Дайыр Исмадияров, ырчы: “ГҮЛНАЗ МЕНИ ЖАКШЫ НУККА БУРУП ЖАТАТ”

Каарманым 14 жылдан бери шоу-бизнесте. Ал аракетчил, жөнөкөй жана ачык мүнөз адам. Көп сынга кабылат. Бирок талыкпаган аракети менен шоу-бизнесте ийгиликтерди багындырып келет. Ал бүгүн акыркы жаңылыктары, жеке жашоосу тууралуу айтып берди.

– Дайыр, саламатсызбы? Кандай жаңылыктар менен келдиңиз?

– Саламатчылык! “Биз баскан жолдор” аттуу ырыма 5 мүнөттүк өзгөчө клип тарттык. Өзгөчө дегеним, бул клип эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү бүгүн-эртең эл назарына коюлат. Экинчи бөлүгүн март айында чыгарабыз. Бул ырдын сөзүн өзүмдүн жашоомдон алып жаздым. Ал эми клип ойдон чыгарылган.

– Клипти да жашооңуздан алып тартсаңыз кандай болмок?

– “Сагынба” ырыма тартылган клипте жол кырсыгына кабылып кырсыктаган каармандын ролун аткаргам. Клипке тартылгандан кийин чыныгы жашоомдо да жол кырсыгына кабылгам. Жадакалса баспай калуу коркунучу жаралган. Ошондон кийин клипте өзүмдүн жашоомду чагылдыргандан, оор тагдырды башынан кечирип жаткан каармандардын ролун аткаргандан коркуп калгам.

– Түшүнүктүү. Өткөн жылы унааңыз уурдалып, талкаланган окуя болгон эле. Жыйынтыгы эмне болду?

– 1-2 соттук отурумга катышкандан кийин “сотко келбей эле кой” деп кол койдуруп алышкан. Андан кийин иштин эмне болгону тууралуу кабар беришкен жок. Иштин жыйынтыгын сураштырдым, бирок так маалыматым жок. Баарын Кудайга койдум, бардык жамандык ошону менен чыгып кетсин дедим. Башында кылмышка шектүү балага “сотко жеткирбей, өз ара сүйлөшүп, чечишип алалы. Сени каматып эч нерсе таппайм” дегем. Бирок ал байланышка чыкпай койду.

– Мындан ары жакшылыктар гана болсун. Тойлордо “Жар-жар” айтып жүрөсүз. Эркектердин “Жар-жар” айтканы туура эле көрүнүшпү? Эл кандай кабыл алып жатат?

– “Жар-жар” айтуу менен тойлорго өзгөчөлүк алып келдим деп ойлойм. Башында эл таң калуу менен кабыл алды. Азыр тойду өзгөчө өткөргүсү келгендер мени чакырып жатышат. “Бош эмесмин” десем да күткөндөр бар.

– Азыр шоу-бизнесте ийгиликтүү болуу үчүн эмне керек? Талантпы, хайппы, сырткы келбет же дагы башка нерсеби?

– Талантың, келбетиң бар болсо да, аракет кылбасаң натыйжа чыкпайт. Ошондуктан биринчи кезекте аракет, андан кийин талант, келбет жана жардам берген продюсер же менеджер керек.

– Жакшы. Жеке жашооңузда кандай жаңылыгыңыз бар? 2020-жылы жеке жашоого да пландарды койдуңузбу?

– Бул нерсе Кудайдын колунда экен. Бешенеге жазганын көрөт экенбиз. Мен деле аялым менен түбөлүк бирге жашайбыз деп үйлөнгөм. Бирок бешенеңе жазылбаса андай болбойт экен. Азыр коркуп калдым. Өзүм ишенчээк адаммын. Бирок жакшы адамдардан да күмөн санай берем. Тез чечим чыгарып үйлөнбөйм. Үйлөнүп жаңылгандан көрө, көңүлүңө жаккан адам менен 3-4 жыл мамиле курган жакшы экен. Паспортко штамп басылса, адам өзгөрүлөт деп ойлочумун. Көрсө, ал эч нерсени чечпейт экен.

– Учурда сыныңыздан өтүп жаткан бирөө барбы?

– Окуса капа болуп калбасын, жок деп айтпайм.

– Күйөрмандарыңыз ырчы Гүлназ Чыныбек кызы менен кыз-жигиттик мамилеси бар деп ойлоп жатышат. Бул тууралуу социалдык тармактарга да көп комментарий калтырышат. Бирок мындай суроолорду жоопсуз калтырып келесиздер...

– Гүлназ жашоомдогу жаңыланууга көмөк көрсөтүп жатат. Мен орус кыял болсом, Гүлназ кыргызча ойлонот. Мен көп нерсеге маани бербейм. Ал эми Гүлназ ар бир майда деталга көңүл бурат, байкайт. Ал адам мени азыр жакшы нукка буруп жатат. “Дайыр аке, андай кылбай, мындай кылсаңыз” деп кеңеш берет. Ойлонсом, Гүлназдыкы туура болот. Ошондуктан көп учурда Гүлназдын тилин угам. Бир туугандарым, сахналаштар “экөөңөр бири-бириңерди жарым сөздөн эле түшүнөт экенсиңер” дешет. Биз бири-бирибизди бир көз караштан эле түшүнөбүз. Гүлназ экөөбүздүн мамилебиз жакшы деп гана айта алам.

– Күйөрмандарды мурунку жубайыңыз жана уулуңуз менен болгон мамилеңиз да кызыктырат.

– Азыр мурунку жубайым менен уулум Москвада жашап жатышат. Ал салон иштетип жүрөт. Кээде байланышып турабыз, аларга колдон келген жардамымды берип турам. Көп учурда “эмнеге Инстаграмдагы баракчаңызга балаңыздын сүрөтүн киргизбейсиз?” деп сурашат. Башында 1-2 жолу киргизип, кийин киргизбей калгам. Анткени баламдын өзүнүн жеке жашоосу бар. Мен анын жашоосуна терс таасиримди тийгизип албайын деп кооптоном. Негизгиси, балам менин жашоомдо бар, өзүм көрүп турам. Ал азыр 2,5 жашка чыгып калды. Күндө болбосо да, сагынган учурда байланышып, видеочалуу аркылуу көрүшүп турабыз.

– Жубайыңыз маегинде “баланы атасына көрсөтпөйм, кийин катташабы, аны өзү чечет” деген эле...

– Мурунку жубайым жаман адам эмес. Ал өз милдетин мыкты аткарган жакшы аял. Бир гана экөөбүздүн жылдызыбыз келишпей калды. Маек бергенде жаштык кылды деп ойлойм. Мага болгон капачылыгы, эмоциясы менен ошентип айтып алса керек. Балким, анын ордунда мен да ошентип айтмакмын. Кандай болсо да, ал менин мурунку аялым, баламдын апасы. Ал киши жөнүндө жаман сөз айткым келбейт. Экөөбүз бирге түтүн булата албай калсак да, ортобузда балабыз бар, бүгүн болбосо, эртең балабыз бизди катташтырат. Ошондо бири-бирибизге жүзүбүз жарык болушу керек. Азыр экөөбүз жакшы сүйлөшөбүз. Ал мага баламдын видео, сүрөттөрүн жиберип, кылыктарын айтып берет. Бир гана арман – баламдын атасы менен чогуу өспөй жатканы.

– Үй-бүлөнү сактоодо эмне маанилүү экен?

– Жубайлардын бири-бирин жарым сөздөн түшүнүүсү маанилүү экен. Менин үй-бүлөмө, балким, ошол нерсе жетпей калды.

– Түгөйүн жолуктура элек адамды коомчулукта боор ооруп карашат. Бирок ал адам жалгыз жүргөндөн ырахат алышы мүмкүн. Үй-бүлө курбай бойдок жүргөн коркунучтуубу? Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

– Мен азыркы ийгиликтериме, ушул даражама жалгыз тытынып жүрүп жеттим. Менимче, начар адам менен жашаганча жалгыз жүргөн жакшы. Мен жалгызмын дебейм, эртеден кечке иштейм. Досторум менен бат-баттан жолугуп эс алып турам. Айрымдар “муздак төшөккө жалгыз жатсаң, ысыбайсың” деп айтышат. Азыркы заманда ысытчулар деле бар.

“Үй-бүлөм жок, жалгызмын” деп дубал сүзгүлөбөйм да. Жакшы ниет – жарым ырыс. Менин “бир күнү мен күтүп жүргөн адам пайда болот. Аны менен өмүрүмдүн аягына чейин бактылуу жашайм” деген жакшы ниетим бар. Байкашымча, мындай планда көбүнчө кыздарды боор ооруп карашат. Бир аз жашы өтсө эле баары кабатыр боло башташат. 40 жашка чыккандан кийин үй-бүлө куруп, бактысын тапкандар бар. Ар биринин маңдайына жазылган тагдыры болот.

– Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик!

Перизат Музуратбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Гүлназ экөөбүз бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнөбүз" дейт Дайыр Исмадияров
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
katerina.li
2020-01-20 09:12:04
Баягы эле орус мунозмун,ишенчээкмин деген эле создор. Тажаткан ырчылардын санын толуктайт. Откондо Айгерим дагы "бош эмесмин десем кутобуз деп айтышат," деп мактанды эле,эми дайыр дагы ошону туураптыр
+11
jon.as
2020-01-20 09:56:02
Дайыр, сага жарым сөздөн, көз караштан түшүнгөн жубай керек болсо, демек, ал адам жаныңда эле жүрүптүрда)))
Гулназ экөөң бир көз караштан түшүнүшөт экенсиңерго
+11
Safiya91
2020-01-20 10:03:37
Уй було-бул бирин бири жырым создон тушунуу дейт. Толук суйлоп, созунду кайра кайра кайталасан да тушунбогон адамдар бар ошондо да жашоо уланып жатат иий "бул эркекда" тушунбойт деп коюп)).
+11
Xankeldievamari9m
2020-01-20 11:15:05
Азыркы заманда ысытчулар деле бар дейт гоо
+13
Glucke
2020-01-20 12:51:49
Ысытчуларын бир кун орттоп жибербесин)
+12
bessmertiy
2020-01-23 07:45:02
Glucke,Мыкыга окшотуп видеосу менен чыгарып салбасын десен
+3
katerina.li
2020-01-20 14:18:23
Баары бир эркек жар жар айтпай эле койсо. Женелер айтчы эле салт боюнча.
+10
Djal1987
2020-01-20 15:21:35
Орусча тушунбой же суйлой албай эле озуно орус кыялмын деп неге диагноз коюп алышат. Орус кыял деп орусча без акцент суйлоп орусча ойлонуп кыргызча оз оюн билдире албай кыйналганды айтат.
+14
Jasi.jasi
2020-01-20 15:49:50
Djal1987,ошону айтсанар:)
Менин жолдошум да кыргызча тушундуралбай кыйналып кетет.Ойлонгону орусча.Мен кыйла кыргызчага уйротуп койдум.Бир куну келиптир.Жумушта кайнагам антти,мынтти деп.Анан кокуй кайсы кайнаган десем,биронун кайнагасын эле ал кайнагам десе, бул да айтылган боюнча кайнагасы дей албай кайнагам деп келиптир:))
+6
kyrqyz
2020-01-20 20:27:32
Сизди бул жазунуунуз мн жылыныз ды коруп аябай шок болдум)))))
0
mela
2020-01-20 23:52:28
Гульназ экоо тен го.Кошуна да болуш керек.Жердешчилик.Экоо тен ажырашкан.Гульназды кошпой Эле койсо болмок,кобу «ысытып»атканы Гульназ,экоо соо эмнстей Маек бериптирп.
+7
Birimdik5555
2020-01-21 09:28:03
Гулназ кашы менен козун болушунча балчайтыптыр го
+3
al79mi
2020-01-21 09:59:00
Хит болуп кеткен деле ыры жок баягы эле мен эле мен деген куру создор. Ырчылардын санын кобойтуп жургон бироо да. Уйлонбойм жакында дегенине караганда эл арасында айтылып жургон "имиштер" чын сыяктуу.....
+4
mela
2020-01-21 23:58:29
al79mi, аялы кагазга ороп,айтпады беле?! Шоу-бизнесте бут эле билишет экен.
+3
klarisa
2020-01-23 14:29:09
al79mi, эмне имиш эле?
0
Nur777
2020-01-23 14:00:53
Орус муноз дегенин орусча кыйын билем деп тушунуп алыптырсынар го,ал таптакыр башка маани))))) Анча-мынчага конул бурбайм,а Гульназ майда-чуйдо,детальдарга конул бурат дептир...
Бул ырчынын куйорманы деле эмесмин,бирок кыйла олуттуу болуп калыптыр,мактанганы азайып..баса,жар-жар айтканын туура корбойм,кыргызда жар-жарды жене айткан..

+1
elmira.
2020-01-23 23:49:01
Гулназ экоо ХХХХ
+1
№ 898, 16-22-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан