Үлгүсү – Лексус LS460. Баасы – 15 миң доллар. Чыгарылган жылы – 2010. Кыймылдаткычынын көлөмү – 4,6 сантиметр куб. Дал ушул унаа телеалпаруучу Максат Доврановдун кыялында көптөн бери жашап келген. Ал акыры кыялына жетип, унааны айдаганда өзүнө ыраазы болуп жатканын айтат:
– Мындай унааны көптөн бери кыялданып жүргөм. Өткөн жылы тармактык бизнесте иштеп, элдин жакшылыктарында кызмат кылып чогулткан акчама аталган унааны сатып алып, өзүмө жаңы жылдык белек кылдым. Өзүң кыялданган унааны айдап жүрсөң, өзүңө өзүң ыраазы болуп, өзүңдү жакшы көрөт экенсиң. Эми Бишкектен батир сатып алууну кыялданып жатам.