Гүлжайна Атаканованы сахнада жаркылдап күлүп, тарсылдап сүйлөгөн тамашакөй айым катары билебиз. Бирок жашоодо ал кандай адам экенин, кандай кыйынчылыкты башынан кечиргенин көпчүлүк билбесе керек. Күлкүнүн артында катылып жаткан чындыкты маектен окуй аласыз.
– Гүлжайна айым, саламатсызбы? Узап кеткен жылда кандай ийгиликтерди жарата алдыңыз?
– 2019-жыл жашоомдун тарыхында алтын тамга менен жазылып кала тургандай берекелүү, түшүмдүү жыл болду. Көптөн бери эңсеп жүргөн максаттарыма жеттим. Кыялымдагы батирди, унааны алдым, чет өлкөлөрдө эс алдым. 10 жылдык отчёттук жеке концертимди бердим. Бир сөз менен айтканда, сыйкырдуу өзгөрүштөрдү алып келген жыл болду.
– Баса, унааңыз боюнча “мындай унаага эркектер да жетпей жүрөт” деп маек берип сынга кабылдыңыз?
– Чындыгында аябай сындашты. Бирок кыжалат болуп, башымды ооруткан жокмун. Арасында мени колдогон мырзалар да болду. Сынга сынбаган адаммын. Мени жакшы көргөн күйөрмандарым “ар бир адам ушундай жакшы унааны кыялданат” дешти. Жетпей жүргөндөр “эмнеге жетпейт экенбиз, ким айтты жетпейт деп?” деген сөздөрдү жазышты.
– “1 күндө 1000-1500 сомго бензин куям” дегенсиз. Үнөмдүү унаа алса болот беле?
– Болот, бирок кымбат унаа алып, жакшы жашаганга аракет кылайынчы дедим. Бул тренингдерге, окутуу курстарына көп катышканымдын таасири деп ойлойм. Анткени жакшы жашайм десең алдыга умтулушуң керек. Маектеримдин биринде “акчалуу адамдарды сыйлайм” деп айтканым бар. Анткени алар кыйынчылыкка, ысык-суукка, өйдө-төмөнгө чыдап ошол ийгиликке жетишти да. Суранып эле басып жүргөн адамдарды жаман көрөм. Бир аял мага “апам ооруп жатат, акча керек, 4 балам бар, күйөөм жок” деп акча сурап жазган. “Мен деле сизге окшогон жалгыз бой аялмын. Бирде бар, бирде жок турмушта жашайм, жардам бере албайм” дегем. Анткени ал дароо эле чоң суммадагы акча сурады. Жардам берүүдөн баш тартсам социалдык тармактагы баракчама жүктөгөн ар бир сүрөтүмдүн алдына “элге жакшылык кыла албагандан кийин ырдабай эле койчу” деп негатив комментарийлерди жазып жатат.
Менин жашоом жеңил болгон жок, экинчиден, “бардык муктаждарга жардам берем” деп эч кимге убада берген эмесмин. Өзүм каалаган учурда эч кимди сурантпай кайрымдуулук кылып эле жүрөм. “Кийим берчи, акча берчи, азык-түлүк алып бер, батирдин акчасын төлөй албай жатам” дегендер бар. “Акчалуу адамдарды эле сыйласаң, акчасы жокторду сыйлабайсыңбы? Концертиңе жалаң байлар барыштыбы?” дешти. Ооба, менин концертиме 500 сому бар байлар, акчалуулар келишти.
Кудай “элдин пейилине жараша ажо берем” дейт экен. Биздин пейилибиз начар, жан дүйнөбүз жарды, көөдөнүбүз көр, бирөөгө жакшылык каалай албаганыбыз үчүн өнүкпөй жатабыз. Ошон үчүн ар адам оңолууну өзүнөн башташы керек.
– Кызыңыз канча жашка чыгып калды? Эне-кыз катары мамилеңиздер кандай? Курбусундай сырдашасызбы же ортодо чек барбы?
– Кызым азыр 13 жашта. Кызымды жалгыз чоңойтконумду эстесем, жүрөгүм ооруйт. Барчылыкты да, жокчулукту да көрдү. Көз тийбесин, бейчеки көчөгө баспайт. Үйдө тамак жасап, кир жууп, нан жасайт. Кызымдын сүрөтүн Инстаграм баракчама жүктөбөйм. Анткени мага айтылып жаткан сындардын кызыма да айтылышын каалабайм. Кызымдын сүрөтүн, видеосун чыгарсам, оозуна алы жетпегендер “кызың мындай турбайбы, тигиндей турбайбы, атасы кайда?” деп адамдын талуу жерине тийген сөздөрү жазып башташат. Ошондой адамдардан кызымды коргойм. Өспүрүм курактагы кыздын психикасын бузгум келбейт. Учуру келгенде кызымдын сүрөтүн чыгарам.
Кызым мага болгон сүйүүсүн SMS аркылуу билдирет же туугандардын WhatsApp`тагы тобуна жазат. “Менин апам күчтүү, кыйын, айкөл. Апам менен сыймыктанам. Убагы келгенде апам мени менен сыймыктанган кыз болом” деп жазганда окуп алып ыйлайм (ыйлап).
Мурда аябай катуу кармачумун, азыр өзүмө жакындатып, сүйлөшүп, “мектепте баары жакшыбы? Жигит жандап сүйлөшө баштаган жоксуңбу?” деп сурай баштадым.
Кызым мен көргөн кыйынчылыкты, азапты көрбөсүн, басып өткөн жолду баспасын дейм. Азыр ар бир жасаганымдын баары кызым үчүн. Мага окшоп батирлебесин, акчага муктаж болбосун, бирөөгө жалданма жумушчу болуп иштебесин деп аракет кылам.
– Жалданып да иштедиңиз беле?
– Мен ал учурду эстесем, ыйлагым келет. Кызымдын атасы менен “чыгармачылыкка аралашам” деп ажырашып кеткем. Анда кызым эки жарым жашта болчу. Туугандарым “үй-бүлөңдү бузуп кеттиң” деп катышпай коюшуп, кызым менен курбумдун үйүндө жашап калгам. Базарда манты сатып иштедим. Кызымды ойноп жаткан жеринен алып келип, бешикке бөлөп базарга манты сатканы кетчүмүн. 3 жаштагы тили чыгып калган кызым “апа, бөлөбөчү, эч нерсеге тийбейм, тынч эле отурам” десе болбой, бир нерсе болуп кетпесин деп коркуп бешикке бөлөп кеткенге мажбур болчумун. 10-15 порция мантыны сатып үйгө келсем, кызым көгөргөнчө ыйлап, мурду агып калчу. Кызымдын ошол абалын көрүп жүрөгүм ооручу (ыйлап).
Кийин кафеде иштеп калдым. Күнүнө 400 сом тапчумун. Кызымды бир аялга 200 сомго каратчумун. Көрсө, ал кызымды уруп, дары берип уктатып койчу экен. Бирок кызым мага айтчу эмес. 6 жашка чыкканда гана “ошол аял урчу” деп жатпайбы. Аны угуп алып дагы ыйладым. Кудайга баары бир ыраазымын. Эгер ошол кыйынчылыктарды көрбөсөм, азыркы ийгиликке жетпейт элем.
– Жашооңузда чеп болуп бере турган мырзага жолуктуңузбу?
– Көздүү мончок жерде калбайт эмеспи. “Үй-бүлө куралы, сүйлөшүп көрөлү, бири-бирибизди сынап көрөлү” деп жандап жүргөн мырзалар бар. Кээ бирине мен жакпай калышым мүмкүн, кээ бирөө мага жакпай калып жатат. Мурда таанышпай койчумун. Азыр таанышып, жолугам. Таанышкан мырзалардын баары “мен сени чакчаңдаган айым деп ойлогом, көрсө, башкача турбайсыңбы. Эми көбүрөөк жагып калдың” дешет.
Жеке концертимди берип алгандан кийин жеке жашоомо көңүл бөлөм деп өзүмө сөз бергем. Жашоомдо жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Бирок азырынча баарын айтканга эрте.
– “Мурдагы жолдошум кайра жарашалы деп жатат” деп айттыңыз эле. Сунушун кабыл алган жоксузбу?
– Мурдагы жолдошум өзүнөн кичүү жаш кызга үйлөнгөн. Эми тагдыр экен, экөө ажырашып кетишти. “Жаман жигит болчу, ошол үчүн ажырашты” деп эч качан айтпайм. Ал мыкты жигит. Ажырашып кеткенден кийин “бирөө менен жашап көр, жашай алсаң жашап кет. Жашай албай калсаң кайра кел” дебедиң беле?” деп келди. Кайнене, кайнежелерим менен жакшы катташып турганым менен, жарашып кетейин деген оюм жок. Себеби үй-бүлөдө жарака кетти. Анын үстүнө турмушумда бир эмес, 2-3 жолу аксадым. Бирок сынып калган жокмун.
Ажырашуу деген сөз мен үчүн оор болду. Себеби ага чейин да ажырашкам. “Суранам, мени менен ажырашпай эле башка менен нике кыйдырып жашай берчи. Келип-кетип турсаң болду” деп айткан күндөрүм да болгон. Ошондо жолдошум “менде бир эле жүрөк бар, аны экиге бөлө албайм. Бир аял менен гана бактылуу боло алам” деген. Ажырашкандын баары бактысыз эмес, жашап жаткандын баары бактылуу эмес. Ажырашкандын баары жаман эмес, бирге жашап жатышкандын баары жакшы эмес деп айтам. Ошондуктан күйөөмдү күнөөлөбөйм. Болгону сый мамиледе калдым. Аялга эркек керек экенин, татыктуу жубай боло аларымды да билем. Азырынча жарашкандан да, турмушка чыккандан да коркуп турам.
– Маегиңизге рахмат! Чыныгы сүйүүгө жолугуңуз!
Динара Абдыкадырова
star@super.kg