“24 KG” САЙТЫ СОТТО “МАТРАИМОВДУ КОРРУПЦИЯГА КҮНӨӨЛӨГӨН МАТЕРИАЛГА ДАЛИЛИБИЗ ЖОК” ДЕДИ

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 3 сайттын үстүнөн жазган арызы боюнча соттук териштирүү жүрүүдө. Арыз ээси “Азаттык”, “24.kg” жана “Клооп” сайттарынын үстүнөн даттанган. “24.kg” сайтындагы материал “Контрабандалык схемалар Райымбек Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттердин иликтөөсү” деген аталышта жарыяланган эле.

20-январда Бишкектин Свердлов райондук сотунда өткөн отурумда “24.kg” сайты артка чегинди. Сайттын өкүлү Эмил Жандаев аталган материал боюнча далил жоктугун айтып, доогер тараптын сунушун угуп көрүүгө даяр экендиктерин билдирди. Тагыраагы, доогердин адвокаты сотто аталган сайттын өкүлүнөн “коррупциялык схемалар мен кызыкчылыгын коргоп жаткан адамга алып барат деп жазганыңарга далил барбы?” деп сурады. Буга Эмил Жандаев “ал материалдын темасы “24.kg” тарабынан жазылганы ырас, бирок далилдер жок, буга байланыштуу биз сунуштарды угууга даярбыз” деп жооп берди. Ошондой эле аталган сайт журналисттик иликтөө жүргүзбөгөнүн, “Азаттык” менен “Клооптун” материалына ээлик кылбай турганын, колдорунда эч кандай далил жок экенин кошумчалады. Соттук териштирүүдөгү мындай бурулуш коомчулукта сөз эркиндиги менен катар жоопкерчилик да болушу керек деген коңгуроо какты.

Райымбек Матраимовго “Ата Мекенди” коргоо менен аты чыккан юрист Канатбек Азиз жактоочулук кылууда. Ал учурда ар бир редакция доогер менен элдешүү варианттарын карап жатат деп билдирип, “биздин позиция – чындыкка жетүү” деди.

Айта кетсек, доогер Райымбек Матраимов буга чейин “Азаттыктын” иликтөөсүндө сөз болгон 700 миллион доллардын 7 тыйынына да тиешеси жоктугун айткан. Гезиттердин бирине берген маегинде ал “журналисттер эмнеден коркот, түшүнбөйм. “Сотто далилдей албай калабыз деп коркобу? Чыгарган маалыматтарынын чындыгына көздөрү жетсе, анда сот алдында далилдеп беришсин” деген эле.


Перизат Музуратбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан