Концертке келиңиз
Азыр кайсы жерге барбы "Мумиё дарың жок беле?" деген ырды жок дегенде бир жолу кулагыңыз чалбай койбойт. Мына ушул сүйүктүү ырыбыздын аткаруучусу Ынак Осмоналиев жеке концертин берүү алдында турат.
– Ынак байке, саламаттыгыңызды сурайын. Жакшы болуп калдыңызбы?
– Рахмат. Ден соолугум жакшы. Кудай өзү зор сактады. Көлдөн эс алып кайткан элек. Жолду катар машинаны келинчегим айдап келаткан. Бир убакта бирөө чалып тойго чакырып калды. Анан рулду мен алып, 160 чакырым ылдамдыкка салып айдаган элем. Токмоктогу көпүрөдөн кулап кеттик. Кудай сактап бала-чакам, келинчегим болуп аман калдык.
– "Мумиё дарың жок беле?" деген аталыштагы концерт коёюн деп чечтиңизби?
– Ооба, ооруканада жатсам тааныштарым “мумиё дарың жок беле?” деп жатып, мына эми” деп тамашалап жатышты. Ооруканада жатып алты саның аман кезде баарына жетишиш керек деп ойлодум. Акыркы кезде элдин маанайы чөгүп турат эмеспи. Жакшы ырлар менен көңүлүн көтөрөйүн деген ниетте концерт бергени жатам. Анын үстүнө Эгемендүүлүк майрамы келатат. Дал ушул күнгө туштадым.
– Концертти ким уюштуруп жатат жана эмне кызыктар болот?
– Бир жолку концерт койгонго режиссёр Рысбек Жабировдон жардам сурадым. Уюштуруу иштери Рысбек байкенин колунда. Концертте өзүмдүн репертуарымдагы 15ке жакын ыр ырдайм. Мындан сырткары ырчылар жана куудулдар келишет. Калганына концертке баргандар күбө болушат. Барбай калгандарга Толик байке айтып берерине ишенем.
– Макул анда, Толик сынчыга айтып коёмун. Концертиңиз ийгиликтүү өтсүн.