Колу-бутубузду кокустатып
алсак, белибиз, же өпкөбүз ооруса врачтарга кайрылабыз. Алар так диагноз коюу үчүн рентгенге түшүүгө жиберишет. Рентген нуру медицинада колдонула баштагандан тартып врач-рентгенолог кесиби пайда болгон. Бүгүнкү каарманыбыз Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын нур менен дартты аныктоо жана нур менен дарылоо кафедрасынын доценти Акен Исраилов рентгенолог кесибинин күнгөй-тескейи тууралуу айтып берет.
«РЕНТГЕНДИК РАДИАЦИЯГА КАРАГАНДА ТАБИГЫЙ РАДИАЦИЯНЫН ӨЛЧӨМҮ ЖОГОРУ»
Негизи организм тарабынан радиациялык нурлануунун жутулган дозасы зиверт менен өлчөнөт. Рентгенге түшкөндө организм орточо эсеп менен 0,29 миллизиверт, ал эми учакта 1 саат учканда 0,1 миллизиверт жутат. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан табигый радиациянын өлчөмү 1 жылга 1,52-3 миллизивертти түзөт. Ошондо рентгендик радиацияга караганда табигый радиациянын дозасы жогору болуп жатпайбы.
Адамдын сынган жерин рентгенге 3 ирет тартышат. Диагноз үчүн, гипстегенден кийин сыныктын учу жылып кеткендигин же жылбагандыгын билиш үчүн, анан гипс алынгандан кийин сөөктүн туура бүткөндүгүн билиш үчүн. Кургак учук менен жабыркагандарды 1 жылда 4 иретке чейин тартышат. Мынча жолу тартылганда деле организмге нурлануудан зыян келе бербейт.
РЕНТГЕНГЕ СӨЙКӨ, ШАКЕК, ЧЫНЖЫРЧАНЫ ЧЕЧПЕЙ ТҮШҮҮГӨ БОЛОБУ?
Өпкөнү, ички органдарды, омурткаларды тартууда майканы, кийимдерди чечүү кажет. Анткени сыдырма, топчу сүрөткө кошо чыгып, врач так диагноз коё албай калат. Майкада синтетикалык жиптер бар болсо алар жол-жол болуп түшөт.
Денесинде, мисалы, бутунда металл протези, жүрөгүндө кардиостимулятору (жүрөктү иштетүүчү шайман) барлар рентгенге, компьютердик томографияга түшө берсе болот. Ал эми магниттик-резонанстык томографияга түшкөнгө болбойт. Анткени аппараттагы электрдик магнит протезди, кардиостимуляторду тарткандыктан алардын бошоп, бузулуп калуу коркунучу бар.
Коомдук тамактануучу жайлардагы ашпоздор, мугалимдер, учактын жана поезддин коштоочулары рентгенге 1 жылда 2 ирет түшүшү керек. Анткени алар эл менен тыгыз иштешет. Профилактика үчүн ар адам жыл сайын флюорографиядан өпкөсүн тарттырып коюусу зарыл.
Кызыгы, рентген нурунун аз дозасы айрым дартты, жараатты бат айыктырат. Мисалы, тизеде же таманда сөөк өссө, нурга кармап койсо өскөнү токтоп калат.
1 КИЛОГРАММ ТАШ ЖУТКАН 5 ЖАШАР БАЛА
Рентген тартып жүрүп колу-бутунун манжаларынын учундагы муун сөөктөрү жок, оорунун айынан эрип кеткендерди көрдүм. Көрсө, псориаз, кант диабети, лепра оорусу өтүшүп кеткенде ошондой жыйынтыкка жеткирет экен. Мисалы, Аксы районунун 40 жаштагы бир тургуну кант диабети дарты менен ошондой абалда келген.
Кээде оорусу курч кармагандарды, оор абалда келгендерди операция үчүн шашылыш түрдө тартуу керек болуп калат. Бир жолу Бишкекке жакын айылдан 5 жаштагы баланы алып келишти. Рентгенге тартсак, ашказанында 1 килограммдай таш жүрөт, оордуктан ашказаны чоюлуп жамбашына жетип калыптыр. Көрсө, баланын атасы үйүнүн алдына шагыл түшүрүптүр да, бала көзүнө жакшы көрүнгөн таштарды жута бериптир.
Бир ирет баңгизат ташып баратып колго түшкөндө ичине баңгизат салынган чакан баштыкчаларды жутуп жиберген адамды алып келишкен. Рентгенден баштыкчалар дапдаана көрүнгөн.
«КОЛ КАП, АЛЖАПКЫЧТАР КОРГОШУН ПЛАСТИНАСЫ МЕНЕН КАПТАЛАТ»
Рентгенологдун жекече коргоо каражаттары болуп кол кап, алжапкыч, юбка, көз айнек эсептелет. Аталган каражаттар нурданууну өткөрбөй кармап калуучу коргошундун ийкемдүү пластинасы менен капталат. Мисалы, алжапкыч менен юбкада анын калыңдыгы 0,3 миллиметр, кол кап менен жеңчеде 0,25 миллиметр, жыныстык мүчөлөрдү жабуучу алжапкычта (гонадный фартук) 0,5 миллиметр болот. Колкап кийгенде колго коргошун терс таасир этпеши үчүн ичинен пахтадан жасалган жука колкап кийүү керектелет.
Рентгенге тартылганы келгендердин ден соолугуна да кам көрөбүз. Мисалы, жамбаш сөөктөрүн тартсак жыныстык мүчөлөрү нурланууга кабылбашы үчүн алжапкыч тагабыз.
Рентгендик кабинеттин эшик, терезе, тосмосу (ширма) калыңдыгы 0,5-15 миллиметр боло турган коргошун пластиналары менен капталат. Же ошондой чыгарылган даярлары коюлат. Кабинет оңдоп-түзөөдөн өткөн сайын пластиналар жаңыртылат. Шаардык санэпидемстанциянын радиациялык гигиена бөлүмү бар. Ал жактан 1 жылда бир келип рентген аппараттардын нурланууну канча өлчөмдө бөлүп чыгарып жатканын, рентген кабинеттин эшигинин сыртында күтүп тургандар, терезе туштан өтүп бара жаткандар нурланууга кабылып жаткан жокпу деп текшерет. Нурлануу рентген аппаратынын трубкасынан чыга тургандыктан трубка терезе жана эшик тарапты карабашы зарыл.
Ошол радиациялык гигиена бөлүмү тарабынан рентгенологдорго жекече колдонууга кабинеттеги радиациянын өлчөмүн өлчөөчү аппарат – дозиметр берилип, кайра убагы менен чогултулуп алынып, текшерилип турулушу, ошого жараша чара көрүлүшү керек эле. Бирок дозиметрдин кымбаттыгынан алар аз сатылып алынат да, бардык рентгенологдорго жетпей калат. Мындай абалга быйыл 10 жыл болду. Санариптик рентгендик аппарат менен иштегендер радиацияга өтө аз өлчөмдө кабылат. Негизи эле рентгенолог же рентген кабинетте лаборант болуп иштегендер рак болуптур, боюнан түшүптүр, ара төрөптүр, же тукумсуз болуп калыптыр дегенди уга элекмин. Мүмкүн, билгизбей таасир этип жатат.
Пенсияга аялдар 48, эркектер 55 жаштан чыгабыз. 6 күн толук иштегендер күнүгө 5 сааттан иштешет. Мурун иштин зыяндуулугу үчүн сүт беришсе, азыр шире беришет.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg