Казакстандын белгилүү "Ninety One" Q-рор тобу Бишкекке келет. Популярдуу топ кыргыз-казак биргелешип тарткан “Карта мечты” аталышындагы фильмдин жабык көрсөтүлүшүндө концерт бермекчи. Казакстандын шоу дүйнөсүнө өзгөчөлүк алып келген бул топтун концерти 1-февралда болот. "Ninety One" тобунун Бишкекте боло турган концертинин уюштуруучусу, ырчы Гүлзат Мамытбек төмөнкүлөргө токтолду:
– Дагы бир нерсени сыр сактагым келбей турат. Кореялык поп-музыка азыр абдан популярдуу. Ал эми кореялык "BTS" тобу учурда Майкл Жексондон дагы популярдуу. Учурунда Майкл Жексон концертинин билеттерин интернет аркылуу 40 мүнөттө саткан. Ал эми k-рор`чулар 4 мүнөттө билеттерин сата алышат. Буюрса, "BTS" тобун Казакстанга алып келип, концертин берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мен албетте, бул нерсе жакшы жагына чечилет деп турам. Анткени уюштурууну кыргыздар жана казактар өз колуна алышты.