ЭЛБАРЧЫН КАЛИЛОВА ТУРМУШКА ЧЫГАТ

Фольклордук жана эстрадалык ырларды ийине жеткире аткарган ырчы, Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Элбарчын Калилова жакында турмуш жолуна аттанат. Ырчы кызга 11-январь күнү болочок жолдошу Калыбек мырза ата-энеси менен келип сөйкө салып кетти.

– Элбарчын, саламатсызбы? Сүйүктүүңүз сөйкө салып кетиптир...

– Саламатсызбы? Ооба, убагы келип турмушка чыкканы жатам. Буюрса, 19-январь күнү ата-энем үйдөн узатышат. Ал эми 22-январда Ошто үйлөнүү үлпөт тоюбуз өтөт.

– Болочок жолдошуңуз тууралуу кыскача айта кетсеңиз.

– Сүйүктүү мырзамдын аты Калыбек. 29 жашта. Экөөбүз тең Кара-Кулжа районунун Алайкуу аймагынан болобуз. Менин чыгармачылыгымды баалаган, өнөр дүйнөсүн түшүнгөн, таланттуу, жүрөгүндө ыйманы бар жакшы жигит.

– Таланттуу деп калдыңыз, чыгармачыл чөйрөдөн эмеспи?

– Чыгармачылыкка тиешеси жок, бирок жакшы ырдайт. Менин ырларымдын баарын жаттап алган. “Дуэт жаздырып ырдап чыгалы” деп тамашалап калам. Анда “мен сага ырдайм, сен элге ырда” деп кутулат. Кесиби боюнча экономист. Ишкердик менен алектенет. Орусияга да барып-келип иштейт.

– Келечекке кандай пландарды коюп жатасыздар?

– Жолдошумдун иштери менен Орусияга да барып турушубуз керек. Бирок чыгармачылыкты таштабайм. Эки өлкөнүн ортосунда өнөр тартуулап, көпүрө болсом деген изги тилегим бар.

– Бактылуу болуңуздар!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Aikan1966
2020-01-20 09:56:02
Бактылуу болгула.
+2
jon.as
2020-01-20 10:00:02
Чексиз бакыт каалайм.
+2
mirlanpiter
2020-01-20 14:06:21
Садагаң кетейин десе,,..
+2
jamal.98.1998
2020-01-20 23:27:48
Гуаттар го
+1
mikana
2020-01-21 13:02:23
Эки дүйнөдө бактылуу болгула
0
№ 898, 16-22-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан