РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВДУН КЫЗЫ СОЦИНТЕРНДИН ЖЕТЕКЧИСИНЕ ЖАРДАМ СУРАП КАЙРЫЛДЫ

Учурда тергөө абагында жаткан саясатчы Равшан Жээнбековдун кызы өткөн аптада Бишкекке иш сапары менен келген Социнтерн уюмунун жетекчиси Луис Айалага кайрылуу жасады. Кайрылуу Айала менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын жолугушуусу учурунда жасалды.

“Атам 20 жылдан бери сөз эркиндиги, адилеттик үчүн күрөшүп, өлкөбүз прогрессивдүү, демократиялык өлкө болсун деп жүрөт. Ал профессионал саясатчы. Бир нече апта мурун кичүү сиңдим мектептен келип, классташтары ага “атаң түрмөдө, ал жаман адам” деп айтышканын айтып келди. Биз ага чындыкты айтып, көңүлүн ооруткубуз келген жок. Болгону 9 жашта. Сиз бизге жардам бере аласыз деген үмүттөмүн”,- деди саясатчынын кызы.

Социнтерн – штаб квартирасы Лондондо жайгашкан өкмөттүк эмес эл аралык социал-демократиялык уюм.

Айта кетсек, Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал Кой-Таш окуясы боюнча “массалык баш аламандык уюштуруу жана барымтага алуу” кылмышына шектелүүдө.


Перизат Музуратбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан