Салтанат Аширова: “ФИНАЛГА ЧЫККАНЫМДЫН ӨЗҮ ЖЕҢИШ”

Гезитибиздин өткөн сандарында ырчы Салтанат Ашированын Казакстандын “Хабар” телеканалынан көрсөтүлүп жаткан эл аралык “Топ жарган” вокалдык шоу-сынагына катышып, финалга чейин жеткендиги тууралуу жазганбыз. Аширова бул сынакка уюштуруучулардын атайын чакыруусу менен барып катышкан. Шоу-сынактын финалында ырчы Мирбек Атабековдун "Күндөр жаңырат" аталышындагы ырын кыргыз, казак тилинде гитара менен ырдаган. Бирок калыстардын чечими менен Аширова алдыңкы 3 орундун бирине илинбей калды. Ырчы бул тууралуу мындай дейт.

– Башка өлкөдөн барып финалга чыкканымдын өзү жеңиш. Мени казак эли жакшы колдоду. Ушул колдоо үчүн кубандым. Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Негизгиси, бул сынактан чоң тажрыйба, стимул алдым.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
katerina.li
2020-01-13 09:51:32
Азамат
-1
elmira.
2020-01-13 14:31:03
Уужас стилинди озгортчу
-1
Shef87
2020-01-13 23:52:14
Африканка го
+1
elmira.
2020-01-14 22:24:31
Талантым бар деп эле,маймылдай боло бербей
-1
№ 897, 9-15-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан