Учурда камакта отурган саясатчы Садыр Жапаров 2020-жылдын февралында жатак абагына которулат деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди. Айта кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө февраль айында Жапаров жатак абагына которулары маалымдалган документтин сүрөтү тараган эле. "Барымтага алуу" беренеси боюнча айыпталган Жапаровдун жаза өтөө мөөнөтү 2017-жылдын 25-мартында башталган. Жаза өтөө мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктайт. Мындай айып анын мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна же жатак абагына которулушуна жол бербейт",- деп билдирди ЖАМК.
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан, өзү чет өлкөдөн кайтып келе жатканда кармалып, камакка алынган. Ал учурда Садыр Жапаровду миңдеген тарапташтары жолугуу үчүн күтүп турушкан. УКМК жолугууга жол бербей, чек ара күзөт бекетинен кармап кеткен.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Быйыл 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.