Ырчы Айпери Кубик кызы учурда Сапар Сайназаров режиссёрдук кылган “Love is…” деген аталыштагы мелодрамага тартылууда. Тасмада Бегимай аттуу каармандын ролуна бекитилген. Анда 7 жыл сүйүп, дагы 7 жылдык өмүрүн сүйүктүүсүн күтүүгө арнаган кыздын тагдыры чагылдырылат.
Айта кетсек, бул тасмага алпаруучулар Нурдөөлөт Копоев, Нурзат Токтосунова, Айзада Жамгырчиева да тартылып жатат.