Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык кеңеш берүү борборунун директору Бактияр Төлөнов 800 доллар пара алууга шектелип кармалды. Аны 9-январда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкектеги кафелердин биринен кармашты. Чиновник "Кыргыз жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча жеке компанияга лицензия берүү маселесин оң жагына чечип берүү убадасы менен пара сураган" деп айтылды. 13-январь күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту шектүү Төлөновду №1 тергөө абагына 2 айга, 2020-жылдын 9-мартына чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Териштирүү уланууда.
Учурда кылмышка шектүү СИЗОдо эмес, ооруканада. Кармалган күнү анын жүрөгү кармап, ооруканага жеткирилген.
Бахтияр Төлөнов парламентте “Кыргызстан” фракциясынан депутат Данияр Төлөновдун бир тууган агасы.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg