ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Асман палатадан чыккан дарыгердин жүзүн көрүп жүрөгү селт этти.

– Аман алып кала алган жокпуз.

– Атам кана? Эмне болду атама?- деди Асман бул сөздөрдүн маанисин түшүнбөй. Палатага чуркап кирди. Жүзүн жаап жатышыптыр.

– Жок, атам дем ала албай калат. Жаппагыла,- деп тиги кишинин колун кагып жиберди. Атасы купкуу, муздак экен.

– Кеткиле, мен атам менен жалгыз калам.

– Чоң кыз, андай болбойт да.

– Аз убакыт...- кыздын кескин үнүнөн баары чыгып кетишти. Алакандары менен атасынын сакалы өскөн жүзүнөн сылады. Кичинесинде алакандары менен жүзүн сылап уктачу. Атасынын жыты! Тамеки аралашкан атасынын жытын эми эч унута албас. Жүзүн тиктей берди. Мемиреп уктап жаткандай. “Дагы канча жыл жашайм, балким, эсимден чыгып кетет” деп ойлоп алды. Ушул абалында эстеп калгысы келди.

– Ата, мен сени жакшы көрөм. Мен кандай болбоюн сенин кызыңмын. Жакшы укта, тынч укта. Эч кабатыр болбо. Үй-бүлөбүздү мындан ары мен карайм. Айжанды да, өзүмдү да карайм. Күчтүү болом, ата,- деп колдорунан өптү. Бир аз убакыттан кийин эсинен танып калган кызды палатадан алып чыгышты.

Эсине келип эки жагын карады. Ордунан турганга аракет кылды. Оюна биринчи келген ысым Айдар болду. Бирок телефону өчүк экен. Шалдайып туруп калды. Аны ушул абалында бир гана Айдар түшүнмөк. Кайда ал? Кыска убакыттын ичинде агасына аябай байланып калганын сезди.

ххх

Ордунан турса Айдардын башы ооруп калыптыр. Түндө элес-булас эмне болгонун эстегенге аракет кылды. Эшик ачылганда төшөктү чүмкөнө калды.

– Тур эми, уялыштын кереги жок. Муздак айран алып келдим, ич.

– Эч нерсе барбай жатат, ата.

– Ич дейм.

Атасынын өкүм үнүнөн улам аргасыз айранды ичти. Дароо окшуп жибере жаздады.

– Эмне болуп кетти? Мынча эмне ичтиң?

– Эч нерсе.

– Аруукеге бир нерсе болдубу? Тарынышып кеттиңерби? Эмне деди?

– Жок, ага тиешеси жок.

Ошондо гана Асманды досунукуна жайгаштырганын эстеди. Телефонун издеп баштаганда атасы чөнтөгүнөн алып берди.

– Ме, муну издеп жатасыңбы?

Телефонун күйгүздү. Асман чалыптыр. Көп жолу... Жүрөгү шуу дей түштү. Дароо чалды.

– Аруш, эмне болду?

– Сен кайдасың?- деди карындашы ыйламсырай. Кечээтен бери ала албай жатам.

– Эмне болду сага?

– Атам каза болду. Комадан чыкпай калды. Бүгүн жерге берилет.

Айдардын көзү чекчейе түштү. Эмне дээрин билбей туруп калды.

– Айдар байке, мен жалгызмын. Келчи...

Айдар анын сөздөрүн угуп ыйлап жибере жаздады. Шашып кетти.

– Кайдасың сен? Азыр барам. Мына азыр баратам. Сен чыдап тур.

– Эмне болду?

– Атасы каза болуптур. Сулайман байке комадан чыкпай кечээ көз жумуптур. Мен жууна калайын, ата, сен кийинип тур. Аруукенин жанында болушубуз керек.

Айдарды көрөрү менен Асман “өх” деди. Жигит жетип келип эле карындашын үн катпай кучактап калды.

– Жакшыбы баары?

– Чыдайм мен,- деди кыз акырын гана. Эки ооз сөздө чоң нерсе бар эле. Асман кайраттуу турду. Эмне суроолор жаралса Асманга кайрылып жатышты. Анткени аялы, Айжан бир нерсе кылганга алсыз болчу. “Мен кийин ыйлайм, мен атамды жоктоп өмүр бою ыйлайм. Бирок азыр эмес” деп жатты кыз ичинен.

Узатуу аземи аяктаганча ичинен ушуларды айтып жатты.

ххх

Бир апта өттү. Асман үйдө болчу. Телефонуна келген чалууга көңүл бурду. Кутман Асанбеков деген атасынын оң колу болчу. Юрист, бир чети атасынын досу эле. Көңүлсүз алды.

– Асман, бүгүн сени офисте күтөм.

– Эмнеге?

– Атаңдын керээзи боюнча.

Атасынын керээзи. Дагы деле атасы бир жакка чыгып кетип кайра келчүдөй сезимдер менен жашап жүргөн.

– Апамдар да барыш керекпи?

– Аларга чалдым, апаң, Айжан бул жерде болушат.

– Кутман байке, балким, сиз билбейт чыгарсыз. Бирок мен... Мен атамдын өз кызы эмесмин. Менин эч бир...

– Сени күтөм, Асман,- деди да коюп койду.

Кыз түшүнбөй телефонду койду. Эртеси офиске барды. Апасы менен Айжан ошол жерде экен. Чакан кабинетке кирген соң Кутман сөзүн баштады.

– Сулаймандын дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кеткени баарыбыз үчүн оор жоготуу. Бирок жашоо уланууда. Андыктан анын мурасы тууралуу сөз болушу керек. Мыйзам боюнча жубайы катары бардык кыймылсыз мүлк сиздин атыңызга жазылган,- деди ал Санияга карап.

– Бир гана компания Асманга таандык.

Үчөө тең селдейди. Бири-бирин карап туруп калышты.

– Бул жаңылыштык болуш керек. Асман эмес, Айжан компаниянын ээси болушу керек. Айжан анын өз кызы... Сиз деле билесиз да, Асманды биз багып алганбыз.

– Бардыгын билем. Бирок бул Сулаймандын башынан берки чечими болчу. Башка эч бир нерсеге Асмандын тиешеси жок. Менимче, адилеттүү чечим.

– Кандайча адилеттүү чечим бул?- деп кыйкырып жиберди Сания.

– Айжан дедим го өз кызы! Канынан жаралган кызы турса, бакма кызына эмнеге өткөрсүн?

– Тилекке каршы, мындай суроону бергенге мүмкүнчүлүгүбүз жок. Маркум кандай кааласа ошондой болду. Мыйзам түрүндө чечилген иш.

Ызылдап жатышты. Сания кыйкырып, Айжан апасын жоошутканга аракет кылып жатты. Нес абалда бир гана Асман. Эмне деп сүйлөөрүн билбей отурду.

ххх

– Элестет, атам компанияны мага таштаган экен. Билбейм, эмнеге мындай кылды. Бул нерсе колумдан келбейт. Мен жөнөкөй турмушту каалайм. Тынч, эч ким менен ишим жок жашоону элестетем. Психолог болууну кыялданып жүргөм. Адамдардын жан дүйнөсүн дарылагым келет. Бул таптакыр менин ишим эмес, Айдар байке.

– Түшүнүп жатам. Бирок атаңдын каалоосу.

– Айжан анын өз кызы.

– Аруш, сен каалабаган ишти кылууга мажбур эмессиң. Баш тарт.

– Ошентишим керек. Айжанга өткөрүшүм керек. Мен чет өлкөгө кетем. Окуйм, башка жашоо баштайм. Эркин, эч кимге көз карандысыз, тынч жашоону каалайм.

– Бизди да таштайсыңбы?

– Кимди силерди?

– Атамды, мени...

Асман жылмайып алды. Эрнистин мээрим төккөн көздөрү качан болсо ээрчип карап жүргөнүн сезбей коймок беле, сезет. Бирок эмне кыларын билбейт. Атасы ушул адам экенин деле араң моюнуна алат. Каны тартат деп коюшат го. Андай нерсенин шооласы да сезилбейт. Биологиялык жактан атасы экени чындык. Ошол жүз, ошол келбет (Айдар экөө тең чоңойгон сайын Эрнистин көчүрмөсү болуп бара жатышкан эле). Бирок жүрөгү эч нерсени сезбейт, өзүнүн атасына (баккан атасына) болгон куса эч нерсе менен тең келбечүдөй. Кээде үнү угулуп кетчү. “Кызым, Асманым” деп чакырып жаткандай болчу. Кулак түрө калса эле жок. “Жок” деди Асман башын чайкай. Эрнис эч качан анын атасы боло албайт. Кайсы бир учурда ал өзүн бул укуктан ажыраткандыр, демек, бул анын тандоосу. Эми ал эч качан Асманга ата боло албайт. Мына ушуларды ойлоп турду кыз...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Dilbaranurdinova
2020-01-27 09:56:42
Мен да озумун атам башка баккан атам башка баккан атама суйуум чексиииз,озумун атама болгон мээрим да жакшы коруу да жок.
+1
mirana9395
2020-01-27 12:03:51
Мынча аз жазгансынар ото аз......
-1
Aiperi-17
2020-01-27 12:37:14
Асман сени бүгүн офисте күтөм деп Асманды эртеси бардырып коюпсунарго
+1
Aynura87
2020-01-28 18:31:16
Aiperi-17,оа ))))
0
lenovo820
2020-01-30 23:19:20
Саадатбек Мырзакуловдун Адашкан дипломат чыгармасын чыгаргылачы сураныч суперчилер
0
admin_portal
2020-01-31 10:44:19
lenovo820, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан