Ырчы Алмаз Шаадаев өткөн жумада операция жолу аркылуу чекесиндеги шишикти алдырды. Ырчынын ден соолугун сурап кайрылганыбызда төмөнкүлөргө токтолду:
– Эки жыл мурун чекемде кичинекей шишикче пайда болгон. Ал улам чоңоюп жатканынан дарыгерлерге кайрылсам липома (майдан жаралган залалсыз шишик) деген диагноз коюшуп, тезинен операция жолу менен алдырыш керек экендигин айтышты. Анткени сыртты көздөй акырындап өсүп жатканы менен, ичине карай билинбей өсүп отуруп баш сөөкө жетип калыптыр. Эгер убагында дарыгерлерге кайрылбасам мээге да залакасы тиймек экен. Операция 2 саатка созулду. Кудайга шүгүр, акырындап айыгып келатам. Ооруканада бир эле күн жатып, үйгө келдим. Сууктан сактанып, 2 жума үйдөн чыкпашым керектигин дарыгерлер эскертишти.
star@super.kg