9-январда Экологиялык жана техникалык инспекциянын кызматкерлери Таластан жарадар ак илбирсти кармап, дарылоо үчүн Бишкекке алып келишкен. Интернетке тараган сүрөттөрдө жаныбар бир көзүнөн жаракат алып, канап жүргөнүн көрүүгө болот. Текшерүүдө анын денесинде 70 бытыра (чачма ок) бар экени аныкталып, дарыгерлер операция жолу менен анын 18ин алышты. Калганы илбирстин абалы турукташкан соң алынары айтылды.
13-январда адистер Бишкекте маалымат жыйын өткөрүштү. Алардын билдирүүсү боюнча, жырткычтын бир көзү соолуп калган, абалы туруктуу деп бааланууда. 14-январда анын экинчи көзү да көрбөй калганы кабарланды. Илбирске Жаабарс деген ат берилди. Жаабарс – Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романындагы илбирстин аты. Романда да Жаабарстын октон жаракат алып кыйналганы, адамзаттын табиятка карата ырайымсыз мамилеси сүрөттөлөт.
Ак илбирсти атуу фактысы боюнча кылмыш иши ачылды. Шектүүлөр кармала элек. Мыйзамга ылайык, өлкөдө ак илбирсти аткандарга 1,5 миллион сом айып салынат.
Ушул аптада Нарындан да бир ак илбирс Бишкекке алынып келингени белгилүү болду. Адистердин айтымында, ал карып калгандыктан азык таап жей албай айылга түшүп келген. Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Жогорку Кеңеш ак илбирстердин азыгы болгон кайберендерди атууга 10 жылга мораторий жарыялоо демилгесин колдобой, депутаттардын көпчүлүгү сунушталган мыйзам долбооруна каршы добуш беришкен.
Перизат Музуратбекова
politika@super.kg