2015-жыл. Абройлуу сынакта кыргыз кызы өлкө желегин жамынып ыйлап жатты. Бул бакыттын ыйы болчу. Ал «Turkvizyon» эл аралык сынагында атаандаштарын артта калтырып, жеңүүчү аталды. Кыргыз туусун бийик желбиретип, намыска жараган ырчы менен кыргыз эли сыймыктанып турду. Аны эл сүйөт. Жийдеш Идирисова үчүн мына ушул элдин сүйүүсү маанилүү.
– Жийдеш айым, сиз менен көптөн бери маектеше элек экенбиз. Бул аралыкта жашооңузда кандай өзгөрүүлөр болду?
– Чыгармачылыкта чоң өзгөрүү болгон жок. «Эгемен элим» аттуу ырымды жаздырдык. Бул ырды жаздырып жаткан кезде Оштон досторубуз «жаңы тасма тартып бүттүк, азыр монтаж кылып жатабыз. Тасмага саундтрек керек. Репертуарыңда жарыкка чыга элек ыр болсо бизге берип көрбөйсүңбү. Ылайыктуу болсо саундтрек кылалы» деп чалып калышты. Ырдын толук бүтө элек версиясын жибердик. Угуп көрүп «биздин тасма үчүн жазылгандай ыр экен, бизге бербейсиңерби?» дешти. «Эгер ыр тасмаңарга төп келип жатса алгыла» деп бергенбиз. Ошентип ал ыр «Город героев» тасмасынын саундтреги болуп калды.
– Кичүү кызыңызды төрөгөндөн кийин чыгармачылыкта тыныгуу алдыңыз. Дайыма изденүүдө, иш үстүндө жүргөн адамга үйдө отурган кыйын болгон жокпу?
– Иштеп көнгөн адамга үйдө отуруу кыйын эле болот. Биринчи кезекте моралдык жактан кыйналдым. Башында бала жытына мас болуп, бактылуу сезимдер курчап жаткан. Бала чоңойгон сайын жумушту сагынып, көп нерседен артта калып калгандай сезилип жатты. Ошондой маалда Инстаграмга кирсем менден башкасынын баары чет жакта эс алып, ыр жаздырып, клип тарттырып жатышкандай туюлду. Карасам, баарынын жашоосу сонун. Аларды көрүп капаланбайын деп көпчүлүк атактуулардын баракчаларынан чыгып кеткем. Албетте, акылым менен балага убакыт керек экенин, чоңойтуш керек экенин түшүнүп жаттым. Бирок жаман ой келе берет экен. «Тиги деле кичинекей кызы болсо да иштеп жүрбөйбү. Мен эмне үчүн үйдө отуруп калдым?» деген сыяктуу жиндиче ойлор болду.
– Муну төрөттөн кийинки депрессия десек болобу?
– Жок. Төрөттөн кийинки депрессия башкача болот. Ал депрессия төрөгөндөн кийин эле башталат. Баланы алгысы келбейт, эмизгиси келбейт, энелик мээрим ойгонбойт. Кудайга шүгүр, биринчи кызымды төрөгөндө да андайга кабылган эмесмин. Анда өзүм бала экенмин. Куурчак төрөп алгандай эле болуптурмун. 2 кызымдын ортолору 11 жаш. Азыр салыштырсам улуу кызым Севарама куурчактай эле мамиле кылыптырмын (күлүп). «Кел, бул юбканы киели, эми бул көйнөктү кийип көрөлү» деп толтура жолу кийимин которуп, чачын жасалгалай берчүмүн. Азыр ойлосом, баланы аябай кыйнаптырмын. Бала чоң жоопкерчиликти талап кыларын акыл топтоп калганда түшүндүм. – Улуу кызыңыз 13 жашка чыгып калды. Өспүрүмдөр смартфонду көп колдонуп жатышпайбы. Бул жаатта кызыңызга кандай чектөө коёсуз?
– Кызым жатак лицейде окугандыктан телефондон ар кайсы нерселерди көргөнгө убактысы жок. Дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин лицейде окуп, жатаканасында жашайт. Дүйшөмбү күнү мугалимдер телефондорун алып, дем алыш күнү үйгө кетерде беришет. Дем алыш күндөрү үйгө эс алууга келгенде кычап биздин жумуштар башталат. «Сиңдиңди карап тур» деп жумуштарды бүтүргөнү кетебиз. Ошентип телефон кармаганга деле бош убактысы болбойт. Убактысы болсо китеп окуганды жактырат. Чыгармачылыкка жакын, лицейде ырдап, бийлеп өзүн активдүү алып жүрөт экен. «Ырдап, бийлегенге жетишесиң. Азыр билим алып, көп тил үйрөнүшүң керек. Кийин чет тилдерин үйрөнүүгө убакыт таппай каласың» дегем.
– Эне-кыздын мамилеси кандай? Курбусундай мамиле кыласызбы?
– Кыргыздардын үй-бүлөсүндө эне менен кыздын ортосунда дистанция бар. Ата-энебизге сый менен мамиле кылып, көп сырдашпайбыз. Кызым экөөбүздүн мамилебиз курбулардай. «Эмне жаңылыктарың бар?» десем тартынбай баарын айтып берет. «Сен мага кандай жагдай болбосун жашырбай, баарын ачык айтып турсаң урушпайм. Эгер бир нерсени жашырып, аны башкадан укчу болсом ошондо сени менен башкача сүйлөшөм. Ушуну эсиңе тутуп ал» дегем. Ошол сүйлөшүүдөн кийин «мектепте ушундай кылдым эле, ошондуктан ушундай болуп калды» деп баарын айтып берип турат. Мындай мамиле баланын энеге болгон ишенимин арттырып, көйгөйлөрдү алдын алууга жардам берет.
– Чыгармачылыгыңызга кайталы. Жеке концерт берүү планыңызда барбы?
– Чыгармачылыкта жүргөнүмө бир топ жыл болду. Бирок жеке концертимди бере элекмин. Мен сүйүктүү ырчым Стиви Уандер сыяктуу концерт бергим келет. Анын концертине келишкен күйөрмандар башынан-аягына чейин ырларын кошо ырдашат. Концерти чоң музыканттардын коштоосунда өтөт. Ошондой даражага жетким келет. Бизде 2 сааттык жеке концерт берген ырчы 12 ыр ырдап, чакырылган конок ырчыларды ырдатып коюшат. Мүмкүн, ал концерт деле жакшы көрүнөт чыгар. Бирок мен андай концерт бергим келбейт. Кыялымдагы концерт берүүгө көп жыл керек.
– Шоу-бизнес ырчылардан жаңыланууну, өзгөрүүнү талап кылат. Сиз образыңызды өзгөрткүңүз келеби?
– Мага спорттук стиль жагат, мүнөзүмө да шайкеш келет. Инстаграмга кыздар «Жийдеш эже, ырдаганыңыз аябай жагат. Бирок сиздин шляпа, көйнөк кийип түшкөн сүрөттөрүңүздү көргүбүз келет» деп жазышат. Мага андай стиль жарашпайт го. Көйнөк жарашат, бирок арыкташым керек. Төрөттөн кийин калыбыма келе албай жүрөм. Диетага отуруп, спорт залга барам. Бирок биздин жумушта стабилдүүлүк жок. Диетам бузулуп, спорт залга да дайыма бара албай, бирде арыктап, кайра толуп жатам.
– Жакында 35ке толдуңуз, бирок 25 жаштагы кыздардай эле көрүнөсүз...
– Рахмат. Түштүк Кореяда популярдуу болгон косметологиялык борбордун бир филиалы Бишкекте ачылган. Ошол борбордун директорунун сунушу менен ал борбордун жүзү болдум. 2-3 жумада бир ар түрдүү косметологиялык процедуралардан өтүп турам. Процедуралардан өткөндөн кийин бетимди карасам чын эле жакшы таасир бергени көрүнөт. Азыртадан кам көрбөсө жаш өткөн сайын калыбына келтирүү татаал боло баштайт.
– Жыл башында 2 аял күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза болушту. Бул каргашалуу окуялар сизди да кайдыгер калтырбаса керек...
– Албетте, жүрөгүм ооруду. Биринчи кезекте кыздарымды ойлодум. Мындайдан Кудай сактасын. «Турмушка чыкканда ушундай окуяга кабылбаса экен» деп тилендим. Кыздарынан ажырап калган ата-энелердин абалын элестетүү оор болду. Балаңды төрөп, багып-өстүрүп, башка адамга ишенип турмушка узатсаң, ал сабап, өлтүрүп салганы кантип болсун?
Күйөөлөрдүн аң-сезими төмөн болгону үчүн аялдарын сабап жатышат. Акыл-эстүү адам аялы туура эмес кылып жатса сөзү, көз карашы менен эле тыйып коёт. Сабап жаткандар сөз менен жеткире албайт, анткени акылы төмөн. Ошондуктан ушундай окуялар болуп жатат.
– Жубайлар гармонияда жашаш үчүн эмне керек?
– Сүйүү жетиштүү эмес. Сүйүү өчүп калышы мүмкүн. Сый-урмат, түшүнүк керек. Ар бир адам уникалдуу. Ой жүгүртүүбүз окшош болсо да, кичинекей келишпестиктер болуп турат. Ошол кенедей нерсе бара-бара чоң конфликтке алып келиши мүмкүн. Ошондуктан бири-бирибиздин оюбузду сыйлап, түшүнүүгө аракет кылышыбыз керек.
– Жакында Жогорку Кеңеште вице-спикер Мирлан Бакиров «Кыргызстандагы жашоого нааразы болгондорго Памирге жолдомо алып бериш керек» деди. Буга кандай баа бересиз?
– Саясаттан өзүмдү оолак кармаганым менен, Кыргызстандын жараны катары өз позициям бар. Жашоо-шартты салыштыруу керек. Бирок эмне үчүн бизден жакшы жашап жаткан өлкөлөргө эмес, жашоо-шарты начар аймак менен салыштырып жатабыз? Бул эмне деген күлкүлүү салыштыруу? Өзүбүздөн начар жашап жаткандар менен салыштырып жүрө берсек деңгээлибиз өспөйт. Өнүгүп-өсүп жаткан өлкөлөр менен салыштырып ошол даражага жеткенге, ашып өткөнгө умтулушубуз керек. «Кокуй, биз ушундай жакшы шартта жашашыбыз керек» деп умтулбай, тескерисинче, жаман шартта жашап келсин деген туура эмес. Ушундай сөздөрдү жаңылып айтып алышабы же билим албай калышканбы? Муну эл чечсинчи. Ошондуктан окуучуларга биринчи кезекте билим алгыла деп кеңеш берет элем. Ыр, бий хобби катары калсын. Билимдүү, акылдуу адам эч качан, эч жерде уят болбойт. Мен, мисалы, окуучу кезимде жакшы окубай, ырдап эле жүрө бергениме өкүнөм. Билимге убактымды көбүрөөк арнасам мындан да жакшы болмок.
– Маегиңизге рахмат!
Динара Абдыкадырова
star@super.kg