ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 13-ЯНВАРДАН 19-ЯНВАРГА ЧЕЙИН



КОЙ (21.03-20.04)

Апта спорт менен алектенүүгө, чет тилин үйрөнүүгө ылайыктуу. Келечек тууралуу пландарыңыз жан шеригиңизге жакпай калып, чатак чыгат. Бирөөлөр ортого түшүп, элдештирүүсү мүмкүн. Чет өлкөдө дарыланууну көздөгөндөр интернет аркылуу керектүү оорукана менен кабарлашат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Иш сапаргабы же башкабы, айтор, сапарга чыкпоо керек. Анткени ооруп калуу коркунучу бар. Аптада сотко доо-арыз менен кайрылсаңыз соттук териштирүү узакка созулуп кетет, андыктан ал планды артка жылдырыңыз. Үй-бүлө бюджети бир топ сумма менен толукталат. Жакын туугандар конокко келүүсү мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Көбүрөөк пайда тубуу үчүн керектүү адамдар, уюмдар менен тыгыз иштешүү кажет. Салык, насыя акча, камсыздандыруу жаатындагы иштерди бүтүрүү керек болот. Айрым бойдоктор интернет аркылуу таанышкан адамына жолугуп, бири-бирин жакындан таанууга аракеттенет. Алыстан келген таанышыңыздан белек аласыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Үйдөгүлөр өз милдеттерин толук аткарбай түйшүк сизге үйүлөт. Ата-эне, бир туугандар темасындагы маселе чырга жеткирүүсү мүмкүн. Ойдо жок жерден олжолуу болушуңуз же бир жакка барууга чакырык алууңуз мүмкүн. Апта негизинен тоого чыгып чана, лыжа тээп эс алууга, жаңы кулинардык рецепттерди өздөштүрүүгө ылайыктуу.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада сууктан улам тамакты оорутуп алуу же жөтөлгө кабылуу коркунучу бар. Ошол себептүү жылуу кийинүү, муздак ичпөө сунушталат. Жок жерден жалаага калбоо үчүн агрессивдүү адамдарга жолобоңуз. Жан шеригиңиз менен көптөн бери козголуп келе жаткан маселени талкуулап, бир чечимге келесиздер.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Көңүл ачууга же белек сатып алууга акча коротуудан өзүңүздү тыйыңыз. Бул көбүнчө майда баласы барларга, сүйүүгө кабылгандарга тийиштүү. Аптада келишим түзүү жеңил өтөт, соода жакшы жүрөт. Жан дүйнөңүз тең салмагынан чыгып кетпеши үчүн сынга маани бербеңиз, жиниңизди бирөөлөрдөн чыгарбаңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жооптуу маселени чечүүдө үйдөгүлөрдүн пикирин угуу керек. Болбосо туура эмес чечим чыгарып, анын артынан өкүнөсүз. Иште наалыгандар нервиңизге тиет, ашыкча сөз айтпаңыз. Кокустан жагымдуу жолугушууга кез келесиз. Балдар, үйдөгүлөр менен көбүрөөк болуп, аларга камкордук кылууну унутпаңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Репутацияңызды буза турган ушактарды териштирип, мындай иштердин артында ким турганын билгиңиз келет. Аптада үй, короо-сарайдын бузулган жерлерин оңдоо, отун-суу маселесин чечүү зарылчылыгы чыгат. Күтүлбөгөн жаңылык сизди бир жактарга шашылыш түрдө барып келүүгө аргасыз кылат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Көптөн бери катташпай калган туугандар менен байланышты жандандырууга киришесиз. Аптада акыркы жаңылыктар менен кабардар болуп туруңуз, сизге керектүүсү болот. Достор менен алыш-беришке так болбосоңуз ортодогу мамиле сууйт. Керектүү адамдын көңүл бөлүүсүнө татып, колдоо табасыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Аптада башка ишке өтүү керекпи деген ойго кептелесиз. Бул сиздин эмгектин туура бааланбай жатканынан же айлыктын аздыгынан болушу ыктымал. Айрымдарды интернеттен акча табуу жагы кызыктырып, жаңы нерселерди үйрөнөт. Маанилүү жолугушуу сизге пайда алып келет. Апта акырында бирөөлөр жардамга чакырат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жаңы тааныштардын айынан дүйнө таанымыңыз кеңейип баштайт. Адвокат менен сотторго күн түшпөө үчүн мыйзам нормаларын сактоо зарыл. Иштеги чогулушта көңүл чордонунда болуп, учурдагы маселени чечүү жолдорун сунуштаңыз, мунуңузду жетекчилик баалайт. Апта акырында жагымдуу адамдардын чөйрөсүндө болосуз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Ички мүмкүнчүлүктү ачуу, ден соолукту оңдоо үчүн йога же цигун гимнастикасы менен алектенүү сунушталат. Күтүлбөгөн кырдаал бир досуңуздун чыныгы жүзүн ачып, андан кол үзүүнү пландайсыз. Бирөөнүн таасирине кирип, керексиз чыгым тартып калууга жетпеңиз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 13-19-январга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 897, 9-15-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан