СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Сага баары бир да, ээ?
– Өзүң билесиң да.
– Мен сени тиги шуркуяң менен көрдүм.
– Ал шуркуя эмес! Байкап сүйлө...
Айнуранын ызасы ого бетер келип, Рустамды жер менен жексен кылгысы келип турду. “Кызык, мен ушул адамга турмушка чыгып жатам, ээ? Бул менин курсакта жаткан баламдын атасы. А эмнеге экөөбүздө тең бакыт жок? Же апам айткандай, баары кийин келе турган нерсеби. Ооба, бала төрөлөрү менен баары ордуна келсе керек. Рустам өзгөрүп кетти. Чынында, шаардын элүү пайыз кыз-келини азыр Рустамдын сүрөтүн маңдайына илип, караанына жалынып жаткан учур. Бирок мен аны колдон чыгарбайм. Рустам меники. Кичине убакыт өтсүн, анан ал мен билген Рустамга айланат. Болгону, күтө туруу керек”.
Кыз ушинтип ойлоп жатты. Көз жашын билгизбей аарчыган Айнура Рустам экөө апасынын маңдайына келип отурушту.
– Рустам, балакетиңди алайын. Эми Айнура экөөң кол кармашканы турасың. Кызым эрке. Бирок өзүң тарбиялап аласың. Айша да жакшы адам. Негизи, кызым үчүн көңүлүм тынч,- деп божурап жатты ал. Рустам башын ийкеп отурганы менен, ою таптакыр башкада эле.
Мындан бир аз мурун эле дагы бир апа өз кызын колуна тапшырып, өзүнөн убада алганын эстеп отурду. “Кечир, апа! Өлүм алдында жаткан сизге убада бергеним чын. Чын дилимден, чын жүрөктөн ошол адамдын түгөйү болгум келгени да чын. Бирок турмуш биз каалагандай боло бербейт экен. Жалгыз калтырганга аргасыз болдум. Жанымды кыйнаган нерсе да ошол. А бирок кызыңыз күчтүү. Ал менсиз эле өзүнө-өзү кам көрө алат. Эми мен башкамын. Эми мен башка эки адамдын алдында милдетим бар. Алардан тана да, таштай да албайм. Кечир, апа! Сөзүмө тура албаганымды, кызыңыздын көз жашын бейкүнөө төктүргөнүмдү кечир! Ишениңиз, бул менин каалоом эмес” деп жатты өз оюнда.
– Апа, койчу, мени эрке деп эмитен эле жамандай бербей...- деди тултуңдап таарына сүйлөгөн Айнура.
– Эркесиң, балам. Бирок байкуш кыз бирөөнүн босогосун аттаары менен эркеликти таштап, жашоого олуттуу көз менен карап калат экен. Балам, атаң экөөбүздү жер каратпа. Кээ бирлер “кыз кезимдеги кылыгым, келин кездеги каадам” деп жаман адатын таштабайт. Сен антпе, жарыгым. Уйкуң да катуу эле.
Апа тамашалай дагы бир топ нерселерди жобурады. Рустам аргасыз баш ийкеп отурду.

ххх

Ошентип, көптөн күткөн күн да келди. Ак көйнөк кийген колуктунун ажары жанып, андан өтүп шыңга боюна костюм-шым куп жарашкан Рустамдан кыздардын көзү өтүп жатты. Колтукташкан эки жаш сыртынан карагандарга бактылуу көрүнөт. А бирок экөө тең ичтеринен бушайман болуп жатышкан эле.
“Болду, бүтөт деген ушул. Азыр ушул имараттан чыккандан кийин баары бүтөт. Айданадан түбөлүккө ажырайм. Анан? Анан эмнеге ишенип, эмнеге таянып, эртеңки күндөн кайсы жакшылыкты күтүп жашайм?” Рустамдын жүрөгү эч апкаарыбай, эч толкубай, суз кабагы жаркыбай турду. Мунун баары Айнуранын көз жаздымында калган жок. Эртеңки күнүнө, түбөлүк бактысына ишенип-ишенбей, көңүлүн мыжыккан сезимден бошоно албай жатты. Болгону, тагдырга тобокел кылып, калемди колуна алып кол койду. Шакектер алмашып жатканда да, кол коюп жатканда да бири-бирине тике карабай, бири-бирине жылмаюу тартуулабай муздап турушту.
Үлпөт башталды. Ресторан толтура эл. Имандын кадырын, Рустамдын талантын сыйлагандар көп эле. Ырчысы ырдап, бийчиси бийлеп жаткан учурда тамада милдетин аткарып жаткан адам тынчтыкты суранып калды.
– Урматтуу меймандар, Рустамды дал ушул даражага жеткирген Алым аттуу жигитке сөз берсек...
Көздөрүн кыбыңдаткан Алым­­ бир топко сүйлөдү. Акырында тамагын жасап, Рустамга кытмыр тигиле берди.
– Эгерде той ээлери туура көрсө, бизде бир сюрприз бар эле...
Иман “дагы эмненин башын кылтыйтып турат бул шүмшүк?” деп ойлогуча Алым нары жактан Айдананы жетелеп келип калды.
– Биздин атыбыздан Айдана Рустамдын үйлөнүү тоюна арнап ырдап берет!
Селт чочуган кыздын кареги чоңоюп, ордунан обдулуп тура калган Рустамды, анын жанында турган колуктуну кадалып тиктеп турду. Жарданган эл аны гана тиктеп, намысына балта чаап, “кантер экенсиң” деп табалап жаткандай сезилди.
– Кечиресиздер, мен билбеген экем... Мен бул жерге билбей келип...
Калтыраган эриндерине ээ боло албай мукактанып турган кыздын абалы аянычтуу эле. Ар кимдин оюна ар нерсе келип жатты. Кай бирлери “байкуш кыз, эми кантер экен? Ыйлап жибербесе болду” деп турса, кай бир ичи жамандар “азыр барып колуктунун бетин тытып долуланса, Имандын да, Рустамдын да абийирин кетирсе” деп табасы канып турду. Айдана аны да, муну да кылган жок. Элди сыдырып карап алды да, жанында турган Иманды көзү чалды. Өзүн аяп да, сыймыктанып да тиктеп турганын көрүп, дирт эте ийиндерин түздөп алып, түз барып микрофонду колуна алды.
– Болуптур, мен... Мен ырдап берем. Бул тойдун ээси болгон эки адамга... Анан да кесиптешим... Рустамга чоң бакыт каалайм. Бакыт... Жана ийгилик!
Жүрөктү толкуткан Айдананын коңур үнү жаңырып кирди. Таланттын күчү кандай?! Эми эле табалап турганы да, аяп турганы да бул мукам авазга багынып, арбалып жатышты. Жүрөктү титиреткен мукам кайрык ар биринин жүрөгүнө сиңип жатты. Сыбызгый сызылган кайрыктар бирде кымбатын жоготуп таба албай жүргөнсүп сыздаса, бирде айласы куруй ичтен сызып, тагдырына баш ийгенсип муңканып жатты. Кайрадан шаңшый оболоп, зор үмүт, жашоого болгон кумар жөнүндө айтып, кандайдыр бир улуулукка сыйынып жаткандай сезилди.
Эл, элдин арасында турган Рустам ушундай түшүндү. Эл алдында өзүнүн тоюнда турганын да унутуп, көз жашын токтото албай турду. Толкуп, эргип ырдап жаткан Айданасынын жүзүн жаш жууп турганын көрдү. Ошол эле учурда үнүн бир өзгөртүп койбой өзүн кармап турганына баа берди.
“Кечир мени, жарыгым. Жарыгым дебегенде эмне дейин. Кечир! Жек көрбө мени” деп жатты жүрөгү.
Ыр аяктап, дуулдата кол чапкан элди бир тиктеген Айдана сыртка жөнөдү. Куду колуна мөөрөй тийгенсиген Алым анын аркасынан чуркады. Жүткүнүп алган Рустам аргасыз токтоду. Өзүнөн көзү өтүп турган апасын, атасын, Айнураны кыя албай, майыша толгонуп ары басты.
Алым эшиктин түбүнө жеткенде алдынан чыга калган Иман аны токтотту.
– Алым, сен жуукур, ушундай кылыгыңды качан коёсуң? Эмнеге Айдананы алып келдиң? Ага кийин укса деле аз болот беле? Сен айбан, элдин сезимине киришкенди качан коёсуң?
– Агай, мен эч нерсени билбедим. Мыкты ырчылардан алып кел дегениңизден эле. Азыркы учурда Айданадан өткөн жылдыз барбы?
– Анткор, айбан десе...
Колу Алымдын жакасына жармаша калган Иманды Айдананын үнү токтотту.
– Агай, токтотуңуз. Мени аяп жатасызбы? Мен ага муктаж эмесмин. Баары жайында, Алым байкени коё бериңиз.
Иман Алымды коё берип, Айдананы бооруна кысты.
– Кызым, сен бактылуу боло­суң. Мындан ары Рустамды унут. Ошенткениң экөөңө тең жакшы.
– Сиздер мени Рустамга тең көрбөй ажыраттыңар. Эми антип актануунун эмне кереги бар, Иман агай? Болгону, минтип акчылануунун кереги жок эле. Сиздин талантыңызды сыйлачумун.
– Кызым, сен туура эмес ойлонуп жатасың. Сени мен тең көрбөй жинди болуптурмунбу? Кеп анда эмес эле... Мен сага түшүндүрүп...
– Кош болуңуз. Эми мага баары бир.
Терс бурулган Айдана машинага отуруп, анын аркасынан жүгүргөн Алым кошо отуруп кете берди. Той шааниси менен улана берди.
Айдананын көздөрүнөн жаш агып жатты. Алым чыйпылыктап жүз аарчы берип, жубаткан сөздөрдү айтып жатканын да элес албады. Анын бир билгени, Рустамдан айрылганы эле. Ошол чындыкка жаны кашайып, өзүн токтото албай ыйлап жатканына намыстанып, баары чогулуп айласыздыкка такап, жан дүйнөсү уюлгуп жатты.
– Болду эми, сен жерде калчу кыз эмессиң. Эртең эле мен сени Рустам эмес, башка кол жете албаган жылдыз кылам,- деп жатканын кулагы чалды.
– Мени эмнеге айтпай ал жакка алып бардыңыз?- деди жаалы бетине чыккан кыз Алымды тике тиктеди. Ошол замат тиги көзүн ала кача бөйпөңдөп кетти.
– Сен ага тең эмессиң. Кийин сага эле оор болбосун деп ойлодум. Өз көзүң менен көрүп, биротоло көксөөсү суусун дедим, Айка. Билесиң го, мен сени сыйлайм. Анан да...
– Эми мен эч кимиңе ишенбейм. Мени ушул жерден калтырыңызчы.
Алымдын айтканына да, аркасынан ээрчигенине да көнбөй, машинадан түшкөн Айдана жалгыз бара берди. Жылаңайлак келе жаткан анын тамандарына биринчи жолу турмуштун ачуу тикени сайылды. Биринчи жолу таза дүйнөсүнө балта чабылып, баёо тилеги таш капты.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Akjol
2010-09-05 17:50:45
Дагы кутуш керек эми..
0
Elit
2010-09-06 10:35:04
Журоктогу жаранын картын сыйрып канатты го чиркин.
0
ABC
2010-09-08 12:22:42
Рустам менен Айнуранын жашоосу жакшы болуп, ортосу бала менен ысып кетсин эми. А Айданага дагы бироо буйруп тургандыр, жашоонун акыры эмес, же Рустам акыркы эркек адам эмес го. Бирок окуя чыныгы турмуштан алынгандай эмес, коп деталдар чындыкка коошпойт. "Сирень гулдогон маа
0
ABC
2010-09-08 12:24:10
"Сирень гулдогон маалда" жакчу аябай. Кууп окучумун. Хоть немножко была похожа на реальную историю.
0
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан