдында политтехнологиялык ыкма менен фракциянын лидерлигинен гана эмес, партиядан дагы кетиришти. Ошого удаа эле “Текебаев менен Чотоновду актабай, кайра соттоп жибергени жатышабы?” деген талкуулар күч алды. Мындай шыбыштардын тарашына жакында Текебаевдин Сооронбай Жээнбековдун дарегине карата “бийликти узурпациялап алды” дегени да таасир этип жатабы деген суроо жаралат. Эгер Текебаев соттолуп калса, ал парламенттик шайлоого катыша албайт. Демек, бийликтин политтехнологдорунун мындай планы ишке ашса, “Ата Мекен” партиясы баш-көзү жок, башкача айтканда, жетекчиси жок калат да, шайлоого бара албай калып, анын электоратын бийликчил партиялар бөлүп алат деген жоромол болуп жатат.

Окуянын мындай өңүттө өнүгүшүнүн ыктымалдуулугун Өмүрбек Текебаев да билет, сыягы. Ал партиянын курултайын шашылыш мартка чакырганы белгилүү болду. Анын маалымат булактарына берген маектерине караганда, марттагы курултайдын үч максаты бар: Биринчиси – Атамбаевдин саясий режиминин жыйынтыгын чыгарып, саясий баа берүү. Экинчиси – Апрель революциясынын он жылдык жыйынтыгын чыгарып, баа берүү. Ал эми үчүнчүсү – партияны ичинен реформалап, бир четинен жаңылануу процессин жүргүзүү, экинчи жагынан оппозициялык кырдаалда иштөөгө партияны даярдоо. Белгилүү болгондой, “Ата Мекен” партиясында 20 жылдан ашуун оппозициялык тажрыйба бар. Бардык региондордо ар кандай кыйын кырдаалдардан, сыноолордон өткөн жүздөгөн мүчөлөрү бар. Эгер партия шайлоого катыша албай калса да, алар саясаттан четте калышпайт. Буга 2007-жылкы парламенттик шайлоо далил...

Динар Турдугулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 897, 9-15-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан