Үч-Теректин кызынын бири, улуусу, сулуусу Анапия Райымбекова менен баарлаштык. Анын таланты, балалыгы, жеке жашоосу тууралуу кызыктуу макаланы сунуштайбыз.
– Анапия айым, саламатсызбы? Ырчы катары кыргыз элине таанымал инсансыз. Бирок эмнегедир маек көп бербейт өңдөнөсүз. Интернет айдыңында сиз тууралуу маалымат аз экен.
– Саламатсыздарбы? Балким, ошондой чыгар. Бизди бала кезден ата-энебиз улунуп-жулкунбаган адам кылып тарбиялашкан экен. Ошол бойдон калып калдым. Өзүм азыр чоң эне болсом дагы, бала мүнөз кыялым дагы деле бар.
– Бала мүнөз ырчынын балалык чагынан кеп кылалы анда.
– Балалыгым Токтогул районунун Өзгөрүш айылында өттү. Үй-бүлөдө он бир тууганбыз. Мен төртүнчүсүмүн. Ата-энебиз бизди тартиптүү, чынчыл, ынтымактуу болууга тарбиялады. Эң улуу байкебиз аскерге кете элек курагында үйлөнүп, эрте эле очор-бачар болгон. Ал кез Совет маалы болчу. Аскерден келгенден кийин чабан болуп иштеп жүрдү. Менин балалык кезим ошол байкем менен жеңеме кол кабыш кылып жүрүп жайлоодо өттү десем болот. Каначу жана Капка деген жайлоолор менин балалыгым өткөн жерлер. Кандай гана керемет эле ал кез. Тамак бышкыча бизди уктап калбасын деп атам “Бай терек”, “Үч бир тууган” сыяктуу жомокторду айтып берер эле.
– Ата-энеңиз туурасында айта кетсеңиз. Бир эмес, үч ырчыны тарбиялап өстүргөн инсандар чыгармачылыкка жакын болушса керек?
– Ооба, атам чыгармачыл инсан болгон. Акындык, жамакчылык, обончулук, ырчылык таланты бар эле. Биздин өрөөндө аны “Кадыркул ырчы” деп коюшчу. Бала кезибизден атамдын чыгармачылыгын көрүп, ал комуз черткенде комузунун башын тиштеп алып угуп жүрүп чоңойдук. Атам алгачкы жолу 49 жашында ата статусуна ээ болгон экен. Апамдан 27 жашка улуу эле. Биз бала кезде апам үйдө конок көп тосчу. Атам болсо комузун колуна алып эле жамактап ырдап, куюлуштуруп сүйлөгөн, бакылдап-шакылдаган ачык мүнөз киши эле. Анан да спорт менен машыгып, күрөш жаатында биринчиликти эч кимге берчү эмес экен.
Мени апама көп окшоштурушат. Мүнөзү жумшак, койкойгон сулуу аял болчу. Атам өзү чыгармачыл адам болсо да ырчылык кесипти тандаганымды ага араң угузганым эсимден кетпейт. Негизи алгач борборго кеткенимде "ырчы болом" деп ата-энеме айткан эмесмин. Бир ирет каникулда айылга барып калдым. Үйдө Турду аттуу эжем бар экен. “Шаарда кайсы окууда окуп жатасың?” деп сурады. Ошол жерден ата-энеме да жооп берүүгө туура келди. “Анда ырчы болсоң ырдап көрчү” дешип ырдаганымды сынашкан. Ага чейин уялчаактыгымдын айынан ата-энеме деле ырдап бербептирмин. Чындыгында мектеп курагымда уялып такыр ырдачу эмесмин. 10-классты аяктап жатканыбызда мени кыйнап жатып ырдатышканы эсимде. Бетим кызарып жатып бир ырды араң ырдагам. – Алгач Бишкекке ким болом деп келдиңиз эле?
– Мектепти аяктагандан кийин 1 жыл ата-энеме жардам берип окууга тапшырган эмесмин. Кийинки жылы Бишкекке ырчы болууну самап келдим. Бирок убагында керектүү даректи таппай калып, айласыздан №3 кесиптик-техникалык окуу жайында окуп калдым. Ал жактан көркөм чыгармачылык ийримдерине катышып жүрдүм. Ошол жерден бир музыкант байке үнүмдү угуп, “сен филармонияга барышың керек” деп өзү ээрчитип барган. Ал жерден эстрадалык студиянын вокал бөлүмүндө окуп калдым. Улукмырза Полотов агайдын алгачкы окуучуларынан болдум. Талантым бааланып, 1986-жылы Карамолдо Орозов атындагы оркестрге кабыл алынгам.
– Эки сиңдиңиз менен трио болуп чыгуу кимдин идеясы болду?
– Алгач мен ырдап жүрдүм. Эки сиңдим мени ээрчишип, “биз дагы ырдап чыгалы” деген ойлорун билдиришти. Экөөнүн улуу эжеси катары бүгүнкү күнгө чейин ээрчитип жүргөнүмө сыймыктанам. “Үч-Теректин үч кызы” деген атка конуп, аздыр-көптүр элибизге кызматыбызды кылып келе жатканыбызга быйыл 25 жылдын жүзү болуп калыптыр. “Дайыма ээрчишип жүрөсүңөр, бири-бириң менен урушуп кетпейсиңерби?” деп да сурап калышат. "Бизди ата-энебиз ушундай ынтымактуу болууга тарбиялашкан экен" деп күлүп калабыз. Бир жерге үчөөбүздүн бирибиз же экөөбүз эле барып калсак да толук кандуу болбой калабыз. Кудайга шүгүр, кайда барбайлы улуулардын батасын алып, кичүүлөрдүн сыйына арзып, буюрса, ынтымактын символундай болуп али далай ырдайбыз. – Эми жеке жашооңузга келсек. Өмүрлүк жолдошуңуз, балдарыңыз туурасында айтып берсеңиз.
– Чыгармачылык деп жүрүп 28 жашымда турмушка чыктым. Таластын Бакайыр деген жеринин кулуну Басылбек деген жигит менен филармонияда иштеп жүрүп таанышып, үй-бүлө курдук. Өтө таланттуу инсан. “Камбаркан” ансамблин түптөгөндөрдүн бири. Ар бир адам маңдайына жазылган тагдырды көрөт экен. Экөөбүз 4 жылдан кийин эки ажырым жолго түшкөнбүз. Ортобузда Азат аттуу уулубуз бар. Кийин 2001-жылы тагдыр мени Кыргыз Эл артисти, театр режиссёру Алмаз Сарлыкбековго жолуктуруп, экөөбүз баш кошконбуз. Экөөбүздү чыгармачылык табыштырды десем болот. Суусамырга малчыларга концерт коюп барганбыз. Ошол чыгармачылык топту Алмаз агай жетектеп, ошондо жылдызыбыз келишип калган. Азыр да Токтогулга баратып Суусамырга жеткенде ошол күндөр көз алдыма тартылып, жүрөгүмө жагымдуу сезимдер келе калат. Андан көп узабай таттуу, сыйкырдуу сөздөрүн арнап, “баш кошолу” деген сунушун киргизди. Ойлонгонго да көп убакыт берген жок (күлүп). Бат эле бирге түтүн булатып баштадык. Жашоонун ысык-суук, ачуу-таттуу күндөрүн бирге басып өттүк. 40 жашымда экөөбүздүн Эмир аттуу уулубуз төрөлдү. Буга чейин ал кишинин эркек баласы болгон эмес экен. “Тукумумду улаган уул төрөп бердиң” деп аябай кубанган. Кийин 2008-жылы күтүүсүз бул дүйнөдөн өтүп кетти. “Арбагы ыраазы болсун” деп ага дуба кылып келем.
– Ушул жерден сурай кетейин. Жакында эле социалдык тармактагы баракчаңыз аркылуу жолдошуңуздун үйүн төрткө бөлүп алганыңыздар тууралуу билдирүү жаздыңыз...
– Биз баш кошкон кезде жолдошумдун жер үйү бар экен. Анда мен өзүмдүн көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батиримде жашачумун. Баш кошконубуздан кийин өзүнүн үйүнө көчүрүп келип, ошол үйдө жашап калдык. Кийинчерээк Алмаздын демилгеси менен батиримди сатып жибергенбиз. Жолдошумдун көзү өткөндөн кийин үйүбүз талашка түштү. Жыйынтыгында сот анын мурунку никесинен кызына, баласына жана уулум Эмир экөөбүзгө деп төрткө бөлүп коюшту. “Кыштан чыгып алалы, жаз алды менен көчүп кетем” деп суранганыма карашкан жок. Ичимден жаман болдум. Ошол абалымды элиме айтып жеңилдеп алдым десем болот. Алар тууралуу жакшы да, жаман да айткым келбейт. Бир чети ушунчалык жеңилдеп, бир оор жүктөн арылгандай болуп калдым. Менде мындан ары баары сонун болоруна ишенем. Болгону бүгүнкү күнүм эртеңкиме сабак болду.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg