Адамдын үнү турмушта чоң роль ойнойт. Жадакалса ошол жагымдуу үнүнүн жардамы менен бактысын таба алат. Буга чейин канча деген ди-джей кыздарыбыздын үнүн сүйүп, анан өзүн сүйгөн жигиттер артынан чуркап жүрүп алып кетишти. Бүгүнкү биздин конок Нурзада Жолдошованын назик үнүнө арбалган угармандар да жүздөп саналары турган кеп.
МЕЙМАН ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
– Нурзада Жолдошова деген ысым ди-джей катары таанылган эле. Эми телеалпаруучу да боло баштадың...
– Өз кесибимдин мыкты адиси болуш үчүн күн сайын, ал гана эмес, саат сайын аракет кылуудамын. Жетишпейм, чарчадым деген сөздөрдү айтканда өзүмдөн өзүм чарчап, артка кете баштайм. Адам өзү көп кырдуу талант болот экен. Менин дагы ачыла элек жөндөмдөрүм бар деп ойлойм.
– Теледе жана радиодо иштесең, анан тойлорго чакыруу алсаң, чөнтөгүң акчадан өксү болбойт экен да...
– Теледеги ишимдин маянасы мени эч кызыктырбайт. Ал жерге акча табуу үчүн эмес, такшалайын деп киргем. Акчам өзүмө жетет, дүнүйө жыйнайын деген деле оюм жок.
– Таксиге акчаңды короткончо же зарыгып коомдук транспортту күткөнчө машиналуу болгонуң жакшы эмеспи?
– Эки жыл мурун ата-энем менен баратып, Аксы жактагы чоң ашуудан кырсыкка учураганбыз. Машина талкаланып кеткени менен, үчөөбүз тең эч нерсе болгон эмеспиз. Ошондон кийин айдагандан бир аз коркуп калгам. Бирок ата-энем жакында темир тулпар белек кылабыз деп жатышат.
– Радиого, телеге кастинг аркылуу келдиңби же башка жол мененби?
– Жакшы сүйлөйүн, такалбайын деп күзгүнүн маңдайына туруп алып жомок, монолог айта берчүмүн. Мени ди-джей кылган курсташтарым болду. Жаңы студент болгондо мугалимдерге токтолбой, эфирде сүйлөп жаткандай жооп берчү экем. Курсташтарым “Нурзада, сен ди-джей болсоң жарашат. “Кыргызстан Обондоруна” барып көрсөң” деп жатышып, кастинг болбосо деле жөнөтүшкөн. Ошентип, ди-джейлик жашоом башталган. Ал эми телевидениеге сунуш менен келгем.
– Сени “жасалма сүйлөйт” дешет, өзүң байкайсыңбы?
– Жумушка жаңыдан киргенде үч жыл жасалма сүйлөгөм. Аны моюнга алам. Мени чоңдор угуп жатат деген коркуу сезими дайыма болчу. Анан жаңылып калбайын деп же шашып кетип аптыгып жасалма сүйлөп алчумун. Азыр андай эмес. Жашоодо аябай түнтмүн. Бирок микрофонду көргөндө 100 пайызга өзгөрүп, ачылып кетем. Үйгө бир курбум келип, эжеме “Нурзада менен жашаган жакшы болуш керек. Зериктирбейт эмеспи” деп жатпайбы. Анда эжем “кайдан, бул үйдө түнт” деди. Менин чыныгы жүзүмдү билгендер радиодон тыкылдап сүйлөп жатсам, “жасалма сүйлөп жатат” дешет.
– “Ырчы ди-джейлер өздөрүнүн эле ырларын бере беришет” дегенге кошуласыңбы?
– Ырдын тизмесин ди-джейлер эмес, музыкалык редактор түзөт. Биз болгону, “Ыр дүкөндө” гана угармандардын суроосу боюнча коё алабыз. Менин ырымды төрт-бешөө суранса гана берем. Болбосо жогорудагыдай сөзгө кабылышым мүмкүн. Ал эми кесиптештерим Чыңгыз байке менен Назира эженин ырларын бере берем, бирок чеги менен.
– Фотосессияларыңда өзбек ырчысы Райхонго абдан окшошсуң. Атайылап окшошосуңбу?
– Сүрөткө түшөрдө менин жеке стилисттерим, кеңешчилерим барат. Алар кесиптештерим, досторум, клипмейкерлер болушу мүмкүн. “Райхонго окшошуп калыпсың” деген сөздөрдү көп уккандыктан, ага окшогум келбей, телеге чачымды өрүп чыктым. Бирок профессионал стилисттер “бул сага эч жарашпайт” дешти. Анан өрбөй калдым. Чынында, мен ага атайын окшошпойм, болгон өң-келбетим ушул.
Түштүктөгү окуя курчуп турганда бир жолу жумуштан чыксам, бир бала улам-улам карап ээрчип алды. Анын мени өзбекке окшоштуруп жатканын дароо түшүндүм. Колундагы бөтөлкөдө бензин бар экенин байкап, коркконумду сурабаңыз. Азыр бензин чачып туруп ширеңке жакса эмне болот дедим. Бирок мен кыргызмын, бул менин мекеним деп ишеничтүү кете бердим. Тигил бала да калып калды.
– Ырчылык карьераңда эмне жаңылык бар?
– Азыр кыздарды жигити таштап кеткен учур көп болуп жатпайбы. Бир курбу кызым жигити башка кызга кетип калганда артынан аябай чуркап, көпкө кыйналган. Ошондон идея келип, кыз жандуу мырзаларга арнап ыр жаздырдым. Жалпысынан 15ке жакын ырым бар. Негизи, радиолорго бербеген ырларым абдан көп.
– Капысынан эле ырчы болуп калбасаң керек?
– Кичине кезимде эле ырчы болом же ди-джей болом деп олуялык кылып койгом. Айтканым дал келип, эки кесиптин тең ээси болдум.
Бир тууган таякем Улукмырза Полотов көп ырчыларды тарбиялап чыгарган. Мен дагы таякемден ырдоо боюнча сабак алдым. Анан радиого киргенде эле ыр жаздырдым. Ди-джей болгон үчүн ырымды жетекчилик коё бербей коюшкан. Көгөрүп, дагы ырларды жаздыра бердим. Башка радио түйүндөрүнө берсем, алар жактырды. Угармандар сурана башташты. Анан айласы жок биздин жетекчилер да алышты.
– Ким болорун кичинесинде эле жаңылбай билген кыздын балалыгы, окуучулук күндөрү кандай өттү экен?
– Апам мени кырк жашында төрөгөн. Этегине эрмешип, кайда барса артынан калбай чоңойдум. Ал мектепте отуз жылдан ашуун балдарга билим берип эмгектенген. Апам иштеген Аксынын Кош-Дөбө айылындагы №7-Тойматов атындагы мектепти бүтүрдүм. 3-класска чейин Алымкан атка конуп жүрдүм. Сабакка баргым келбесе, “бутум ооруп жатат, башым салмактанып калыптыр” деген шылтоо менен үйдө калып, куурчак ойночумун. Бүтүрүүчү класстан мугалим мүнөздөмө жазат го, ошону окусам, “Нурзада жакшы окуйт, тыкан кыз, бирок себепсиз сабактан көп калат” деп жазып коюптур. Чынында, 3-класстан кийин сабактан качмайды азайтканым менен, таштабаптырмын.
Мен ушул деңгээлге мектептеги билимден мурун үйдөгү тарбиядан улам жетип жатам. Эфирде колдонгон сөздөрүмдүн көбү апамдын айткандары. Апам жалгыз кыз. Жалгыз болгонуна катуу өкүнүп койгон окшойт, беш кыз төрөгөн. Бешөөбүз тең Бишкектебиз. Эки эркек бир тууганымдын бири айылда, экинчиси Москвада иштейт.
– Сүйүү жаатында тылың кандай?
– Ошону ойлогонго убакыт жок.
– Сүйүүгө кандай болгон күндө да убакыт табылат. Убакыт жок деген сөз жөн гана шылтоо...
– Ушул сөздү жакында эле дагы бир кыздан уктум. Ошондон кийин жигиттер кафеге же конокко чакырса барайын деп чечтим. Ошол, ким кайда чакырат деп күтүп жатам... Тамаша! Буга чейин сөз айткан мырзалар болгон. Алардын арасында көңүлүмө жакканы кезиккен эмес.
– Өзгөчө сүйүүсү менен эсиңде калганы барбы?
– Бир жолу кеңсебиздин тепкичине бирөө өчпөй тургандай кылып сыя менен “Нурзада, сени сүйөм” деп жазып кетиптир. Аны пол жууган эжелер “Нурзада болбой кал” деп жинденип сүртүп жатышат. Угуп алып, Нурзада экенимди билгизбей акырын өтүп кеттим.
Нурзада “Ыр дүкөн” программасын алып барууда.
– Кутмандуу күнүңүз менен! Кимге салам жолдойсуз?
– Мен папамды туулган күнү менен куттуктайм! Узун өмүр, ден соолук каалайм деп до члена.
– Ыя? Эмне дейт!? Атын туура эмес айтып алды окшойт, кечирип коюңуздар.
– Жок, эже, дочь Лена.
Cүйүн Кулматова
star@super.kg