ӨСҮМДҮК СҮТҮНҮН ПАЙДАСЫ

Бүгүнкү күндө супермаркеттерден уйдун, койдун, эчкинин сүтүн гана эмес, жаңгактын, буурчактардын түрлөрүнөн жана ар кандай мөмө-жемиштин уруктарынан алынган сүттөрдү көрүүгө болот. Өсүмдүк сүтү деген эмне? Анын организмге тийгизген пайдасы канчалык? Аларды үй шартында кантип жасоого болот? Суроолорго жоопторду төмөнкү макаладан таба аласыз.

ӨСҮМДҮК СҮТҮН ДАЯРДОО ЫКМАСЫ

1 стакан данды (бадам, грек жаңгагы, күн карама, ашкабак данеги, күнжүт жана башка) жууп, тазалап, 7-8 саатка сууга чылап коёбуз. Андан соң суусун төгүп, блендерге салып, үстүнө 4-5 стакан булак суусун куюп, бир нече мүнөт айландырабыз. Алынган массаны дакиден сүзүп өткөрөбүз. Өсүмдүк сүтү даяр. Дакиде калган массаны кургатып, таттуу десерттер үчүн колдонууга болот.

БАДАМ СҮТҮ

Бадам сүтү вегетариандар арасында абдан белгилүү. Сүттүн бул түрүн европалыктар орто кылымдан бери эле жасап келишет. Курамында каныккан майлар жок болгону менен, өсүмдүк белогуна, липид, темир, магний, фосфор, калий, натрий, цинк, Е витамини жана В витаминдер тобуна жана түрдүү антиоксиданттарга бай. Алсак 100 грамм уйдун сүтүндө 120-150 миллиграмм кальций болсо, бадам сүтүндө анын көрсөткүчү 273 миллиграмм. Демек, сүттүн бул түрү спорт менен активдүү машыккандар үчүн эң зарыл. Бадам сүтүн такай ичип жүрүү организмдеги зат алмашуу процессин, теринин, чачтын жана тырмактын сапатын жакшыртат.

Бадам сүтүн даярдоо өтө жеңил жана аны ашканада кадимки сүттүн ордуна пайдаланууга болот. Аны даярдоодо куурулбаган бадам даны керектелет. Сүттүн бул түрүнөн капучино, латте, ботконун түрлөрүн, смузи жасоого, куймак бышырууга болот.

Бадам сүтүн өлчөмүнөн көп ичүү дисбактериоз чакырат, айрым учурларда калкан безинин иштөөсүн начарлатат.

ГРЕК ЖАҢГАГЫНЫН СҮТҮ

Грек жаңгагынын маңызынан алынган сүт А, Е, С, РР жана В тобундагы витаминдерге, кальций, йод, темир, фосфорго бай.

Сүттүн бул түрүнүн бир аз ачуу даамы бар. Андыктан жаңгак сүтүнө 1 аш кашык бал кошуп ичүү керек.

Жаңгак сүтүн ичерден мурун ага аллергияңыз жокпу, тактап алыңыз.

КҮНЖҮТ СҮТҮ

Күнжүт сүтү курамындагы кальцийдин өлчөмү боюнча өсүмдүк сүттөрүнүн ичинен эң алдыңкы сапта турат. Анын 100 граммында 783 миллиграмм кальций бар. Мындан сырткары күнжүт сүтүндө Е витамини жана В тобундагы витаминдер, фосфор, темир жана цинк бар. Мындан улам диетологдор таттуудан баш тарта албагандарга дал ушул дандын сүтүн ичүүнү сунушташат.

Курамында май көп болгондуктан бөйрөк, боор оорулары жана варикоз менен жабыркагандарга, аталган данга аллергиясы барларга жана 3 жашка чейинки балдарга көп берүүгө болбойт.

АШКАБАК СҮТҮ

Өсүмдүк сүтүн ашкабактын тазаланган данегинен да алууга болот. Курамында көптөгөн антиоксиданттар, белоктор, минерал, витаминдер жана каныкпаган майлар бар. Бул сүттүн башкача даамы бар. Андыктан кофе даярдоого сунушталбайт. Крем-шорпо, салаттарга кошулма жана соус даярдоого ылайыктуу. Мындан тышкары сүттү бир аз ысытып, корица, бал кошуп ичүү балдарга да, чоңдорго да пайдалуу.

БУУДАЙ СҮТҮ

Өндүрүлгөн буудайдан алынган сүт организмди пайдалуу минералдар, ферменттер менен камсыздап, чыңдайт жана тонуста кармайт.

Буудайды тазалап, таза жууп, 7-8 саат муздак сууга чылап коюу керек. Андан соң суусун төгүп, түбү тегиз темир идишке тегиздеп салып, бетине дакини (марля) жаап, 2-3 күн өндүрүп алабыз. Өнгөн буудайды блендерге салып, үстүнө 4-5 стакан суу куюп, айландырабыз. Аралашманы дакиден өткөрүп сүзүп алабыз. Буудай сүтү даяр.

СУЛУ СҮТҮ

Сулунун үлпүлдөгүнөн сүт эле эмес, сулуулуктун жана жаштыктын суусундугун да алууга болот. Анын курамындагы антиоксиданттар, минералдар жана витаминдер теринин жана чачтын сапатын жакшыртат. Мындай сүттү 20 мүнөттүн ичинде эле даярдоого болот. 1 стакан сулу үлпүлдөгүнө 1 литр жылуу сууну куюп, 10-15 мүнөт тыныктырып коёбуз. Андан соң блендерге салып айландырып, дакиден өткөрүп алабыз. Табитке жараша кургатылган курма, бал кошуп ичүүгө болот.

КҮРҮЧ СҮТҮ

Күрүч сүтүн даярдоонун ыкмасы башкачараак. 1 стакан күрүчтү 7-8 саат сууга жибитип, андан соң таптаза кылып жууп алабыз. Эми аны блендерге салып, 7-8 стакан суу куюп айландырабыз. Андан соң алынган массаны казанга куюп кайнатабыз. Масса муздаган соң дакиден сүзүп өткөрүп алабыз. Күрүч сүтү даяр.

Эскертүү! Өсүмдүк сүтүнүн күнүмдүк өлчөмүн 2 стакандан ашырбоо керек.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
mirgul-83
2020-01-20 20:58:26
Сонун кенештер экен
0
Paol
2020-01-23 13:50:00
Даки эмне экенин айтып коесуздарбы
0
admin_portal
2020-01-23 15:55:01
Paol, саламатсызбы! Даки - бул марля.
0
Paol
2020-01-23 22:05:15
admin_portal,агаа рахмат
0
Avrora2017
2020-01-26 05:03:32
Suulunu emne deit oruscha
0
№ 898, 16-22-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан