Жакында ырчы Асел Кадырбекова социалдык тармактагы баракчасында оюн уюштуруп жатканын кабарлап, жарнамалык видео жүктөгөн. Ал видеодо ырчы баш байгеге коюлган Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны көрсөтүп, каалоочуларды оюнга катышууга үндөйт. Видеодон автоунаанын үстүнөн эчкемерди (варан), рулда отурган маймылды жана багаждан оозу таңылган мамалакты көрүүгө болот. Бул ролик жарыяланары менен ырчы коомчулуктун катуу сынына кабылды. Көпчүлүк аны “жаныбарларды кордоп, аёосуз мамиле кылып жатасың” деп жемелешти. Учурда үй-бүлөсү менен Дубайда эс алып жүргөн ырчы Асел Кадырбекова социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу жооп жазып, аталган видеону баракчасынан өчүрдү.
– Чынында мен ал жаныбарларды көргөн да эмесмин. Роликтин мага тийиштүү бөлүгүнө тартылып кетип калгам. Кийин даяр видеону колума алдым. Мен жаныбарларды кыйнап, өлтүрүп жаткандай жазып жатасыңар. Жаныбарларды коргогуңар келсе эмнеге цирк, зоопарктар менен ушинтип күрөшпөйсүңөр? Ошентсе да жеке өзүмдүн атымдан жана менин гив-оюнумду уюштуруучулардын атынан элден кечирим сурайм. Ал эми сиздерди болсо гумандуу болууга чакырам,- деп жазды ырчы.