Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго дагы бир айып тагылганы маалым болду. Башкы прокуратуранын маалыматына таянсак, Аскер прокуратурасы генерал Асановго “кызмат абалынан кыянат пайдаланган” деген айып такты.
– Алдын ала маалыматта, вице-премьер Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматына кармалганы боюнча жазган түшүнүк катын Курсан Асанов журналисттерге берген деп шектелет. Документ өзгөчө сыр болгондуктан, ага атайын гриф коюлган. Курсан Асанов айрым маалыматтар боюнча, түшүнүк катты “Чындык” гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековго берген. Редактор аны гезитине жарыялаган. Ушундан улам, журналист азыр кылмыш жоопкерчилигине тартылууда,- деп жарыялашты айрым ЖМКлар.
Журналист Бейшенбеков Курсан Асановго ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскер прокуратурасына суракка чакырылып жаткан. Ал 20-январь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени тууралуу маалымат тараган. 21-январда ал 2 айга үй камагына алынганы белгилүү болду.
Айта кетсек, Жеңиш Разаков Кыргыздын вице-премьери. Коопсуздук, чек ара маселесине жооптуу.
Перизат Музуратбекова
politika@super.kg