“АТА МЕКЕН” БИШКЕК, НАРЫН ЖАНА ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ КООРДИНАТОРЛОРУН АЛМАШТЫРДЫ

18-январь күнү Нарын шаарында “Ата Мекен” партиясынын облустук конференциясы өттү. Жыйынга “Ата Мекендин” төрагасынын орун басары Наталья Никитенко, партиянын Бишкек шаары, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча жаңы шайланган координаторлору Улан Турдалиев, Бакыт Рыспаев, Эрлан Аскаров жана “Ата Мекендин” төрагасынын орун басары, мурдагы вице-спикер Асия Сасыкбаева катышты.

Жыйында өлкөдөгү социалдык-экономикалык, саясий кырдаал, партиянын иш-чаралары талкууланды. Партиянын үстүбүздөгү жылдын 20-мартында өтө турган кезексиз XIII съездине делегаттар, партиянын облустук уюмунун жетекчи органдары шайланды.

“13-январда партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев кезексиз курултай чакыруу токтомун чыгарары менен партиянын Нарын облустук уюму жыйынга чогулуп, “Ата Мекендеги” ынтымакты жана мобилдүүлүктү көрсөттү”,- дешет уюштуруучулар.

Буга чейин партиянын Нарын облустук координатору Алмамбет Шыкмаматов болуп келген. Ал 2019-жылдын соңунда “Ата Мекенден” кеткенин жарыялаган. “Ата Мекен” партиясы Шыкмаматовдун ордуна курч, дилгир жаштар келип, лидерликти улантууга бел байлашты деп билдирди. Партиянын Ысык-Көл облустук координатору Бакыт Рыспаев буга чейин 5 жыл Тоң районунун акими болуп иштеген. Бишкек боюнча координатор болуп жаңы шайланган Улан Турдалиев тууралуу партиядан “лидерлерди убакыт, кыйын сыноолор жаратат. Турдалиев партиянын эң оор күндөрүндө, акыркы үч жылда лидерлерди куугунтуктап, камап жатканда, жаштардын башын кошуп, партиянын митингдерин, ар кандай иш-чараларын уюштуруп, алдыңкы сапта жүрдү” деп билдиришти. Партиянын билдиришинче, бул иштер – “Ата Мекендин” жаш лидерлер менен жаңыланып жатканынын белгиси.


Перизат Музуратбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан