Ильяз Абдыразаков, ырчы: «ЫРЛАРЫМДЫН БААРЫ МЕДИНАГА АРНАЛАТ»

Таланттуу ырчы, далай хит ырлардын жаратуучусу Ильяз Абдыразаков гезиттин бул жолку санынын апта каарманы. Темабыз – ырчынын жашоосундагы аялзаты. Ильяз мырзанын апасы, жубайы жана жашоосуна көрк берген кызы тууралуу баарлашуубуз кызыктуу болду.

«АПАМДЫН КӨҢҮЛҮН ООРУТПАЙЫН, ТААРЫНТЫП АЛБАЙЫН ДЕП ТУРАМ»

-Энелер – биздин бейишибиз. Апаларсыз, алардын мээримисиз бул дүйнөнү элестетүү кыйын. Мен үчүн дүйнөдөгү эң жакшы адам – апам. Апасы бар адам эң бактылуу адам. Апам дайыма жакшы жашоодо жашаса экен деп аракет кылып жүрөм. Мүнөзү жөнөкөй, боорукер адам. Мени да «жөнөкөй бол» деп тарбиялады. Экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош, мен кандай болсом, апамды да ошондой элестете берсеңиздер болот. Учурда үйдө биз менен чогуу турат. Эне да, азыркыга чейин мен үчүн сарсанаа боло берет. Жолго чыксам «жылуу кийиндиңби, курсагың токпу? Бара турган жериңе кечиккен жоксуңбу?» деп турат. Өзүм 3 баланын атасы болуп калсам да, апама азыркыга чейин эркелейм. Кээде туура эмес иш кылып койсом тил угам. Кайсы апа баласына жамандык кааласын? Бизди жакшы болсун, жакшы жашасын, жаман жолго түшпөсүн, адашпасын дейт да. Бизге, уул-келинине «ынтымактуу болгула» деп кеңешин берип, акыл-насаатын айткан киши - апабыз.

Небере таттуу болот деген чын окшойт. Балдарыма үзүлүп түшүп жакшы көрүп, ойнотуп, башкача эркелетет.

Апам бизди кичине кезибизден эркелетип чоңойтту. Чыгармачылыгыма да тоодой салымын кошту. Кыргыз шоу-бизнесинде ийгилик жаратсам, кайсы бир деңгээлде кармалып турган болсом, мында апамдын салымы чоң. Ал мени кичине кезимден музыкалык сынактарга катыштырып, концерттерде ырдатып, ырчылар менен тааныштырып жетелеп жүрдү. Азыркыга чейин бизди аяп, үйдө эркектерге тиешелүү жумуштарды да өзү жасай берет. Көрүп калсам «мындай жумуштарды кылбай эле коюңузчу» деп колунан ала калам.

Апам дайыма «силердин амандыгыңар мен үчүн чоң бакыт. Үйлөнүп, бала-чакалуу болсоңор, неберелеримдин жытын жыттасам, мага ошол жетиштүү» деп айтчу. Кудайга шүгүр, ошол тилектери орундалып жатат.

Майрамдарда көбүнчө үйдө болбой, апамды телефон аркылуу куттуктап калам. Колумдан келишинче көңүлүн алганга аракет кылганым менен, атайын арнап белек деле бербейт экем. Бирок дайым ден соолугун сурап, көңүлүн оорутпайын, таарынтып албайын деп аракет кылам. Биз эмне кылсак да, апаларыбыз үчүн аздык кылат деп ойлойм. Апам азыр 56 жашта. Өмүрү узун болуп, биздин маңдайыбызда аман жүрүшүн дайыма Кудайдан суранам.

«МЕДИНА МЫКТЫ КОЖОЙКЕ, МЫКТЫ ЖУБАЙ»

-Апам кичинемден баштап чыгармачылыгыма колдоо көрсөтүп келсе, азыр мени шыктандырып, мотивация берген адам – жубайым Медина. Жалкоолонуп жатып алсам «тур, иште, ыр жаз» деп турат.

Экөөбүздүн үй-бүлө курганыбызга 9 жыл болду. Кудайга шүгүр, ортобузда 3 балабыз бар. Чыгармачыл адам менен жашап, үй-жайды жарык, таза, тыкан кармап жүргөн Медина мыкты кожойке, мыкты жубай. Анын мени түшүнүп, колдоп турганы эле мага дем-күч. Жубайым да апама окшош жөнөкөй адам. Экөөбүз тең көп сүйлөбөгөн, жоош адамдарбыз. Отуруштарга барарда экөөбүз тең "минтип сүйлөйбүз" деп даярданып алабыз. Бирок кайра эле сүйлөбөй отуруп келебиз. Мен колумдан келишинче шайыр болгонго аракет кылам. Бирок көп окшошпой калат.

Азыр да «чыгармачылыгыңызды сыйлайм. Ага-карындаш катары сүйлөшүп туралы» деген күйөрмандарым бар. Медина буга түшүнүү менен карайт. Мындан башка жубайыма кызганууга шылтоо бербейм. Чыгармачылыгымдын күйөрмандарын жеке жашоомо өткөрбөйм.

«МЕДИНАСЫЗ ЖАШООМДУ ЭЛЕСТЕТЕ АЛБАЙМ»

-Ар бир эле үй-бүлөдө казан-аяк кагышат. Бизде да таарыныша кеткен учурлар болот. Андайда мен кечирим сурайм, муну жакшы сапат деп билем. Кечирим сурай албагандар да бар эмеспи.

Үйдөгү бардык ишти Мединага таштап коюп, чалкалап жатып алган күйөө эмесмин. Жетишпей жатса балдарды карап, азык-түлүк алып келе калып жардам берем. Себеби жубайлар бири-бирин сыйласа гана үйдө ынтымак болот. Кудайга шүгүр, 9 жылдан бери бири-бирибизди сыйлап, колдоп, түшүнүшүп жашап келатабыз.

Мединага майрам сайын белек, гүл берем, романтикмин дебейм. Ал деле «баланчаны алып бер» деп эркелей бербейт. Анткен менен жакшы сөз, жакшы мамилем менен жубайымдын көңүлүн алганга аракет кылам. Бирок аялзатынын көңүлүн алуу да оор. Анткени алардын эмне каалап жатканын түшүнүү кыйын.

Мединанын жан дүйнөсүн, өзүн жакшы көрөм. Сүйүү тууралуу ырларымдын баары ага арналат. Анткени бир гана сүйгөнүм бар, ал – Медина. Мединасыз жашоомду элестете албайм.

«КЫЗЫМДЫ БАШКАЧА ЖАКШЫ КӨРӨМ»

-2 уулдан кийин кыздуу болуп, Лиана деген ысым ыйгардык. Жашоомдогу эң кымбат аялзатынын катарын ушул 2 жашка чыга элек ширин кызым да толуктайт. Кыз киши атасына жакын болот экен, Лиана мага жакын. Апасын курсагы ачканда эле эстебесе, көбүнчө мага качат. Кыз киши камкор, күйүмдүү болот деген чын тура. Азыртадан эле агаларына караганда бизге башкача мамиле жасайт. Кечээ апасы ооруп калганда жанына барып, «жакшы болуп калдыңбы?» дегендей боору ооруп карап турганын көрүп элжиреп кеттим. Ал эми эркек балдарыма оюнчук болсо болду. Аларды бир ишке жумшасаң «оюнчук алып бересиңби?» деп турушат.

Алма сабагынан алыс түшпөйт деп коюшат го. 3 балам тең музыкага жакын. Кызым кичине кезинде ыйласа, менин ырларымды коюп койчубуз. Ыр угуп жатып уктап калчу. Азыр өзү да кыңылдап ырдап калды. Обонду бузбай ырдайт. Ыр жазып жатсам студияга кирип алып мени менен кошо «иштейт».

Биз эки эркек бир тууганбыз да. Ошондуктан кыздуу болуу биз үчүн башкача кубаныч тартуулады. Лиананы азыр баарыбыз талашып карайбыз. Негизгиси, балдарыбыз аман-эсен чоңоюшсун. Ооруу-сыркоодон, жамандыктан алыс болсун деп эле тиленип калат экенсиң. Балдарымдын келечеги кең болсо экен деп тилейм.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жубайым менен таарынышсак, мен биринчи кечирим сурайм" дейт Ильяз Абдыразаков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Aimani
2020-01-27 09:41:17
Романтик болуп жубайына эле белек бербей, апана дагы берип тур. Апалар кереги жок деп койгону менен ичинен көңүлү түшүп калат. Эркек балдар ушу да. Келинчегинин көңүлүн карап белек берип турушат, апага келгенде билбей калышат
-6
L.i.m.o.n.a.d.k.a
2020-01-27 10:49:27
Aimani,

туура окуп тушунсонор, берем деп айта албайм, романтик эмесмин деп турат.Жакшы соз айтып турам деп турат. Кыргызчаны да башкача кылып иесинер э тообоо
+16
bema_bema
2020-01-27 11:54:00
Aimani,Ондоп окусаныз,мен дагы ошон№ой тушунуп алыпмын.
+2
Dembele84
2020-01-27 10:29:52
Ильяз талантын бар жигитсин ,молодец!!!
+8
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-01-27 11:02:29
Ооба,кыз атасына жакын болот экен.Кызым эми эле кечке ата,ата дейт 7айга толдук.Бактылуу болуңуз!
+5
Edenova66
2020-01-27 11:15:20
Канат Култаев М Атабеков ж б кыйын ырчыларды чыгарган Жана билет а сиздин чынында унунуз жок ? Жок болсо чыгарбайт да
-25
Glucke
2020-01-27 13:26:24
Edenova66,Адашып жазып алдыныз окшойт.
+9
erast
2020-01-27 14:20:47
Edenova66, гон!
+2
Gulzina1993
2020-01-28 16:56:39
Edenova66,озу тааныйсынарбы Ильязды
+4
Nargiza1987k
2020-02-03 08:57:34
Edenova66,не балее деп салдын.
0
fanatka19
2020-01-27 15:15:18
АпасЫ менен аялын мактап эле бутуп калыптыр го.
+1
Batma08
2020-01-28 15:26:51
fanatka19, ошодаа
0
Mamiev
2020-01-27 15:26:27
Мен сыйлаган ырчы. Ырларын көпчүлүгүн өзү жазат обон чыгарат. Адамгерчилуктуу дагы. Бактылуу бол үй бүлөн менен. Бардык адамдарга жагыш кыйын арасынан сасыткы чыгат негатив жазып жогорудагыдай
+6
sumaya
2020-01-27 18:41:03
"Колумдан келишинче конулун алганы аракет кылганым менен,атайын арнап белек деле бербейт"-экем дейт апасына.Жубайына болсо ар майрамда белек,гул берип турам дейт.Албетте бергенин жакшы,ошол гул белекти,апана да берип турсан ар майрамда,апанын конулун алган болосун иним!
-4
Aimani
2020-01-27 19:59:58
sumaya,мен да ошол сөзүн окуп жаздым эле. Талап кетишиптир го.
-4
kakos777
2020-01-27 20:44:47
sumaya,Кайра окуп чыксанар, Мединага майрам сайын белек, гул берем романтикмин дебейм, жакшы коз менен конулун алганга аракет кылам деп турат.
+6
mela
2020-01-27 21:15:10
Акыркы учурда хит ырлары жок(((( эптеп-септеп окшош эле ырларды чыгарып калды.Концерт да койбой калды....кутуп журом. Апасынын баркына жеткен азамат .Атасы таштап кеткен экен 2баласы менен.Азыр балдары-неберелери менен жетишкен жашоодо жашайт.Буйрусун
+5
katerina.li
2020-01-27 23:33:18
Жазылганды окуп,бирок тушунбогондор толтура экен ээ,тобоо. "Майрам сайын гул ,подарка берем,романтикмин деп озумду айталбайм" деп ататко. Подарка,гул берем деген жок
+5
Alia82
2020-01-28 00:33:06
Ушундай эркектер коп болсо бактылуу аялдар да коп болмок
+4
ulua
2020-01-28 15:02:39
Ильязга тийишпегиле, убагында эн популярдуу ырчы, обончу ушул жигит болгон, мунозу сабырдуу, гул берсе бербесе маанилуу эмес, сыйласа болду да, апасын, аялын, бакыт каалайм!!!
+10
Tamara.99
2020-01-30 01:50:15
Супер-Инфонун super.kg гимн ырын биринчи жолу Ильяз Абдыразаков менен Алтынбек Алымов чыгарды азыр башка ырчылар да ырдап жатат Супер-Инфо ыры учун Наам берип койсо болмок Ильяз Абдыразакого.
+2
Arzuuda
2020-01-31 08:57:14
Чыгармачылыгы тынып калды ийгиликтерди дагы да коп ырларды кутобуз,
Белекпи гулбу биринчи апана бер анан жубайына эне деген дайым биринчи ойдо туруш керек ,тырмактайындан ушул даражага жеткирди омуру узуун балбайган бактылуу байбиче болсун!
0
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан