ЭЛ АРАЛЫК ТУРНИРДЕ ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА КЫЗ-КЕЛИНДЕР КУРАМАСЫ 2-ОРУНГА ТАТЫДЫ

10-12-январда Түркиянын Стамбул шаарында өткөн эл аралык Yasar Dogu 2020 турниринде эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы 2-орунду алды.

Бул беттешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун 3 тарбиялануучусу катышкан.

62 килограммга чейинки салмактык ченде Айсулуу Тыныбекова 4 беттеште тең атаандаштарын жеңип, беттеште жеңүүчү аталды. Ал эми 76 килограммга чейинки салмактык ченде Айпери Медет кызы 3-орунга ээ болуп коло медаль тагынса, 59 килограммдык салмак ченинде Назира Марсбек кызы 1-орунду багындырып алтын медалга татыган.

Жалпы турнирдик жадыбалда Кыргыз өлкөсү 3 медалы менен 2-орунду алды. Ал эми биринчи орунга 16 медалы менен Түркия жазылган.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
bulathan
2020-01-20 09:54:33
Олимпте жеңишке жетиш, ага ччейин сакта озунду баатыр кыз
+1
Eureka
2020-01-21 09:32:20
Ушундай чемпион кыздарды даярдаган Нурбек Изабеков агайга алкыш!!! Бул кишиге эң жогорку сыйлыктарды берүүнү жана үй бүлөсүн камсыздоону мамлекет колго алуусу керек.
+1
№ 898, 16-22-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан