Өмүрбек Бабанов: «БАЛДАРЫМДЫ АЙЫЛГА ЖАКЫН КАРМАЙМ»

Бейне

“Бир эле учурда ийгиликтүү ишкер жана таанымал жаш саясатчы ким?” десе, көз алдыбызга Өмүрбек Бабанов элестей тургандыгы бышык. 40 жаштагы Өмүрбек мырза маек учурунда “мен оңой менен ачылып сүйлөбөйм, бирок сиздердин окурмандар үчүн өзүм тууралуу кенен айтууну туура көрдүм” деди. Ошентип, Өмүрбек Бабановдун көп нерсени жашырбай айтып берген маегине көңүлүңүздү бурабыз.

– Өмүрбек мырза, айылга барганда аксакалдар “кимдин баласы болосуң?” деп калышат эмес­пи, анын сыңары, сөз башында атаңыз тууралуу учкай айтып берсеңиз...
– Эң оболу Бабан чоң атамдын согушка кеткен учурунан баштайлы. 1941-жылы ал кандуу майданга аттанганда Жүзүм энебиз он жашар менин атам менен калып кетет. Эки-үч ай өткөндөн кийин Согушбек деген уулдуу болот. Согуш мезгилинде айылдын жакыр үй-бүлөлөрүн эсептеген атайын тизме болгон экен. Мына ошол тизмеге "эки кичинекей уулу бар, ачкадан өлүп калышы ыктымал" деп биздин үй-бүлөбүз да кирет. Ал эми чоң атам согушка кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, кайтпай калат. Эчкиси да жок энем оор турмушка чайналып калбаган, дайыма ак элечегин кийген жана салтты катуу кармаган адам болгон. Атам он жашынан апасына жардам берип жүрүп, турмушка аябай бышат.
– Апаңыз тууралуу уксак...
– Апамдын үй-бүлөсү Кавказдын Батуми шаарында өтө бай турган экен. 1941-жылы Сталиндин бийлиги аларды депортациялап жиберет. Алар жүрүп отуруп Кыргызстанга келип, атамдын үй-бүлөсүнө жакын отурукташып калышат. Ошентип, жанаша жайгашкан түрк-кыргыз кошуналар мамилелеш да болуп калат. Атамдын үйлөнөр курагы келгенде апам Анипаны ала качып кетиптир. Артынан ачууланган түрктөр кууп келгенде апамды алып түштүккө качып кетет. Үй-бүлөлүк түйшүк атама келгенде сүрөтчү, өтүкчү, шахтёр, айдоочу да болуп иштептир. Экөө арадан эки-үч ай өткөн соң ата-энелеринин ачуусу таркаганда кайра Таласка келишет. Ушул сурооңуз боюнча кошумчалай кете турган жагдай бар. Мени көбү таза кыргыз эмес дешет. Аларга “Манас бабабыз тажик кызы Каныкейге үйлөнгөн. Анын уулу Семетей кыргызбы же жокпу? Энеси татар кызы болгон Чыңгыз Айтматов менен Болот Миңжылкиевдерди ким кыргыз эмес дей алат?” деген суроону бергим келет. Менин оюмча, Кыргызстанга күйгөн адам гана кыргыз болуп эсептелет.
– Балалыктын издери, күлкүлө­рү кайсы жерде калды?
– Менин балалык кезим атам 20 жыл бою башкарма болуп иштеген Аманбаев айылында өткөн. Атам “Россия" миллионер-колхозунун төр­ага­сы кызматын аркалаган. СССР Жогорку Кеңешине депутат, бир нече ирет Кыргыз ССРинин депутаттыгына шайланып, Ленин ордени менен сыйланган.
Мен өтө тентек, бейбаш болчумун. Кичинекей учур дегенде өзгөчө тамекиде иштеген күндөр эске түшөт. Атка арабаны кошуп, ысык күндө талаада жүргөн учур... Эки гектарга эгилген тамекинин чайыры денеге жабышканын, жаман жытын эстесем, азыр да жүрөгүм зырылдайт. Анан атам машинасына салып, жанында алып жүргөн жылуу күндөр эсте калган.
– Алгачкы жолу тапкан акча­ңыз­ды эмнеге жумшагансыз?
– Атам мага ойной турган оюнчук же велосипед алып берген эмес. Бирок мен 7-класста тамекиде иштегениме 40 сом, кой кыркымда 20 сом, кырманда жүрүп 15 сом таап келдим. Баары биригип 75 сомду колума кармап алып, атамдан мопед сатып алганга уруксат сурадым. Ошондо биринчи жолу өзүм тапкан акчага буюм сатып алгам. Ал киши баарыбызга мээнет кылганды жана тамак табуунун жолдорун жакшы үйрөттү.
