"КУМТӨР" КЕНИНДЕ АЙРЫМ ИШТЕР 1 АЙДАН БЕРИ ТОКТОП ТУРАТ

"Кумтөр" алтын кениндеги айрым иштер 2019-жылдын 2-декабрынан бери токтоп турат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз катчысы Марина Гаврилова билдирип, буларга токтолду.

"Кумтөр" кениндеги өзгөчө кырдаалга жана тоо-кен казуу, жардыруу иштерине айрым уруксат кагаздарынын жоктугунан иштер убактылуу токтотулган. Тоо-кен казуунун жаңы иш планы бекитилип, уруксат берилгенден кийин жумуш кайра башталат. Кендеги башка кызматтар штаттык режимде иштеп жатышат",- дейт Гаврилова.

Мындан тышкары, ал кенде өзгөчө кырдаал боюнча буйрук 1-декабрда чыкканын, ошол эле көчкү жүргөн күнү 2 жумушчуну куткаруу-издөө иштери башталганын белгиледи.

1-декабрь күнү таңга маал "Кумтөр" кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар көчүп түшкөн. Андан кийин ал жердеги 2 кызматкер дайынсыз болуп, аларды издөө иштери башталган. Эртеси дайынсыз болуп жаткандар "Кумтөр" кениндеги бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси экендиги айтылган. Алар бүгүнкү күнгө чейин табыла элек.

 

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 897, 9-15-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан