12-январь Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиеванын туулган күнү. Быйыл ырчы кутман курак 50 жашка толду. Бул күнү ырчынын үй-бүлөсүндө өзгөчө майрам. Себеби экинчи уулу Арлен 20 жашка, кызы Аэлита 14 жашка толду. Айчүрөк айымдын туулган күнү быйыл автобуста сейилдөө менен башталды. Ар кандай майрамдык кечелерди өткөрүүгө ылайыкталып жасалгаланган атайын автобуста жакындары менен бирге ырдап, бийлеп, туулган күн белгилеген Айчүрөк айым буларга токтолду:
– Кудайга шүгүр, 50 жашка толдум. Балпайган байбиче, чоң эне, кайнене болуп, балдарымдын сыйын көрүп, дөөлөттүү карылыкка жетсем деп тилейм. Жараткандын буйругу менен Арлен менен Аэлита өзүмдүн туулган күнүмдө төрөлүшкөн. Балдарым төрөлгөндөн бери өзүмдүн туулган күнүм жыл сайын көмүскөдө калчу. Албетте, жаш кезде үйдө конок тосуп, кафе, ресторандарда туулган күндөрдүн далайын өткөрдүк. Балдар чоңойгон сайын алардын идеялары, ойлору менен болуп калат экенсиң. Бул жолу туулган күнүм эң жакын адамдарымды чогултуп автобуста сейилдөө, ресторанда тамактануу менен өттү. Идея балдарыма таандык.