ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 20-ЯНВАРДАН 26-ЯНВАРГА ЧЕЙИН



КОЙ (21.03-20.04)

Кайсы бир кырдаалдан улам жашооңузга сиңген адаттарды өзгөртүү, чөйрөнү алмаштыруу керектигин сезесиз. Айрымдар сүйүктүүсү менен маанилүү бир чечимди кабыл алышат. Иште атаандаштык күчөйт, андыктан тырышып иштеп, өзгөчөлүктү көрсөтүү керектелет. Дем алышта досторуңузду конокко чакырасыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Чөйрөдө ар бир кадамыңыз талкууга алынып турат. Андыктан жашыруун, туура эмес иштерди жасап жибербеңиз. Айрымдардын сүйүктүүсү менен тил табышуусу кыйындайт. Чыдамкайлыкты көрсөтүп, курч маселелерди козгобой туруу оң. Аптада негизинен көп иштерди жасап, кирешеңиз да көп болот.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада окууга, тил үйрөнүүгө, чөйрөнү жана акыл-эс кампасын кеңейтүүгө көңүл бөлүү кажет. Айрымдар жүрөгүнө жакын адам менен лыжа, чана тээп көңүл ачып келүүнү пландашат. Пайдасы тийчү адамдар менен мамилени бекемдөөнү унутпаңыз. Мүмкүн аларды чайга чакырасыз. Ооруп калбоо үчүн жылуу кийинүү сунушталат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Үйдөгү эмеректерди ыңгайлуу кылып которуштуруу, үйдү тартипке келтирүү зарылчылыгы чыгат. Керектүү нерселерди сатып алууга акча табылат. Жан шеригиңизге жакшы көңүл бурбасаңыз мамиле сууп кетиши ыктымал. Жумушта ишиңизди жетекчилик баалап, сыйлык бөрүүсү мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жаңылыктардан кабардар болуп туруу кажет. Анткени маселелерди чечүүдө кереги тийип калат. Ата-энеңизге же бир тууганыңызга акча жиберүүгө туура келет. Териштирүүгө кабылбаш үчүн бирөөлөр ишенип айткан сырды элге айтып салбаңыз. Апта акырында пайда болгон маселени ички туюумга карап чечиңиз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Толуп кетпөө үчүн жеген тамакка көңүл буруп, көбүрөөк кыймылдоо сунушталат. Жумушта жиниңизге тийгендер чыкканына карабастан көп иштеп, көп киреше табууга умтулуңуз. Достор менен кайсы бир иш-чараны өткөрүүнү пландайсыз. Өнөкөт оорусу кармаган тууганыңызга көңүл бөлүүгө туура келет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Өзүңүзгө ишенимди күчөтүп, кай­раттуу болуңуз. Анткени ал­дыда оор иштер күтүп турат. Керектөөлөргө аз каражат бөлбөсөңүз, карызга акча сурап каласыз. Өзүңүз тууралуу ушакты көбөйтпөө үчүн жан дүйнөңүздү ар кимге ача бербеңиз. Айрымдарды жагымдуу сюрприз күтүп турат. Апта акырында чыгармачылык менен алектенесиз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Комплекстерден арылуу жана ар тараптан өсүү жолдорун өз­дөш­түрө баштоо керек. Бул жашоону жаңы бийиктикке алып чыгуу үчүн керек. Буга чейин болуп өткөн жана сизге тийиштиги бар жашыруун окуянын түйүнү чечилет. Каражат жетишерлик болот. Карызы барлар карызынан кутулгандан тышкары буюмдарды сатып алуулары ыктымал.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Көз караштары сиздикине дал келген адамдар менен баарлашып, керектүү идеяга ээ болосуз. Майда күтүлбөгөн кырсыктар чыгат, андыктан бардык жерде абайлоо сунушталат. Үйүңүзгө келген адамдын сөзү жакпаса да урушууга жетпеңиз. Айрымдар убактылуу иштен көп киреше табышат. Бойдокторду жаңы жолугушуулар күтөт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Күмөн ойлорду артка таштап, алдыга койгон максаттарды ишке ашырууга киришиңиз. Болбосо убакыттан уттурасыз, тилектериңиз ишке ашпай калат. “Менин айтканымдай гана болот” дегенден качпасаңыз үйдө чыр чыгат. Белгиленген жолугушуудан баш тартпоо керек, ал пайда алып келет. Дем алыш күнү жекече эс алууга аракеттениңиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жумушта кылган ишиңиз жакпай, жетекчилик сынга алуусу ыктымал. Айтышпай кемчиликти оңдоо кажет. Айрымдар чет жактан жумуш караштырып башташат. Буга тааныштары жардамдашат. Келген кабар боюнча бир жакка шашылыш барып келүүңүз күтүлүүдө. Үйдөгүлөрдүн биринин ден соолугун текшертүүңүз мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Кээ бирлери спорттук мелдешке катышса, айрымдар керектөөсү үчүн банктан насыя алууну пландашат. Башкаларга жардам берүүнү артка жылдырып, өз иштериңизди бүтүрүңүз. Белек алышыңыз мүмкүн. Бойдоктор убактылуу бирөөлөр менен көңүл ачууну коюп, олуттуу мамиле түзүүчү адамды табууга аракет кылганы оң.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 20-26-январга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 898, 16-22-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан