"Тамашоунун” “Универсал” командасынын оюнчусу Актилек Бекташев 4 ай мурун сүйүктүүсү Зыягүлгө баш кошкон. 5-январь күнү алар үлпөт тоюн өткөрүштү. Тойдогу өзгөчөлүктөр, келинчеги тууралуу маалыматты Актилек Бекташев өзү айтып берсин:
– Актилет, той кут болсун! Эл күзүндө үйлөнүү той берсе, сиздер кычыраган кышта элди чогултупсуздар...
– Ооба, дал ошол элдин тойлорун өткөрүп жүрүп, өзүбүздүн той кышка калып калды. Той сезонунда өзүм да, чыгармачыл чөйрөдөгү досторум да бошобой калды. Январь айында биз эс алабыз. Ошого карап тойдун датасын 5-январга белгилегенбиз.
– Тойдогу өзгөчөлүктөргө токтолсоңуз.
– Алгач белгилеп кетчү нерсе, алкоголдук ичимдиксиз, адал той бердик. Анткени келинчегим дин жолундагы адам. Мен да намаз окууга ниеттенип жүрөм.
Тойду өзгөчө кылыш үчүн “Лимон үлпөт тою” деп атадык. Келген ар бир коноктун алдына бирден лимон койдук. Келинчегимдин курбу кыздары сары көйнөк кийишти, колуктунун гүлү сары түстө болду. Менин дос балдарым сары “бабочка” галстук тагынышты. Залдын жасалгасы да сары болду жана 25 унаадан турган кортеж болду. Тойго 7 дубандан 900гө жакын конок күбө болду.
– Өкүл атаны чыгармачыл чөйрөдөн тандадыңызбы?
– Мен 2 өкүл ата, өкүл апа шайладым. Мирбек жана Алина аттуу айылдаштарымды коём деп мурунтан эле айтып жүрчүмүн. Экинчиси чыгармачыл чөйрөдөн ырчы Данияр Эрматов жубайы Айсалкын менен бизге өкүл ата-өкүл апа болушту.
– Күйөрмандарыңызга келинчегиңизди тааныштыра кетсеңиз...
– Келинчегимди Инстаграмдан таап алгам. 8 ай сүйлөшүп, 29-августта баш кошконбуз. Зыягүл 19 жашта, Алай районунун Гүлчө айылынан болот.
– Бактылуу болгула!