БИР БҮРКҮМ: АТАМБАЕВДИН КАМАКТАГЫ МӨӨНӨТҮ УЗАРДЫ...
Парламентте “Ата Мекен” фракциясынан жаңы депутат Нурбек Сыдыгалиев ант берип, кызматына киришти.
Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайда кылмышка шектүү
асынып каза тапты.
Сот мурдагы президент
Алмазбек Атамбаевди камакта кармоо мөөнөтүн 15-мартка чейин узартты.
Өкмөт башчынын биринчи орун басары Кубатбек Боронов:
“Элдин жашоосу жакшырды, айылда эч ким эшекчен жүрбөй калды”.
Адахан Мадумаров Орусиядагы Кыргыз жарандарынын шайлоого болгон укугун камсыздап берүүнү өтүнүп Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго кайрыларын билдирди.
Тажикстандын Кыргыз жериндеги элчиси
Сухроб Олимзода кызматтан бошотулду.
Бишкекте үйлөнүү үчүн
кыз ала качкан 19 жаштагы жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Парламентте үй-бүлөдө
зомбулук кылган адамдардын аты-жөнүн, сүрөтүн ачык жарыялоо сунушу айтылды.
Бишкек мэриясы
515 автобус жана 100гө жакын электробус алуу боюнча тендер жарыялоого даярданып жатканы айтылды.
Лейлекте мурдагы күйөө баласын
атып өлтүргөн 48 жаштагы жаран 13 жарым жылга эркинен ажыратылды.
Ысык-Көлдө оор жүк ташуучу унаалар сүзүшүп,
2 адам каза тапты.
2019-жылдын ноябрь айынын аягында Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы
4 миллиард 503 миллион 48 миң долларды түздү.
2020-жылы Мамлекеттик салык кызматы
93 миллиард 700 миллион сом салык чогултууну пландоодо.
Перизат Музуратбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.