БИР БҮРКҮМ. АЙДООЧУГА АЙЫП ПУЛ АЗАЙДЫ...

  • Өлкөдө жол эрежесин бузуунун 8 түрү боюнча айып пулдун суммасы азайтылды. 3000 сомдук айыптар 1000 сом болду.
  • Кыргызстанда туулган сиам эгиздеринин бири Гита рак илдети менен күрөшүүдө. Зита 2015-жылы оорудан улам каза болгон.
  • Өкмөттө Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү комитети түзүлдү.
  • Бишкек мэриясы: Борбор калаада Жаңы жылдык иш-чараларга 5 миллион сомдон ашуун акча жумшалды.
  • IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркиянын Изник шаарында өтөрү белгилүү болду.
  • Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү үчүн 70 объект сүрдүрүлө турганы айтылды.
  • Өлкөдө алкоголдук ичимдиктерге болгон акциздик салык жогорулады.
  • Орусияда мигранттар үчүн Call-борбор ачылды. Адистер кыргызча да сүйлөшөт.
  • Ошто "Казак" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү М.У. камакка алынды.
  • Мамлекеттик чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында 2019-жылы 38 миллион сомдук мыйзамсыз товар колго түшүрүлгөн.
  • Бакыт Төрөбаев: "Өкмөт Кытайда катталган вирус боюнча алдын ала чараларды көрүшү керек".
  • АКШ Кыргыз жарандарына виза берүүнү чектөө маселесин карап жатканы айтылды.
  • 22-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылган митинг өттү.
  • Билим берүү министрлиги: Ушул жылдан тарта 10-11-класстын окуучулары өзү тандаган гана сабакты окуп башташат.

Перизат Музуратбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан