Бул аптаны Кыргызстан курултайлар менен өткөрдү. Туш тараптан келген делегаттар “Жогорку Кеңешке барам” дегендерди шайлай берип, суй жыгылышты. Парламентке бара турган партиялардын депутат болчу тизмеси БШКга толук берилип бүтө элек болсо да, түрдүү булактардан алган маалыматтарды сиздерге сунабыз.
“Ата Мекен” партиясы тууралуу сөз козгой турган болсок, алар тизмесин эчак БШКга карматканын айтышууда. Укканыбызга караганда, Өмүрбек Текебаев сап башында болсо, бешилтикти Болот Шер, Жоомарт Оторбаев жана Жоомарт Сапарбаев толуктайт. Алардын катарында чыгаан жазуучунун кызы Ширин Айтматова жана биздин гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов да бар.
Аптанын чоң жаңылыгы мурунку өкмөт башчы, “темир” генерал Феликс Куловдун “Ар-намыс” партиясына экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун “ЭрК” партиясы кошулгандыгы болду. Турсунбай Бакир уулуна байланышка чыкканыбызда ал “Ар-намыс” партиясынын тизмесинде 3-орунду ээлегенин жана тизмеге дагы 7 партиялашы киргендигин билдирди.
Айта кетчү жагдай, азыр ар бир партиянын дымагы асманда. Алсак, ушул эле “Ар-намыс” партиясынын курултайында Феликс Кулов 42-орунда шайлоого барам деп чыккандыгы болду. “Биз үчүн парламентте 25-30 орун алуу – жеңилүү”,- дейт ал. Бирок партиянын мүчөлөрү “өзүңүз башында болбосоңуз, туура эмес” дешкенби, кийин кайра сап башына барыптыр.
Ал эми 24-августта Улуттук филармонияда курултайын өткөргөн КСДП да депутат болуучулардын тизмесин аныктады. Мында “Азаттыктын” төрагасы Исмаил Исаков шайлоого КСДП менен бирге барарын айтты. Андан сырткары президент Роза Отунбаеванын иниси Болот Отунбаев дагы аталган партияга мүчө экендигин уктук. КСДПнын тизмесинин башын Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков жана экс-депутат Ирина Карамушкина ээледи.
Адахан Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы түрдүү тармактардын өкүлдөрүн алдыңкы тизмеге алып чыкканы көңүлдү бурат. Анын ичинде Адахан Мадумаров башкы сапта болсо, Бек Борбиев, Чыңгыз Мырзаев жана Гүлшан Молдоева ондуктун ичине кириптир.
“Ак шумкар” партиясынын алдыңкы саптарында анын лидери Темир Сариев, УӨнүн мүчөсү болгон Абдыганы Эркебаев жана экс-депутат Гүлнара Дербишева жазылганы белгилүү болду.
Азимбек Бекназаров вице-премьер болгон соң “БЭК” партиясынын төрагалыгы экс-депутат жана банкир Муратбек Мукашевге өткөрүлдү. Алдыңкы үчилтиктин курамы мурунку элчи Мамбетжунус Абылов, Муратбек Мукашев жана “Биримдик” жаштар кыймылынын лидери Руслан Бекназаровдон түзүлдү. Тизмедеги 120 адамдын 80 пайызы жаштардан турат (!) экен.
“Акыйкат” партиясынын тизмесинде 1-орунду балбан Канатбек Бегалиев ээлесе, анын лидери Аликбек Жекшенкулов 4-сапка өз эрки менен жазылыптыр.
“Ата Журт” дагы тизмесин эчак эле даярдаган. Анын башкы үчилтигин Мыктыбек Абдылдаев, Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибеков ээлептир. Ал эми ондуктун ичинен “Курманжан датка” фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева, Садыр Жапаров көрүнөт. Кызыгы, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев да аталган партиянын катарында депутаттык орун үчүн күрөшө тургандыгын уктук.
Жаш саясатчы Өмүрбек Бабанов башында турган “Республика” партиясынын тизмесин лидер өзү жетектемекчи. Андан сырткары алдыңкы саптарга Нурбек Алимбеков, Искак Пирматов жана маркум Баяман Эркинбаевдин жубайы Чолпон Султанбекова жазылган.
Ошентип, шайлоого катышууну каалаган партиялар 30-августка чейин БШКга тизмесин тапшырып бүтүүсү тийиш. Ал эми шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-сентябрда башталат.