– Жалаң кыз бир туугандардын арасында жалгыз уул болуу оңой беле же оорбу?
– Мен беш кыздан кийин төрөл­гөм. Менден кийин бир карындашым бар. Мектепте балдар менен мушташа кеткенде ичимден агам болсо деп арман кылчумун. Бирок жашоо өз чындыгын көрсөтүп, азыр эжелерим бар экенине сыймыктанам. Бир эжем менен карындашым айылда туруп, дыйкан чарбасы менен алектенишет. Эки эжем Жамбылда жашап, өздөрүнүн жеке компаниялары бар. Дагы эки эжем Бишкекте, бирөөсүнүн дарыканалары болсо, экинчиси темир менен иштейт. Үйдө атамдын балдарды эркелетип отурганы эсимде жок. Апам болсо салтты бекем кармап, кыска көйнөк кийгенге, кыска чачка, тырмак өстүргөнгө жол берчү эмес. Мен дагы ата-энемдин тарбиясын карманып, балдарды айылга жакын кармайм. Азыр балам айылда ат минип, кой жайып, жумуш жасап жүрөт.
– Кимдир бирөө китеп окууга кызыкса, кээ бири оюн менен убактысын өткөрчү. Сиз эмне менен алектенер элеңиз?
– Ат багып, тайган иттерди үйрө­түүгө кызыкчумун. Бир жолу досум менен металлоломдон эле “Восход” деген мотоциклди чогултканбыз.
12 жашымда атам “Каныбек” деген романды карматып, окуп чыгууну буюрду. Талаага чыксам да окуйм, ойноп кетейин десем, кечинде атам окуп чыккан жерди айтып берүүнү сурайт.
Мектепти бүтөйүн деп калганда кыздарга барчубуз. Бирок бүтүрүү кечеси укмуштуудай окуя менен эсте калган.
– Кызыктырып койдуңуз, ал кандай окуя эле?
– Мына бүтүрүү кечеси деген күнү атамдын айдоочусу бошобой калып, машинасын мага айдатып алды. Же мен ага айта албайм. Анткени атам өмүрү бизди отурушка жөнөткөн адам эмес болчу. Ал күнү колхозго комиссия келип, алар менен кошо жүрөм, оюмдун баары бүтүрүү кечеси болуп... Кеч кирейин дегенде атамдан "үйгө кете берейин" деп сурандым. Анан машинаны таштап коюп эки-үч чакырым жерге далбастап чуркап, апама келдим. Бирок ал түнкү 12ге чейин эле уруксат берип койду. Кечеге келдим, түнкү саат 12 да болду, бирок таңды тоспой кантип кетип калмак элем? Ошентип, эртең менен келсем, апам менен атам эшикте отурушат. Эки күндөн кийин Москвага окууга тапшырганы бармак элем. Атам мени урушуп: “Эч жакка окубайсың дагы, барбайсың дагы! Сен эч нерсеге жарабайсың!”-деди. Бир жагынан бул сөздөр намысыма тийсе, бир жагынан классташтарга да Москвага бара турганымды айтып салган элем. Апам болсо ыйлап жатат... Бирок соңунда апам атамды эптеп көндүрдү. Экөөбүз Москвага жеткенче атам мага ооз ачпай койсо болобу. Анан жатаканага жайгаштыргандан кийин бир ооз “эми уят кылба” деп кайра Кыргызстанга кетип калды.
– Кандай адистикке тапшырган элеңиз?
– Мени "ким болосуң?" деп сурашканда "агроном болом" дечүмүн. Ал эми мен тапшырган Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясы эң алдыңкылардан эле. Москвада калганда өмүрү айылдан чыкпаган жаным өзүмдү жетим козудай сездим. Тамак жасай албайм же кир жууй албайм. Ошентсе да академияда жакшы окудум. Анткени “Супер-Инфонун” сөзү менен айтканда, менин “фишкам” математика болчу.
– Ишкердик дүйнөсүнө кантип аралашып калгансыз?
– Институтту бүтүп жатканда союз кулап, колхоздор да тарай баштады. Мен окуу жайды аяктап жатканда эле анча-мынча бизнес менен алектене баштагам. Кыргызстанга келгенимде бул жакта күйүүчү май таңсык болуп жатыптыр. Биз Жамбылга жакын болгондуктан, Казакстандан бензин ташый баштадык. Бир жолу мыйзамсыз ташыганыбыз үчүн товарыбыз Казакстанда кармалып калды. Бул мага чоң өмүрлүк сабак болду. Кийин карыздардан кутулуп, Жамбылда иштей баштадым. 1998-жылы биз түптөгөн компания ал шаардын эң алдыңкы ишканасына айланды. Ушул эле учурда атамдын өтүнүчү менен Кыргызстанга кайттым. Бишкекте иш баштоо канчалык кыйын болсо да, акырындык менен максатыбызга жеттик.
– Саясатты кайсы бир мак­са­ты­­ңыз­ды ишке ашыруу үчүн тан­да­дыңыз беле?
– Саясат дүйнөсүнө 2005-жылы баш бактым. Ал мезгилде биздин “Альянс” мамлекетке 1 миллиард 200 миллион сом салык төлөй турган ири компания болчу. Саясатка киришерде баарын ойлонуп чыксам да, анын канчалык оор жана ыплас экенин түбүнө чейин аңдаган эмесмин. Бул чөйрөгө кошулушума эң негизги себеп, өлкөдөгү саясат өзгөрсө деген ой болду. Антпесе менде баары бар болчу. Саясатка аралашууну керт башымдын кызыкчылыгы эмес, атуулдук парз жана намыс деп эсептегенмин.
– Саясатта карт бөрү­лөрдүн арасында өз ор­дуңуз­ду таап кетүү кыйынга турса керек?
– Ушул жерден жаштарга кайсы жерге барба, ал жерде бош орун жок деп айткым келет. Бирок антип отура берсең, коом эч качан өнүкпөйт. Эт менен челдин ортосунда жүрүү менин эрежеме туура келбейт. Биз изденген жана аракеттенген адамдарды урматташыбыз керек. Ал туура кылып жатабы же жокпу, аны тарых өзү тактап алат.
– Канча балаңыз, канча жубайы­ңыз бар? Дегеним, азыр төбөсү көрүнгөн мырзалардын эки-үчтөн үй-бүлөсү бар го...
– Менин, болгону, бир үй-бүлөм бар. Жубайым казак элинин кызы, кесиби эсепчи. Бирок иштеп көргөн жок, ал балдардын окуусу жана тарбиясы менен алек. Улуу кызым 12, уулум 10, кенже кызым 3 жашта.
– Балдарыңызга жетиштүү убакыт бөлө аласызбы?
– Менин да, алардын да көбүнчө бош убактысы жок. Математикалык мектепте окуп, андан сырткары шахмат, таэквандо, бийге катышып турушат. Аларды жашынан эмгекке үйрөнсө дейм. Мен кечинде келгенде алар уктап калган болушат. Дем алыш күндөрү гана чогуу болобуз. Анда суу жээгинде отуруп, кенен сүйлөшүп, эс алабыз.
www.super.kg сайтыбызда жүргүзүлгөн сурамжылоодо Кыргызстандын эң сексуалдуу мырзаларынын катарында сиз башкы орунду ээлегенсиз, буга кандай карайсыз?
Ммм, биринчиден, добуш берген күйөрмандарыма терең ыраазычылык билдирем. Бул мен үчүн жагымдуу кабар болду.
– Көкүрөктө сактаган макса­тыңыз барбы?
– Максаттар чоң. Бирок жүрөктө жашаган жалгыз максатым бар. Атам кайтыш болгондо Кара-Буура районуна анын атындагы лицей-интернат кургам. Жарымы оор турмушта жашаган үй-бүлөдөн болушса, жарымы толук кандуу үй-бүлөнүн балдарынан түзүлгөн. Мен келечекте Кыргызстандын 44 районуна ошондой лицейлерди кургум келет. Азыр буга ниет кылып жүрөм.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
marina
2010-08-27 20:06:25
al mektepter ka4an kyrylat boldyyy eken?
JE shailoogo karata kyrylabiii ya?
0
brigada
2010-08-27 21:01:16
Krasav4ik.....
0
Замира
2010-08-28 03:43:30
Teren taazim!!!
0
Ceed
2010-08-28 12:11:14
Бабанов молодец! Жаш кадр, бул бир аз такшалса, кучтуу кадр болуп чыгат! Сизге ийгилик!
0
Regenbogen
2010-08-28 17:20:13
oj 4indap ele ollo krasav4ik da,ajalinin baktisi bar eken...Jakshi adam, sizge 4on ijgilik!
0
alexandra
2010-08-29 06:11:06
turktun ele ozu go
0
ABC
2010-08-30 14:35:56
Апасы турк болсо турктун озу болот да :) "Кичинекей эле орус бала орусчаны кыйын суйлойт экен" дегендей болуп калды :))
0
aijanasan
2010-08-30 15:39:31
Мен Бабановго шайлам,анткени ал жаштар менен иштейт экен,мен ошонусун байкадым ишенбесенер в рядах партии дегенди карасанар..............
0
KYRGYZ KULunu
2010-09-03 11:06:54
Atasy Toktogul ubagynda bashkarma bolup ishtep turganda armany jok jegen,kyrgyzda makal bar KOON BALEGINEN ALYS TYSHPOIT degen.TALASTAN TOKON baiken.
0
№ 408, 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан