Режиссёр Руслан Акундун “Апамды издеп”, “Апамды издеп-2” тасмаларына тартылып, Кыргызстанда да жылдызы жанган казак актёру, телеалпаруучу Тауекел Мусилим үйлөндү. Бул кабарды укканда казак гана эмес, бир топ кыргыз кыздары да бармак тиштеп кала беришти. Казакстанда секс-символ атыккан актёрдун жүрөгүн 24 жаштагы Махаббат Туктубаева аттуу казак кызы багындырган. Махаббат Туктубаева “Караганда сулуусу-2017” сынагынын биринчи вице-мисс наамынын жеңүүчүсү, модель, келечектеги врач. Биз актёр Тауекел Мусилим менен байланышып, жубайы, алардын сүйүү баяны тууралуу маектештик.
"МАХАББАТ ЭКӨӨБҮЗ ЖАРНАМАЛЫК РОЛИККЕ ТАРТЫЛЫП ЖАТЫП ТААНЫШКАНБЫЗ"
– Баарыңыздардын куттуктоолоруңуздарга рахмат айтам. Ооба, мен 3 ай мурун баш кошуп, азыр үй-бүлөлүк жашоонун даамын татып жаткан учурум. Жубайымды тааныштырсам, аты Махаббат. Ал 24 жашта. Казакстандын Костанай шаарында туулган. Кесиби боюнча врач. Ушул жылы интернатураны аяктайт.
Махаббат экөөбүз 2019-жылдын апрель айында менин чач тарачыма жарнамалык видео тартуу учурунда таанышканбыз. Ошондо биринчи жолу көргөндө эле Махаббат мага жагып калды. Сүйкүмдүү, бою узун кыз экен. Анын бою 175 сантиметр. Таанышып, сүйлөшүп көргөндөн кийин тарбиялуу, жакшы кыз экенин түшүндүм. Ошондон баштап күз айларына чейин сүйлөшүп жүрдүк. Андан кийин баш кошуу чечимин кабыл алдык. Азыр бир үй-бүлө болуп түтүн булатып жатканыма кубанычтамын.
"КИНОДОГУДАЙ УКМУШТУУДАЙ ҮЙЛӨНҮҮ СУНУШУН КИРГИЗГЕН ЖОКМУН"
– Мен кинодогудай укмуштуудай үйлөнүү сунушун киргизген жокмун. Жөн эле “Кел, үйлөнөбүз” дедим. Ал макул болду. Үйлөнүү тоюбуздун качан өтөрү тууралуу көп суроолор берилип жатат. Махаббат экөөбүз тең жылуу мезгилди жакшы көрөбүз. Ошол себептүү заманбап тоюбузду кышында эмес, жай мезгилинде өткөрүүнү туура көрдүк. Азыр нике кыйдырып, никебизди расмий каттоодон өткөрдүк. Чогуу жашап жатканыбызга 3 ай болду. Азыр бизде баары жакшы. Эч нерсеге өкүнгөн жокмун. Мен бактылуумун. Махаббат да бактылуу деп ойлойм. Эми экөөбүз бири-бирибизди бактылуу кылганга, бири-бирибизди таарынтпаганга, капа кылбаганга дайыма аракет кылабыз.
Жубайым тууралуу айтсам, ал ак көңүл. Такыр жаман ою жок, жалаң жакшыны ойлоп, бардык адамдарга жакшы мамиле кылган адам. Махаббат ушул сапаттары менен мени өзүнө тартып алды.
"МАХАББАТ АПАМА ЖАКПАЙ КАЛСА, АНДА КЫЙЫН БОЛМОК"
– Мен дайыма апам менен кеңешип, анын пикири менен эсептешип иш кылам.Бул тууралуу маектеримде да айтып келем. Махаббатты алгач апам менен тааныштырдым. Апама жакты. Андан кийин убакытты созуунун мааниси жок болчу. Дароо эле үйлөнүү тууралуу сунуш киргиздим. Махаббат апама жакпай калса, анда кыйын болмок. Бирок мен дайыма туура тандоо жасайм деп ойлойм. Менин тандоомду апам сыйлайт. Үйлөнгөнгө чейин эле жубайым тамакты даамдуу жасаса, кызганбаса деген тилегимди билдирип келгем. Бул жаатта маселе жаралган жок. Махаббат тамакты даамдуу жасайт, ачка калбайм. Кызганбайт дагы. Буюрса, эми балалуу болууну пландап баштайбыз. Биз үчүн канчалык көп балабыз болсо, ошончолук жакшы. Бирок буйруганы, Кудайдын бергенин алабыз.
“ТАУЕКЕЛ МЕНИН НОМЕРИМДИ СУРАГАНЫНА ИШЕНГЕН ЭМЕСМИН”
“Мен мындан ары Махаббат Мусилиммин” деп жазды Тауекел Мусилимдин жубайы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына. Актёрдун жубайы жолдошу менен кантип таанышып калганын баяндады. Түгөйлөрдүн махабат баяны сизге да кызык болсо керек.
– 2019-жылдын февраль айында окуумдан Алматыга которулдум. Менин жан дүйнөм бул шаарга барууну самачу. Мурда моделдик студияда эмгектенгем, сынактарга, мода көргөзмөлөрүнө катышкам. Костанай, Караганда Астана менен Алматыдагыдай деңгээлде эмес экенин өзүңүздөр билесиздер. Алматы мүмкүнчүлүктөрдүн шаары. Алматыга которулгандан кийин кызыктуу бир иште өзүмдү сынап көргүм келди. Инстаграмдан кастингдер тууралуу маалыматтарды, жарнамаларды карап чыктым. Мага ылайык келгендердин шарттарын аткарып көрдүм. Бир канча убактан кийин жарнамага тартылууга чакырышты. Бардым. Ал жарнамага Тауекел да тартылмак экен. Тартуу иштери бүткөндөн кийин кетейин деп сыртка чыгып, телефонумдун батарейкасынын отуруп калганын көрдүм. Ал учурда шаарды жакшы билбегендиктен керектүү даректерди телефондогу тиркеме аркылуу тапчумун. Ошентип кубаттагыч сурап таппай койдум. Ал учурда уюштуруучулардын бири келип “биз тартуу иштерин бүтүргүчө күтүп туруңуз. Сизди жеткирип коёбуз” деди. Тауекел менин номеримди сураганын айтып, ага номеримди берүү үчүн уруксат сурады. Ал тамашалап жатат деп ойлоп жылмайып гана койдум. Тартуу иштери бүткөнчө күтүп туруудан башка аргам жок эле. Бир маалда артымдан “сени жеткирип коёюнбу?” деп сурады. Мен коркуп кеттим. Карасам, жанымда Тауекел туруптур. “Жолубуз бир болсо” деп жооп бердим. Ал менин барар жеримди билбей туруп “жолубуз бир” деп жооп берди. Бирок чын эле бир тарапка барат экенбиз. Мына, ушинтип башталган. Бул окуя 2019-жылдын апрель айында болгон.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg