Кыргыз эстрадасындагы жылдыз түгөйлөр Аваз Акимов менен Айдана Дека кыздуу болушту. 16-январь күнү түнкү саат 12де Бишкектеги төрөтканалардын биринде жарык дүйнөгө келген наристенин салмагы 3 килограмм 330 грамм, боюнун узундугу 51 сантиметр. Жаңыдан ата статусуна ээ болгон ырчы Аваз Акимов үй-бүлөсүндөгү кубанычтуу кабары менен бөлүштү.
– Ата болуу сезимдери абдан сонун экен. Алгач кооптонуп “Айдана төрөөрдө бир жакка кетип калам го” деп ойлоп жаткам. Бирок чыдабайт экенсиң, төрөткө өзүм катыштым. Учурда эне-баланын абалы эң сонун.
Ат тандоого келгенде атамдар дүйнө жылдыздарынын арасынан ылайыктуу ысым издеп жаткандыктарын айтышып, 2-3 вариант жөнөтүштү. Биз дагы өзүбүздүн варианттардан жөнөткөнбүз. Атам арасынан тандап Ариана деген ысым ыйгарды. Ата-энем Бишкекке келе албай калышса дагы, видеочалуу менен байланышып, небересин көрүштү. Алардын да кубанычында чек жок.
Бул жума маданият өкүлдөрү үчүн абдан кубанычтуу жума болду десек болот. Себеби 18-январь күнү актёр, тамада Азамат Исмаилов экинчи ирет уулдуу болсо, эстрада ырчысы Сапар Эркебаев 20-январь күнү үчүнчү ирет ата статусуна ээ болуп, уулдуу болду. Ал эми дагы бир сахна жылдызы Максат Садырбеков жубайынын кош бойлуу экендигин, буюрса, жакында ата болорун күйөрмандарына кабарлады.