3-январь, Багдад аэропорту... Ирандын аскердик лидери Касем Сулеймани АКШнын ракеталык чабуулунан каза тапты. Буга АКШнын президенти Дональд Трамп “дүйнөдөгү номер биринчи террорист өлтүрүлдү” деп баа берди. Ал эми Иран тарап окуяны “эл аралык теракт” деп атап, Сулейманинин өлүмү үчүн АКШдан өч алуу болорун жарыялады.
ТРАМП: “БАШКЫ ТЕРРОРЧУ ЖОК КЫЛЫНДЫ”
3-январь түнү Иран армиясынын “спецназын” башкарган таасирдүү генерал Касем Сулеймани Ирактын башкы аэропортунун аймагынан өлтүрүлдү. АКШ армиясынын абадан урган соккусу генералдын, аны коштоп бараткан 10 адамдын өмүрүн кыйды. Окуядан кийин АКШ президенти Дональд Трамп билдирүү жасап, “терроризмдин башчысы жок кылынды” деди. “Террор башчысынын күнү бүттү. АКШ аскерлери абдан таамай сокку уруп дүйнөдөгү номер биринчи террористти өлтүрдү. Ал америкалык дипломаттарга жана аскерлерге карата коркунучтуу кол салууну даярдап жаткан, биз анын алдын алдык”,- дейт Трамп. Эске салсак, 2019-жылдын 31-декабрында Багдаддагы АКШ элчилигине демонстранттар кол салышкан. АКШ бул чабуулду уюштургандардын бири Сулеймани деген пикирде. Бул окуядан кийин АКШ Ирактагы жарандарын тез арада өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.
ИРАН: “ӨЧ АЛУУ ӨТӨ КАТУУ БОЛОТ”
Иран бийлиги Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүн “терроризмдин ачык үлгүсү” деп атап, АКШдан өч алууну убадалады. Окуядан кийин Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи АКШдан өч алуу катуу болорун эскертти. Ирандын президенти Хасан Рухани болсо “Иран жана ага тилектеш өлкөлөр АКШдан сөзсүз өч алат” деди. 5-январда Сулеймани менен коштошуу акциясында Ирандын аскердик аба күчтөрүнүн башчысы Амир Али Гаджизаде “Сулейманинин өлүмү үчүн өч алууга бир нече ракета атып базаны талкалоо, атүгүл Трампты өлтүрүү бизге жетишсиз” деп билдирди. Бул билдирүүлөргө АКШ дароо жооп кайтарды. Трамп эгерде Иран аймактагы АКШнын аскердик базаларына чабуул жасай турган болсо, анда Пентагон Ирандын 52 объектине сокку урууга даяр турганын айтты. “Сокку абдан тез жана кубаттуу болот” деди АКШ президенти. 5-январда Ирак парламенти чукул жыйынга чогулуп, өлкө аймагынан АКШнын аскердик күчтөрүн чыгаруу чечимин колдоп добуш берди. Трамп бул чечиминен баш тартпаса Иракты катаал санкциялар күтөт деп коркутту. Германия, Франция, Орусия өңдүү ири державалар АКШны да, Иранды да кескин аракеттерге барбоого чакырууда.
АКШнын 2 БАЗАСЫНА ЧАБУУЛ КОЮЛДУ
Трамптын “52 объектке сокку урабыз” деген коркутуусуна карабай Иран 8-январга караган түнү АКШнын Ирактагы аскердик жайларына ракеталык чабуул жасады. Муну "согуш баштоо эмес, коргонуу" деп атады Иран бийлиги. Чет элдик ЖМКларда соккудан 80дей адам каза тапты деп айтылып жатат. Бирок расмий ырастала элек. Бул чабуулга жооп кайтаруу боюнча президент Трамп варианттарды карап жатканын АКШдагы басылмалар жазып чыгышты. Иран АКШдан Жакынкы Чыгыш аймагындагы аскердик күчтөрүн тез арада чыгарып кетүүнү талап кылууда. Белгилей кетсек, АКШ-Иран алакасы көп жылдардан бери жакшы эмес.
2019-жылы жайында Ирандын куралдуу күчтөрү “чек араны бузду” деп АКШнын чалгындоо аппаратын атып түшүргөн. Мындан кийин президент Трамп Ирандын 3 аймагына сокку урууга буйрук берип, чабуулга 10 мүнөт калганда кайра токтотуп калганын айтып чыккан. Анда президент “генералдардын биринен эгер сокку урулса 150дөй киши каза болорун угуп, токтотуп калдым. Мен шашпайм. Биздин армия азырынча дүйнөдөгү эң күчтүү армия” деген эле. Дүйнөлүк коомчулук учурдагы АКШ-Иран тирешинин арты массалык мүнөздөгү жаңжалга, кан төгүүлөргө айланып кетиши мүмкүн деп коңгуроо кагышууда. Эки өлкөнүн алгачкы агрессивдүү кайым айтышуулары, Ирандын жооп катары ракеталык сокку узата баштаганы дүйнө элин чочулатууда.
ИРАН “ӨЗӨКТҮК КЕЛИШИМДЕН” ЧЫКТЫ
Ирандын колундагы көзүр – өзөктүк курал программасы. Сулейманинин өлүмү акыркы түрткү болду, Иран 6-январда өзөктүк курал боюнча келишимден биротоло чыкканын жарыялады. Келишимге 2015-жылы Орусия, Германия, Улуу Британия, Франция, АКШ, Иран жана Кытай тарабынан кол коюлган. Документтин маңызы – Иранга карата санкцияларды жоюу, Ирандын өзөктүк курал программасына чектөөлөрдү киргизип, аны Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик аркылуу көзөмөлдөө болчу. 2018-жылы президент Дональд Трамп “АКШ бул келишимден чыкты, Иранга каршы санкциялар жанданды” деп жарыяласа, буга жооп кылып Иран 2019-жылы келишимдин 2 пунктун аткаруудан баш тарткан эле. Бүгүн расмий Тегеран өлкөдөн санкциялар алынса гана келишим шарттарын аткара турганын билдирүүдө. Эксперттер Иран эми өзөктүк курал жасоону тездетиши мүмкүн деп жатышат. Иран бул жоромолду четке кагып, өлкөдө өзөктүк курал өндүрүү планы жок экенин билдирди. КАСЕМ СУЛЕЙМАНИ ДЕГЕН КИМ?
1957-жылы туулган Касем Сулеймани акыркы 22 жылда негизги миссиясы – чет жерде атайын операцияларды ишке ашыруу болгон Ислам революциясынын сакчылар корпусунун курамында “Кудс” аскердик бөлүгүн жетектеди. Бул Ирандын куралдуу күчтөрүнүн элиталык бөлүгү. Генерал Ирандагы эң таасирдүү адамдардын бири, мыкты аскерий стратег деп саналган. Ирандын жана анын союздаштарынын аскердик жеңиштеринин артында дал ушул Сулейманинин стратегиясы турат деп айтылат. Мисалы, ага Орусиянын Сириядагы операцияларынын “архитектору” деген мүнөздөмө таандык. Тагыраагы, Орусияны Сириядагы согушка кийлигишүүгө ушул адам көндүргөнү жөнүндө ЖМКларда көп эле жолу айтылып, жазылган. Эки кызы бар. Бири Зейнаб Сулеймани Тегеранда атасы менен коштошуу күнү “Акылсыз Трамп, атамдын өлүмү менен эле баары бүттү десең жаңылышасың! Алдыда силерди чоң азап, “кара күндөр” күтүп турат” деди.
МААЛЫМАТ ҮЧҮН:
Кыргыз Республикасы менен Иран саясий-экономикалык байланышта. 2016-жылы өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүүнүн суммасы 14 миллион долларды түздү деп айтылса, 2018-жылы бул сумма 27 миллион доллар деп көрсөтүлдү. 2019-жылдын 5 айында Кыргызстан Иранга 11,2 миллион долларлык товар экспорттогон. Негизинен эт экспорттойт.
Ал эми Кыргыз өлкөсү 2015-жылы АКШ менен кызматташуу макулдашуусунан бир тараптуу чыгып кеткен. Буга АКШнын Кыргыз соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго “Адам укугунун коргоочусу” сыйлыгын бергени себеп болгон. Эки өлкө кызматташуу тууралуу жаңы келишим түзөрү айтылып, азырынча ишке аша элек.
Эгерде Бишкектеги "Манас" аба майданынан АКШнын аскердик базасы 2014-жылы чыгарылбаса, Кыргызстан азыр бул конфликттин арасында калуусу ыктымал болчу. Бул жагынан алганда АКШнын аскердик базасын өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алуу менен ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев көрөгөчтүк кылгандай.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg