ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ КАНАТ КУЛТАЕВГЕ НААРАЗЫ

Эстрада ырчысы Дайыр Исмадияров социалдык тармактагы баракчасына “Музыка” каналынын продюсери Канат Култаевге болгон нараазычылыгын жазып чыкты. Анда ырчы мындан үч жыл мурда “Көгүлтүр от” берүүсүнө тартылуу үчүн аталган каналдын продюсерине акча бергендигин дагы кошумчалаган.

– Мага “эмнеге клиптериңиз “Музыка” каналынан кетпейт?” деген суроо көп берилет. Баарына эле түшүндүрүп КТРди жамандап отура албайм. Эми бүгүн чындыкты айтам. Акыры убакыт жетти окшойт. Эсиңиздерде болсо, өткөн жумада “Биз баскан жолдор” аттуу ырыма тартылган клип жарык көрдү. Өзүм да күткөн жок элем. 4 күндүн ичинде YouTube каналында 400 миңге жакын көрүү, 10 миңден ашык “жакты” белгиси басылыптыр. Мындай нерсе чанда гана болору маалым. Албетте, бардык эле ырчылар сыяктуу мен дагы ырымдын КТРдин “Музыка” каналынан кетүүсүн каалап, ырымды жөнөткөм. Бирок “актёрлор жакшы ойной алышкан эмес, ыр начар” жана башка ушул сыяктуу жүрөк муздаткан шылтоолорду айтып кабыл албай коюшту. “Тарбиялык мааниси күчтүү болсун, бала жок деп эле ажыраша бербей, сабыр кылышсын” деген максатта тартканбыз. Эми “Музыка” каналындагыларга актёрлор жагыш үчүн Голливуддан актёр чакыралыбы? Акылга сыя турган нерсени талап кылышса болбойбу? Буга чейин дагы “Алма сунсам колуңа” деп аталган ырыбыздын клибин “чыгымы жок тартылган” деп да албай коюшкан. Эми ушул да шылтообу? Кудайды карашса боло. Кечирип коюшсун, кыргыз ырчылары миллион доллар коротуп клип тарта тургандай даражада эмес. Жеке эле менин клиптеримдин жарабай калышынын чоң себеби бар. Айтпай жүрдүм эле, эми айтайын. “Музканалдын” продюсери Канат Култаев экөөбүздүн пикирибиз келишпей уруша кеткенбиз. Ал мурда КТРКнын “Көгүлтүр отуна” тартылууга акча алып, бирок катыштырбай койгонунан башталган. Ал аз келгенсип акчамды кайтарганга шашкан эмес. Жашоодо мындай нерселер боло берет. Ал Канат байке экөөбүздүн жеке мамилебиз болчу. Ал киши жеке мамилени жумушка сүйрөп, өчөшкөн ырчылардын клиптерин өткөрбөй коёбу? КТРК салык төлөп жаткан элдикиби, (эл катары мен дагы салык төлөйм) же Култаевдин жеке менчик каналына айланып кеткенби? Эмнеге бардык талаптарга жооп берген клиптерибиз каналга өтпөй калууда? Мен бул нерсеге нааразымын жана каршымын. Мындай бөлүп-жарган мамиле туура эмес.

Ырчынын бул билдирүүсү боюнча жооп алуу үчүн продюсер Канат Култаев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Андыктан Коомдук каналдын көркөм кеңешинин төрагасы Мирлан Самыйкожонун бул окуя боюнча сөзүн уктук.

– Азырынча аталган ырчынын билдирүүсү боюнча маалыматым жок экен. Ошентсе да жаралган жагдай боюнча мындай дейт элем. Бизге жумасына 30-40ка жакын клип, долбоорлор жана КТРКнын ички көрсөтүүлөрү келип турат. Аларды карап чыккандан кийин Көркөм кеңеш кайсы клипти эфирге чыгарса болорун же болбосун түшүндүргөн атайын протокол түзүп, “Музканалга” жөнөтөт. Биздин жооп ошондо жазылган.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
katerina.li
2020-01-27 09:43:29
Ушу ырчы бироону тарбиялабай жон эле журсочу
0
Dembele84
2020-01-27 10:33:17
Исмадияровдун ырын да укпайм,уккум да келбейт!
+3
Azura
2020-01-27 14:03:57
Корком кенешинин торагасынын Маалыматы жок болгудай башка планетада жашайт экенби?
+6
admin_portal
2020-01-27 16:12:16
fanatka19, katerina.li, далилсиз маалыматтарды жазууга, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
+2
ainura220888
2020-01-28 17:34:32
Бирок алма берсем колуна деген ыр жакшы чыккан жана тартылган ырчылар ачык чачык кийинбей соонун аткарышкан арасында элге эмгеги сингендер аз эмес. Жана ал эски ыр чыгарып койсо болмок.
+4
Nursul
2020-01-29 20:40:31
Исмадияровдун ырларын укпайм делего бирок азыр не көп ырчылар көп саны бар сапаты жоктор аларга караганда Исмадияровдун ырлары угумдуу элего дейм. КТРК каналына болсо сөз жок ооздоруна акчаны тыксан анан ырыңды чыгарышат.
+2
ulua
2020-01-30 09:02:47
Акча, акча, акча кайда караба, коп сонун ырдар видеоклиптер бар, чыгарышпайтго, корсо, акча экенда алар дагы.
0
AiperiO
2020-01-31 02:38:18
Музыка каналын, КТРны Култаев "менчиктеп "алган негизи эле... Жакса коет, болбосо жок. Исмадияров деле аракет кылып жатат. Олло жаман, мааниси жок деле ырлар кетип жт го...
+3
gulzat85
2020-01-31 15:29:13
Клип чын эле орой тартылыптыр.мага жаккан жок
-1
katerina.li
2020-01-31 18:37:32
Канат култаевди кетириш керек.
+1
Meerman
2020-02-01 23:40:10
Мен ырды да клипти да коргон уккан жокмун бирок дыкымдыш, думбадумго караганда мааниси бардыр. 2мааниси жок ыр такай коюлат.
0
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан