Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов 2019-жылдын соңунда күтүүсүз жерден депутаттык мандатын тапшырып, “Ата Мекен” партиясынын катарынан да кетти. Саясий керьерасында күтүүсүз бурулуш жасаган экс-депутат парламентаризм, өзү иштеген Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы, акыркы чечими тууралуу парламенттик телеканалга берген маегинде кеңири айтып берди. Маектин урунттуу учурларын сунуштайбыз.
– Өтүп кеткен жылдын соңунда депутаттык ишиңиз менен кошо партиянын лидерлигин дагы өткөрүп бердиңиз. Сиз сыяктуу көрүнүктүү саясатчылардын кандайдыр бир таарынычтардан улам шайлоодо элге берген убадалар, 4 жылдык иши боюнча отчёт бербестен туруп кетип калышы туурабы? Парламентаризмди ушундай деп түшүнсөк болобу?
– Жок, менин кетишим менен парламентаризмдин бири-бирине тиешеси жок. Бул менин партия лидери менен болгон жеке мамилеме гана байланыштуу. Ал эми шайлоочулар мага “Ата Мекенден” эч качан кетпейсиң” деп добуш беришкен эмес да. Депутаттыктан кетүү бул шайлоочуларды сыйлабагандык дегендин өзү абсурд. Мындай логикага макул эмесмин. Менин кетишим – менин жеке саясий чечимим. Биздин фракция шайлоочуларга берген убадасын колдон келишинче аткарды жана аткарып жатат. Мен фракцияда жана партияда болбосом дагы, саясатчы катары берген убадаларымды аткарууга дараметимдин жетишинче аракет кылам.
– Парламентти сындагандардын көбү мурда депутат болуп иштегендер. Сиз да депутаттыктан кеттиңиз, жакын арада азыркы парламентти сындай башташыңыз мүмкүнбү?
– Андай болушу мүмкүн эмес. Анткени азыркы саясий талаада “ал жаман, бул жаман, булар кетмейинче оңолбойбуз” деген риторикадан кетишибиз керек. Менин риторикамда башка саясатчыларды жамандоо деген болбойт. Биз даңгыр жолго кантип чогуу чыксак болот деп ой жүгүртүүбүз керек. Бири-бирибизди каргап-шилеп, “менден башкасынын баары акмак” дегенди токтотушубуз керек. Мен парламентке эч качан таш ыргытпайм.
– 2011-жылдан бери парламенттик демократияга багыт алдык дегенибиз менен, өлкөдө дагы деле президенттик башкаруу күчүндө деген пикирлер айтылууда. 10 жылга жакын убакыттын ичинде депутаттар эки жакка кылчактабай, өз алдынча чечим кабыл алган учурлар болдубу? Айрыкча 6-чакырылыш...
– Кылчактабай кабыл алынган чечимдер көп эле болду. Бирок алар эч качан айтылбайт жана билинбей калып жатат. Анткени ал чечимдер коомдо чоң резонанс жаратпайт, талкууланбайт. Ал эми резонанс жараткан чоң-чоң иштерде, албетте, жогору жактын, президенттик администрациянын, керек болсо өкмөттүн таасири күч болуп, натыйжада Жогорку Кеңеш кылчактап, аларды карап түздөнүп, өз алдынча эмес чечим кабыл алган учурлар да көп эле болду.
– Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы Кыргыз парламентаризминин өнүгүшүндө эмнеси менен эсте калат деп эсептейсиз?
– Буга эл, тарыхчылар жана окумуштуулар баасын беришет. Тарыхта өтө деле жарк этип калбайт го. Жалпы коомдук пикирде “жакшы эмес” деген бааны алган парламент болдук. Мындай болушуна көп себептер болду: жаңы кодекстер, административдик айыптар, баалуу жаныбарлар, кийиктерди атпаш керек деген мораторийге байланышкан мыйзам, ушул сыяктуу популярдуу эмес, эл колдобой койгон чечимдерди кабыл алуусунан улам бул парламент сындарга кабылып калды.
– Жөнөкөй атуулдардын жашоосуна түздөн-түз таасир эткен парламенттин бир чечимин айта аласызбы?
– Уранды казууга тыюу салынышы. Бул өтө маанилүү мыйзам. Анткени Кыргызстанда уран казуу экологияга, элдин ден соолугуна, туризм тармагына зыянын тийгизмек. Экотуризм жанданып келе жатат, бирок ага мамлекеттин потенциалынын 10-15 пайызы эле иштеп жатат. Мүмкүнчүлүгүбүздүн 85 пайызы иштетиле элек. Уранды казууга тыюу салганыбыз экотуризмге багытталган жакшы иш. Мында калктын ден соолугу, табиятыбыздын кооздугун сактап калуу сыяктуу маселелер да камтылуу. Кээ бир скептиктер “уран казууга тыюу салынышы экономикага зыянын тийгизет” деп айтып жатышпайбы. Мен буга караманча каршымын. Уран казуунун экономикага келтирген пайдасы зыянына салыштырганда көзгө көрүнбөгөн кичинекей эле цифра болуп калат.
– Сиздин оюңузча, азыркы парламент жаңы күчтөр, жаңы муундагы саясатчылардын чыгышына өбөлгө түздү деп айтууга болобу?
– Жаңы саясатчылардын чыгышына өбөлгөнү мыйзамдар аркылуу түзүшүбүз керек. Азыр парламенттин кароосунда 2 мыйзам бар. Бирин “Ата Мекен” фракциясынан мен демилгечи болуп иштеп чыкканбыз, экинчисин депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев жана Жанар Акаев киргизген. Бул мыйзамдар кийинки шайлоону преференциялдуу систем же “жумшак тизме” менен өткөрүүнү карайт. Тагыраак айтканда, шайлоочулар түздөн-түз жеке адамдарга добуш беришет. Мисалы, шайлоочулар партияга гана эмес, анын тизмесиндеги белгилүү бир инсанга да добуш беришет. Азыркы системде тизмени партиянын төбөлдөрү түзсө, преференциялдуу систем буга бөгөт коёт. Мунун арты менен партиянын ичиндеги коррупция дагы жоюлмак. Ошондой эле шайлоочулар өзү тандаган адамды эл өкүлү кылып шайлап алышмак. Азыркы шайлоо системинин бир кемчилиги ушунда: партия шайлоого катышат, бирок депутаттыкка кимди алып келерин партия өзү билет. Ушул себептен элдин купулуна толбогон, эл жактырбаган адамдар партиянын атына жамынып парламентке келип калууда. – Жеке өзүңүз үчүн 2015-жылдан берки депутаттык ишмердүүлүгүңүз кандай өттү?
– Мурда аткаруу бийлигинде, сот системинде иштегем. 4 жыл юстиция министри болуп иштедим. Мага парламент абдан чоң саясий сабак болду. Анткени парламент бул бардык болуп жаткан процесстерди, экономикадагы, социалдык тармактагы, сот тармагындагы иштерди объективдүү көз караш менен кароого мүмкүнчүлүк берет. Ошол процесттерге өзүң тикелей аралашып, сенин чечимиңдин ошолорго таасири болуп, адамдын саясатчы катары, мамлекеттик ишмер катары калыптануусуна толук мүмкүнчүлүк түзүлөт экен.
– Мындан 4 жыл мурдагы Шыкмаматов менен азыркы Шыкмаматовдун ортосундагы айырмачылык кандай? Саясаттагы тажрыйба жана материалдык жактан...
– Саясий жактан абдан чоң мектептен өттүм. Чач агарды, мага кылмыш иши козголду, саясий тирешүүлөрдө алдыңкы тилкеде жүрдүм. Биринчиден – бул Кудайдын сыноосу, экинчиден – демократия үчүн кармаш. Биз авторитардык системге, башкача айтканда, президентке “өз билемдик кылганыңды токтот” деген ураан менен чыгып, ошонун запкысын тарттык. Ал эми эч кандай материалдык байлык тапкан жокмун. Мамлекеттик органдар жүз жолу текшеришсе болот. Мен депутаттык айлыгымды акыркы эки жыл аванс иретинде алып жашадым. Акча жокто бухгалтерияга барып аванс алып жүрдүм. Анткени үйдө мен эле иштейм. Бирок айлыгым жетет.
– Депутаттар ушинтип айтса эл ишенеби?
– Эл ишенеби, ишенбейби, билбейм. Бирок мен муну Кудай алдында да, Куран алдында да айта алам. Коомчулукта “кантип эле дупутат байыбасын?” деген терс пикир бар. Жанагы олигархтардын депутат болуп келиши ушундай пикирди калыптандырат. Өнүккөн өлкөлөрдө депутаттардын көбү жупуну, карапайым. Эгер преференциялдуу шайлоо системин киргизсек, айлыкка жашаган, аванс алып оокат кылган, бирок өз ишин сүйгөн, берилип иштеген адамдар парламентке келет. Парламент акча табуунун чордону, байыгысы келгендердин жамааты деген түшүнүктү тазалабасак, алдыга жылбайбыз. Олигархтар парламентти өздөрүнүн бизнесин коргоого, капиталын көбөйтүүгө колдонуп жатат деген догма калыптанды. Биз ушуну жокко чыгарып, жаңы саясий маданият жаратышыбыз керек.
– Ушул жылы өтүүчү парламенттик шайлоодо кандай жаңылыктар жана өзгөрүүлөр күтүлөт деп ойлойсуз?
– Жалпы эл саясатка шайлоо учурунда гана тикелей аралаша алат. Конституциядагы “бийликтин туткасы – эл” деген берене шайлоодо гана иштейт. Мына ушул алтын эрежени элибиз барган сайын түшүнүп келе жатат. Элдин аң-сезими өстү, мурункудай акчага сатылып же “биздин айылдын баласы эле”, “акчасы көп экен” деген адашууга барбайт деп ишенем. Эл шайлоодо силкинип, буюрса, татыктуу талапкерлерге көкүрөктөн чыккан добушун берет. Бирок шайлоо толук кандуу таза болуш үчүн мен айткан системди ишке киргизсек жакшы болмок.
– Алдыдагы парламенттик шайлоодо Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Өмүрбек Текебаев сыяктуу тажрыйбалуу саясатчылар күч сынашуусу мүмкүн. Улуу муундагы саясатчыларда шанс барбы?
– Шанс сөзсүз түрдө бар. Бизде азыр бети ачылып жаткан коррупциялык иштердин көбүн кимдер кылып жатат? Улууларбы же жаштарбы? Статистиканы карасак, жаштар көбүрөөк. Бийликке жаштар келсе эле баарын майкөл-сүткөл кылып жиберет деген – адашуу. Бийликке жарандар түз шайлаган, эл сүйгөн, эл ишенген атуулдар келиши керек. Улуу муундун парламентке келишине толук кандуу шанс бар. Ал эми ким келет, ким келбейт, муну эл өзү чечиши керек.
– Маегиңизге рахмат.
Маек "Парламентаризм сабактары" берүүсүнөн кыскартылып алынды