Жыл жаңырар алдында бул ырчы айымды жагымдуу жаңылык кубанычка бөлөдү. Сыйлык акыры өз ээсин тапты. 26 жылдан бери маданият айдыңында талыкпай эмгектенип келаткан Кенже Дүйшеевага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды. “Эмгек бааланат турбайбы” деп кубанып турган ырчыны маекке тарттык.
– Кенже эже, саламатсызбы? Жаңы жылды кандай өзгөчөлүк менен тосуп алдыңыз? Жаңы жылдык ырым-жырымдарды колдоносузбу?
– Cаламатчылык! Жаңы жылды Алматы шаарында тосуп алдык. Сонун маанайда, жакындардын курчоосунда тостум. Өзгөчөлүгү, бир туугандарым Алматыда болушкандыктан чоң үй-бүлө болуп майрамды белгиледик. Ырым-жырымдарды колдонбойм. Эң негизгиси кубанычта жүрдүм.
– Өтүп кеткен жыл сиз үчүн кандай болду? Пландарыңыз орундалдыбы?
– Ар бир чыгармачыл инсандар өткөн жылга саресеп салат болуш керек. Мен үчүн жаман жыл болгон жок. Сыртта байкалбаганы менен, ички чөйрөбүздө, жакындарыбыздын арасында кубанычтуу күндөр арбын болду. Чыгармачылыктан сырткары баса белгилегенде, үй-бүлөгө арналган жыл болду. Жыл керемет кубаныч менен аяктады.
– Чындыгында жагымдуу сюрприз менен кубантты окшойт. Сыйлыгыңыз кут болсун! Жаңылыкты укканда кандай сезимдер болду?
– Күтүүсүз кубаныч адамды бакытка бөлөйт эмеспи. Оюмдун баары Жаңы жылда болуп Алматыга сапар тартып жатканбыз. Эртең менен Эркин Рыскулбеков (ред.: телеалпаруучу) чалып куттуктап калды. Чынында ишене алган жокмун. Бир топко ордумдан жылбай туруп калдым. 1 сааттан соң телефонума тынбай чалуулар келип, социалдык тармактагы өздүк баракчамда куттуктоолор жайнай баштады. Эң кызыгы, менден өткөн элдин кубанычын сөз менен жеткире албайм. Маданиятка эмгеги сиңген ага-эжелеримдин куттуктоолору кубанычка бөлөп салды. “Демек, мен татыктуу экенмин” дедим. Бир заматта чыгармачылык жолум кино сымал көз алдымдан өттү. Ак кызматым, адал эмгегим, бут тосууларга моюн бербегеним ушул күндөргө алып келди. Эмгек сөзсүз бааланарына ишендим.
– Эл арасында “наамдар таатыктууларга берилбей жатат” деген нааразы пикирлер көп. Сиз сыяктуу маданиятка эмгегин эбак сиңиргендер наамга татыбай, сахнага келгенине 2-3 жыл болгон ырчылар алып жатканына кандай баа бересиз?
– Бир жылдары ушундай нааразычылыктар, ой-пикирлер күч алган. "Калк айтса – калп айтпайт" дегендей, көптүн арасында мен дагы өкүнүч менен кабылдагам. Кыргыз маданиятына зор салымын кошкон улуу инсандарга наам берилбей, чар-жайыттык өкүм сүргөн учур болгон. Акыркы жылдары дыкат талдоо менен татыктуулар сыйлык алып жатышат. Маданиятка аздыр-көптүр көңүл бөлүнүүдө. Ал үчүн президентибизге да ыраазычылык айтышыбыз керек. Коомдогу ой-пикирлер өзгөрүлүп элибиз дагы бул нерсени кубануу менен кабылдап жатышат. Мындан улам бардык чыгармачылык инсандарда “эмгек бааланат турбайбы” деген ишеним күч алды деп ойлойм. Алардын арасында мен дагы бар элем. “Демек бир күнү эмгек бааланат экен” деп жүргөм.
– Наам алышкандар “мамлекеттик наам бизге стимул берет” дешет. Сизгечи?
– Чындыгында эмгек бааланып турса, чыгармачылыкта эргүү пайда болот. Башкалардан айырмаланып чыгармачыл инсандардын жүрөгү назик болот эмеспи. Мага да эргүү берет деп чын дилден ишенип турам.
– Кенже эже, акыркы убакта чыгармачылыкта тыныгуу алгандайсыз. Бул эмнеге байланыштуу?
– Тыныгуу деп айта албайм. Өткөн жылы жакшылыктарда көп кызмат өтөдүм. Бош күнүм болгон жок. Чын-чынына келгенде “Жебе” тобунун жаңы курамын даярдоого да убактым жетпеди. Тыгыз графикте иштедим. Кудай буюрса, жаңы жылды “Жебе” тобунун жаңы курамын даярдоо менен баштайм деп турам.
– Сөз баккан, сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн адам экениңиз байкалат. Китеп көп окуйсузбу?
– Китепти бала кезимден бери көп окуйм, кызыгам. Өзгөчө тарыхый чыгармаларды жактырам. Акындардын мыкты ырларын чогултам. Айрыкча заманбап акындардын ырларын көп окуйм. Адамдар менен баарлашканда бат эле байкап коём. Китепти көп окуган адамдын жан дүйнөсү терең, кызыктуу, ой жүгүртүүсү да башкача болот. Айта турган оюн көп сөз айтпай бир маңыздуу сүйлөп жеткирип коёт. Бүгүнкү күндүн дагы бир кесели көп окубаганда деп ойлойм. Убакытты бекер коротушат, көп укташат. Максаттары жоктой сезилет. Биздин улуттук баалуулуктарыбыз, анын ичинде патриоттук идеологиябыз жетишсиз. Биз көбүрөөк окушубуз керек. Айыл жергесинен баштап балдардын жан дүйнөсүн китепке кызыктыруу кажет. Салт-санаабызды, адабий чыгармаларды нукура кыргыз тилинде окутуу керек дегенге мен дагы түйшөлөм.
– Саякаттоону адам жаратпайт, адамды саякаттоо жаратат деп айтылат. Бул ойго кошуласызбы?
– Саякаттоо мага аябай жагат. Айрыкча жаратылыш коюнунда. Убакыт өткөн сайын бардык жакта үй-бүлөң менен бирге эс алууну каалап калат экенсиң. Адам чарчаган убакта эс алса күчкө толот. Жаңы идеяларга кадам таштайт. Мындай учурлар менде көп эле болгон. Эң негизгиси адамдын жан дүйнөсү тынч болуусу зарыл. Эгер тынч болбосо эс алуу да жардам бере албайт. Идеяларга бай адам ар бир күндү саякатка, шаңга, майрамга айлантып салат эмеспи. Ушул сапаттан мен дагы куру эмесмин.
– Коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөргө кайдыгер карабайт болушуңуз керек. Кайсы жагдайларга зээниңиз кейийт?
– Балдардын жакындары тарабынан зордук-зомбулукка кабылып жатышканын өкүнүү менен кабыл алам. Ошол жаатта мыйзамдар катуу иштесе дейт элем. Ушундай боло берсе келечектен эмнени күтөбүз? Карыларга, наристелерге, жаш балдарга кылган зомбулукка карата мыйзам иштеп чыгып, "атууга кетиребиз" дешсе да макул болот элем.
– Келечекте сизди саясаттан көрүп калышыбыз мүмкүнбү? Эгер саясатка барып калсаңыз, өнүктүрүү программаңыздын негизин эмнелер түзмөк?
– Патриот жаштардын саясатка келишин чын дилимден колдоор элем. Жаштардын күчүн колдонуп, аксакалдар сырттан карап акыл айтып турчу убакка жеттик деп ойлойм. Бизде сөз көп, иш азыраак. Саясатта эски көз караш, мамлекетке караганда жеке кызыкчылык үстөмдүк кылып жатканы даана байкалып турат. Саясаттан дымагы күчтүү, өз пикири бар, коркпогон, жалыны бар, намыстуу, жүрөгү мекен, кыргыз деп соккон жаңы жүздөрдү көргүм келет. Мен эле эмес, жалпы элдин каалап турганы ушул болсо керек. Мени жакындан билген адамдар “эже, саясатка барбайсызбы” деп көп айтышат. Аны убакыт көрсөтөт. Мамлекетти дүйнөгө спорт жана маданият таанытат эмеспи. Маданиятта көп көйгөйлөр бар. Эгер саясатка барып калсам ошол көйгөйлөрдү чечүүдөн баштамакмын. Бирок саясатка барбай деле улуу, алгылыктуу иштерди жасаса болот.
– Маек соңунда сизге эркин микрофон. Окурмандарга каалоо-тилегиңиз.
– Кирип келген жылда мекенибиздин желеги көктө желбиреп турсун, мамлекетибизде тынчтык болсун! Чыгармачылык инсандар жакшы чыгармалар менен элибиздин жан дүйнөсүн жыргатып туралы!
– Тилегиңиз ишке ашсын! Маегиңиз үчүн рахмат.
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg