Жыл башында күйөөсү тарабынан сабалып каза болгон эки келиндин сөөгү жерге берилди. Каргашалуу окуялардын бири Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Жаңы-Жол айылында катталса, экинчиси Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында болгон. Коомчулук социалдык тармактарда "аялдарга карата зомбулукка жазаны күчөтүү керек" деген пикирлерин байма-бай жазышууда. Укук коргоо органдары эки окуя тең үй-бүлөлүк чырдан келип чыккан деген маалымат таратты. Биз окуянын чоо-жайын териштирип көрдүк.
«ШЕКТҮҮ 2 АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ»
Баткен ОИИББинин маалымат кызматы аялын сабап өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран 2 айга камакка алынганы тууралуу маалымат таратты.
– 2020-жылдын 4-январына караган түнү саат 01:00 чамасында Баткен ОИИББинин нөөмөт бөлүмүнө «Тез жардам» кызматкерлери Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 1993-жылы туулган келиндин жансыз денеси жеткирилгенин кабарлашкан. Ыкчам тергөө тобу облустук ооруканага барып, маркум Н.А. аттуу келин экенин аныктап, денесине кароо жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда маркумдун колу-бутунда күйүктөн улам этинин териси шылынган жаракат бар экенин аныкташкан.
Маалым болгондой, окуя 3-январь күнү саат 18:30да Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында катталган. Анда 1989-жылы туулган Ш.С. аттуу тургун менен 7 жылдан бери чогуу жашап келген аялынын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен келин каза болгон.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Кылмышка шектелип кармалган жаран алгачкы көрсөтмөсүндө аялы менен кер-мур айтыша кетип, сабап койгонун айткан. Шектүү 2 айга камакка алынды.
«КАРЫНДАШЫМДЫ ЭСИНЕ КЕЛТИРҮҮ ҮЧҮН КАЙНАК СУУ КУЮШУПТУР»
Маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн айылында жерге берилди. Анын бир тууган агасы окуя кандай болгонун айтып берди:
– Карындашым ошол күнү төркүндөп бизге келмек. Балдары менен түштө тамактанып отурганда күйөө бала «жүргүлө, силерди таенеңерге алып барам» дептир. Ошол күнү апама айтып, «келет бекен, билиңизчи?» деп телефон чалганбыз. Чалсак күйөө бала «жол тайгак экен, машинанын дөңгөлөгүн алмаштырыш керек эле. Ошол ишти бүтүрүп келейин, анан алып барам» деди. Телефондон ошентип айтканын өз кулагым менен уккам. Анан биздин айылга жөнөшүптүр. Жарым жолго жеткенде унааны токтотуп, бычак алып чыгыптыр. Бычак менен карындашымды коркутуп «союп салам, бутуңду кесип таштайм» деген сөздөрдү айтыптыр. Мунун баарын 6 жашка чыгып калган кызы айтып берди. «Эмнеге антип айтты? Апаң бир нерсе дедиби?» десем, «апам эч нерсе деген жок. Атам бизди да урушмак, ошого коркуп унчукпай отурдук» дейт кызы.
Айылдан чыгып тоолордун арасына, ээн жерге жеткенде карындашымды машинанын айнегине сүздүрүп уруптур. Ошол жерден карындашымдын мурдунан кан кетиптир. Кайра үйүнө алып барып, дагы сабаптыр. Ал арада Шухраттын (ред.: маркум келиндин күйөөсү) ата-энеси жана атасынын иниси үйгө келип калышкан экен. Алар «эмнеге урушуп жатасыңар?» дешсе «силер аралашпагыла!» деп тыйып коюптур. Ошонун баарын көрүп туруп алар да эч нерсе дебей чыгып кетишиптир.
Карындашым сулк жыгылганда аны жерге жаткырып, үстүнө төшөк жаап «бир жакка барып келишим керек» деп үйдөн чыгып кетиптир. Кайненеси менен кайнатасы кирип, аны эсине келтириш үчүн үстүнө кайнак суу куюп жиберишиптир. Карындашымдын буттары күйүп, эбак жаны үзүлүп кеткен экен. Кайненеси кофе ичиргенге аракет кылыптыр. «Доктур келип апамды «өлүп калыптыр» деп ыйлады» деп айтып берди кызы.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында карындашым башынан катуу жаракат алганы, 3-4 кабыргасы сынганы аныкталды. Азыр кызы биздин үйдө, уулдары атасынын туугандарында калды. Негизи күйөө баланын бир аз орой мүнөзү бар эле. Карындашыма ала качып үйлөнгөн. Буга чейин да карындашымды 1-2 жолу сабаптыр. Ал аз келгенсип кайнатасы да сөккөн экен.
«КҮЙӨӨСҮ МУРДА КАМАЛЫП ЧЫККАН»
Маркум келиндин атын атагысы келбеген кошунасы буларды айтып эскерди:
– Маркум кыйынчылыкка, жокчулукка чыдаган аябай сабырдуу келин болчу. Балдары удаа төрөлдү, аралыгы бир жаштан. Бейиши болгур, бирөөнү ушактабаган, жөнөкөй, ичинде кири жок келин эле. Адам менен мамилеге бекем болчу. Маал-маалы менен балдарын кайненесине калтырып, Орусияга барып иштеп келип турчу. Күйөөсү экөө чогуу кетип иштеп келишчү, үй салып, дубалын тургузуп коюшкан.
Эми үй-бүлөдө казан-аяк кагышпай койбойт да, кыйкырык-өкүрүктөрдү угуп калчубуз. Бирок келин эч кимге арызданбай, балдары үчүн жашап жүргөн. Билишимче, күйөөсү мурун зордуктоого шектелип камалып чыккан. Келиндин милицияга арыз жазуу оюна да келбеген жөнөкөй адам эле. Балдарына жаман болду, 2-4 жаштагы чүрпөлөр да. Шухраттын апасы аябай жакшы адам. 3 ай мурун эң кичүү уулунан айрылган эле. Бул окуя үй-бүлөсүнө оор сокку болду.
«КАРАКУШ МЭЭГЕ ТЭЭП ЖИБЕРГЕМ»
Ушундай эле каргашалуу окуя Кочкор районуна караштуу Жаңы-Жол айылында 1-январга караган түнү катталды. Нарын ОИИББинин маалымат кызматы окуя тууралуу төмөндөгүчө маалымат таратты.
– 2020-жылдын 1-январга караган түнү, саат 00:40 чамасында Кочкор РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кочкор районунун "Тез жардам" бөлүмүнүн фельдшеринен кабар келип түшкөн. Анда ал «Жаңы-Жол айылынын тургуну 1983-жылы туулган Ж.С. аттуу келинди үйүнө көрөлү деп барганыбызда келин каза болуп калыптыр» деп айткан. Бул факты Кочкор РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Окуя болгон жерге барышкан ыкчам тергөө тобу 37 жаштагы келин үйүнүн уктоочу бөлмөсүндөгү диванда чалкасынан жаткан абалда көрүшкөн. Жансыз дененин сыртынан кароо жүргүзгөндө оң көзү, чыкый тарабы көгөргөндүгү байкалган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө маркум жолдошу менен акча тууралуу пикир келишпестиктен улам уруша кетишкени белгилүү болду. Күйөөсү аялын эки жолу жаак тушка муштум менен чаап, андан соң каракуш мээге тээп жибергенин айтып берди. Маркумдун сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. Учурда келиндин күйөөсү камакта. Тергөө жүрүп жатат.
Бул окуя боюнча үй-бүлөнүн айылдаштарына байланышканыбызда, аты-жөнүн атагысы келбеген маркумдун айылдашы төмөндөгүлөрдү айтып берди:
– Маркум 1983-жылы туулган. Жолдошу андан бир жаш улуу. Келиндин мурунку никесинен 1 уул, 1 кызы бар болчу. Азыркы жолдошу экөөнүн уул-кызы бар. Кырсык болордон 2-3 ай мурун маркумдун жолдошу кант диабетине кабылганын билип, намаз окуп жүргөнүн укканбыз. Жаңы жылга жакын спирт ичимдигин ичип алган экен.
1-январь түнү маркум менен жолдошунун ортосунда жетпеген турмуш, акчанын тартыштыгынын айынан уруш чыгыптыр. Ошондо жолдошу мастыгы менен моюнуна аркан илип, жубайын "өлөм" деп коркутуптур. Келин жолдошунун асынып алышына жол бербептир. Күйөөсү кызуу кандуулук менен "өлгөнгө мүмкүнчүлүк бербейсиң" деп аялын үбөлүк менен башка чапкан экен. Келин ошол эле жерден мерт кеткенин дарыгерлер аныкташкан. Күйөөсү каза болуп калган аялынын кан болгон кийимдерин чечип, келинди жуунтуп, кошуналарын чакырган. Милиция кызматкерлери келгенде үйдөн арак жана келиндин кан болгон кийимдери табылган. Ал эми балдары ошол маалда келиндин төркүнүндө болгон. Ага чейин келин күйөөсү арак ичип алганына нааразы болуп, балдарын ээрчитип төркүнүнө кетип калыптыр. Бирок ошол каргаша болгон түнү жолдошу "чогуу конокко барып келели" деп келинди чакырып алыптыр. Келин таттуу токочторду жасоочу жайда иштечү. Ал эми жолдошу ар кимдин жумушун жасап берип жүргөн, иштерман эле жигит болчу.
Каза болгон келиндер буга чейин да күйөөлөрүнөн зомбулук көрүп келишкени менен, бир да жолу укук коргоо органдарына арыз жазып кайрылышкан эмес. Көп учурда кыз-келиндер «эл укса уят» деген стереотиптин айынан өз укуктарын коргобой, зомбулуктун курмандыгына айланып жатышканы өкүнүчтүү. Адам өмүрү элдин кебинен артык экенин унутпасак.
Айпери Хожаева
koom@super.kg