Футбол фанаттары “Барселона” же “Ювентуста” эле десеңиз жаңыласыз. Накта күйөрмандар Кыргыз футболунда да көп. Алар “Ак шумкардын” 90 мүнөттүк оюнун көрүү үчүн миңдеген чакырым жол басууга, стадиондо үнү чыкпай калгыча кыйкырып атмосфера жаратууга даяр.
ЭСЕННУР АЛМАЗБЕКОВ 23 ЖАШТА.
Футболго бала кезинен тарта кызыгат. Учурда Кыргыз улуттук курамасынын накта күйөрманы, аны иш жүзүндө көрсөтүп келе жатат.
– Салам, Эсеннур. Футболго канча жашыңда кызыгып, качан фанатизм доору башталды?
– Футболго кызыгуум бала чактан башталды. Ал эми бул оюнга фанатизм 7-класста күчөдү десем болот. Ал кезде теңтуш балдар “Реал Мадрид” жана “Барселона” клубдарына күйөрман болушчу. Аларга кошулуп мен да футбол ааламын башка боёктор менен көрө баштагам.
– Алгачкы жолу Кыргыз курамасынын оюнун стадиондо көргөнүң эсиңдеби?
– 2013-жылы 19-ноябрда Бишкекте Кыргызстан – Азербайжан беттеши өткөн. Ушул күнү биринчи жолу Кыргыз курамасынын оюнун стадионго барып көргөм. Анда 17 жашта болсом дагы фанаттардын секторун түзүп, улуттук курамга жогорку деңгээлде колдоо көрсөтүүгө аракет кылганбыз. Анда стадионго азыркыдай көрүүчү келчү эмес. Абдан эле аз болчу.
– Кыргыз курамасынын чет өлкөдөгү оюндарын көрүү үчүн автостоп менен чет мамлекеттерге барып жүрөсүң. Ушул тууралуу сүйлөшсөк...
– Биринчи жолу 2016-жылы автостоп менен Тажикстан – Кыргызстан беттешин көрүү үчүн Дүйшөмбүгө баргам. Жолго чыгарда “сапар кандай болот, ата-энеме эмне деп айтам?” деп коркком. Эртең жөнөйм деген түнү уктай албай, аябай ойлонуп чыктым. Эртең менен кийимдеримди сумкага салып, үйдөн чыгып баратсам апам “балам, кайда бара жатасың?” деп сурап калды. “Досумдун кийимдерин берип келейин” деп чыгып кеттим. Бишкектен чыгып кеткенден кийин гана үйдөгүлөргө футболго кеткенимди айткам.
Үч күн дегенде Тажикстанга жеттим. Биринчи күнү Ошко жетип түнөдүм. Эртеси Чоң-Алайда, Кыргыз-Тажик чек арасына жакын Кара-Мык деген айылда жатып калдым. Үчүнчү күнү Дүйшөмбүгө бара жаткан КамАЗ чыгып калды. Аны менен 300 чакырым жолдо 22 саат жүрдүк. Башкысы, оюнга жетишип бардым.
– Андан кийинки сапар Азербайжан, Бириккен Араб Эмираттары болуп уланды...
– Ооба, 2018-жылы Кыргызстан Баку шаарында Азербайжан менен ойнойт дегенди угарым менен ал жакка барууну чечтим. Чөнтөгүмдө 8 миң сом гана бар болчу. Бакуга жетүүнүн эң арзан жолун издедим. Адегенде Бишкектен Алматыга, андан ары поезд менен Атырауга бардым. Автостоп менен Астраханга, Грозныйга жеттим. Ал жактан Грузиянын борбору Тбилисиге, Тбилисиден Бакуга жөнөдүм. Ошентип 8 күн дегенде Бакуга жетип, оюнду көрдүм.
2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогуна баруу үчүн да акчам жок эле. Бирок каалоом аябай күч болчу. Визаны жана учакка билетти рассрочкага алып, учуп кеттим. Чөнтөгүмдө 70 доллар гана бар, атүгүл жатаканага төлөөгө акчам жок. Бирок бул мага тоскоол боло албады. Ал жактан Чолпонбек деген байкени жолуктуруп калдым. Аны менен сүйлөшүп алып, анын 3 жылдыздуу хостелдеги номеринде 5 күн эч кимге билдирбей түнөп жүрдүм.
Тайпалык баскычтын акыркы оюну Филиппин менен эле. Кийинки оюнга менде билет жок болгондуктан кетүүгө камынгам. Бирок ал жактагы кыргыз байкелер сен командага жакшы дем-күч берет экенсиң деп оюнга билет алып беришти.
– Өлкөдө фанаттардын кыймылын өркүндөтүү үчүн кандай иштер жасалышы керек деп ойлойсуң?
– Клубдарды алсак, ар бир футболдук клуб күйөрмандар менен тыгыз иштеши керек. Күйөрмандар футболго эмне үчүн келет? Алар майрамдык атмосфера үчүн келишет.
А бизде андай жок, жадакалса Кыргыз Премьер-Лигасы өтүп жатканы тууралуу элде маалымат жок.
– Улуттук курамдын былтыр күздө Япония жана Тажикстан менен өткөргөн оюндарына кандай баа бересиң?
– Япония менен абдан жакшы ойношту. Ушул сымал мыкты командалар менен ойноо биздин курамга жакшы тажрыйба болот. Ал эми Тажикстан менен оюнду утуш керек эле. Бирок жеңишке жетүүгө эмне жетишпей калды айта албайм. Ал оюнду мен толук көргөн жокмун. Себеби стадиондо атмосфера жаратуу үчүн кыйкырып жатып, оюнду толук көрө албадым.
– Кыргызстан жакынкы жылдары Дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычына чыга алабы?
– Реалдуу карасак, жакынкы 10 жылда Кыргыз курамасынын Дүйнө чемпиондугуна катышуу мүмкүнчүлүгү аз. Бирок биздин курама команда Азия Кубогуна стабилдүү түрдө катыша турган командага айланышы толук мүмкүн.
– Автостоп менен футболдук беттештерге барам деген күйөрмандарга кандай кеңеш бересиң?
– Бул кадамга барам деген күйөрмандарга чечкиндүү болгула, эч нерседен коркпогула дейт элем. Дүйнөдө жакшы адамдар көп, эч качан жолдо калбайсыңар. Албетте, кыйынчылыктар, ыңгайсыздыктар болот. Бирок сен чындап фанат болсоң, стадиондун өзүнө барып, футболдук атмосфераны сезгиң келсе, анда акчаңдын жоктугу көйгөй эмес. Автостоп менен барып келүү дайыма мүмкүн, бир гана каалоо керек. Динде “үч түрлүү кишинин дубасы кабыл болот” деп айтылат. Ошол үч кишинин бири – сапарга чыккан адам. АЛИ ИФЛАЗОГЛУ
Кыргыз курамасы ойногон беттештерде дайыма Кыргызстан жана Түркиянын желегин көтөрүп алып күйөрмандарга дем берип келет. 2019-жылы Али мырзаны Футбол федерациясы “Мыкты күйөрман” деп таап, ага ыраазычылык кат тапшырды.
– Али мырза, канча жылдан бери Кыргыз курамасына күйөрмандык кылып келесиз?
– Беш жыл болду. Кыргыз өлкөсү Австралия курама командасы менен беттешкенден бери күйөрманмын. Анткени Кыргыз-Түрк элдери бир тууган.
– Ар бир беттешти калтырбай көрөсүзбү?
– Ооба, калтырбай көрөм. Билети жок стадионго кире албай калган бир туугандар да болот. Колумдан келишинче 5-10 билет сатып алып, аларга берем. Чогуу кирип стадиондо Кыргыз курамасын колдоп турабыз. Кыргызстан менен Түркиянын желегин кармап 90 мүнөт кыйкырып турам. Албетте, колум талыйт, оюндан кийин тамагым ооруп, үч күн үнүм чыкпай жүрөт. Кыргыз курамасы үчүн буга да кайылмын.
– Желек көтөрүп алып сүрөө фанат катары сиздин өзгөчөлүк окшойт?
– Антсе да болот. Күйөрмандарга дух бериш керек да. Футбол эмес, кино көрүп жаткансып үнсүз отура беришет. Аларга дух, энергия берип жандандырыш керек. Рахмат, бир туугандар стадиондо жакшы колдоп башташты. Буюрса, Кыргыз курама командасынын келечеги алдыда.
– Көп жылдан бери фанатсыз. Кыргыз курамасында сиз жактырган оюнчу ким?
– Мен Кыргыз курамасынын оюнчуларын да, машыктыруучусун да баарын сыйлайм. Анткени биз бир командабыз, бир тууганбыз. 11 футболчу ойнойт, 8и алмашууга даяр турат. Эң башкысы – улуттук команданын формасын кийген ар бир оюнчу мен үчүн Кыргыздын намысы.
Кубан Жумамидинов,
Алтынай Тынышова
sport@super.kg