«BTS» тобу тууралуу жаңылыктарга көз чаптырсак, 26-январда алар «Грэмми-2020» дүйнөлүк музыкалык сынагында белгилүү АКШлык рэпер Lil Nas X менен чогуу музыкалык номер аткарышты. Топтун күйөрмандары "уюштуруучулар топко эмнеге жеке номер беришкен жок?" деп нааразы болушту. Былтыркы жылы бул беделдүү сынактан «BTS» статуэткасы жок кайткан. Быйыл болсо мен-мен деген ырчыларга кошулуп сахнада өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошондо «BTS» «Грэмми» сыйлык тапшыруу аземинде ырдаган алгачкы корей ырчылары болду дешет басылмалар. Бүгүнкү макалабызды бүтүндөй дүйнөнүн музыкалык сахнасын багынтып келе жаткан «BTS’тин» дагы бир мембери – Пак Чиминдин жашоосуна арнадык.
Аты-жөнү – Пак Чи Мин
Псевдоними – Чимин
Туулган жылы – 1995-жыл, 13-октябрь
Туулган жери – Түштүк Корея, Пусан шаары
Бою – 173 сантиметр
Үй-бүлөдө – 2 бир тууган, иниси бар
Лейбл – Big Hit Entertainment
Кесиби – ырчы, бийчи, композитор, модель
МЕКТЕП ЖЫЛДЫЗЫ
Түштүк Кореянын деңиз борбору аталган Пусан шаары тууралуу кабарыңыз барбы? Бул шаар бир гана кооз деңиз жээктери менен атагы чыкпастан, бийик тоолору, көптөгөн храмдары менен көпчүлүктү өзүнө тартып турат. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Пак Чи Мин дал ушул шаарда жарык дүйнөгө келген. Пактардын үй-бүлөсүндө тун небере төрөлгөндө чоң атасы ага Чи Мин ысымын ыйгарган, корей тилинен анын аты «менин акылмандыгым асмандан да жогору болот» деп которулат. Кийин топко алынганда Чи Минге Baby J, Baby G же Young Kid деген псевдонимдерди сунушташкан, бирок ал өз атын алмаштырганды каалабай, Чимин деген псевдоним менен чыккан.
Чимин 2 жашка чыкканда үй-бүлөдө дагы бир уул төрөлүп, ага Жихён деген ысым коюлат. Деңиз жээгинде чакан кафени иштеткен ата-эне уулдарын эркин, искусствого жакын тарбиялашкан. Чимин бийчи болом деген оюн айтканда да колдоого алып, аны бий ийримине жаздырышат. 8-класстан баштап бийдин поппинг, локинг түрлөрүн мыкты деңгээлде өздөштүргөн өспүрүм мектеп жылдызына айланган.
ИЙГИЛИКТҮҮ ЫРЧЫ
Журналисттин «өзүңдү 3 сөз менен сүрөттөп берчи» деген суроосуна Чимин «Уялчаак, сонун жана дагы бир жолу сонунмун!» деп күлүп жооп бергени бар. Уялчаак бала учурдагы популярдуулукка кантип жетти? Мектептин жылдызы болуу Чиминге жетишсиз болчу, андыктан ал шаардагы болгон музыкалык сынактарга катышып турган. Акыры анын талантын Big Hit Entertainment агенттиги баалап, келечектеги жылдызды компанияга кабыл алышкан. «BTS» менен алгачкы дебюту 2013-жылы «No More Dream» ыры менен болгон.
Ал эми 2016-жылы анын жеке аткаруусундагы ырлары Улуу Британияда эң көп көчүрүлгөн ТОП-20 ырдын катарына кирген. Анын 2019-жылы топтон сырткары чыгарган «Promise» ыры 24 саат аралыгында угуу боюнча рекорд койгон.
ЧИМИНГЕ ОКШОШКУСУ КЕЛГЕН КҮЙӨРМАН 15 ИРЕТ ПЛАСТИКАЛЫК ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТКАН
Топтун ар бир мүчөсүнүн өз аудиториясы, күйөрманы бар экени талашсыз. Бирок ар биринде чектен ашкан күйөрмандар да бар. Мисалы, улуу британиялык Оли Лондон аттуу адам Чиминге окшошкусу келип 5 жыл аралыгында жүзүнө 15 жолу пластикалык операция жасаткан. Бардык операциялардан кийин аны жакындары тааныбай калышкан, ошентсе да ал баары бир кумирине окшобой калган. Бул курмандыгы жетишсиз болгон Оли Лондон 2020-жылдын 7-январында Лас-Вегас шаарында Чиминдин картон сүрөтүнө үйлөндү. 29 жаштагы Оли: «Мен үчүн бул өтө эмоционалдуу учур. Абдан кубанычтамын. Мен Чиминге окшош болуш үчүн толтура акча сарптадым. Эми өзүмдү ага чындап үйлөнгөндөй сезип жатам»,- деген. Олинин жашап жаткан бөлмөсү да Чиминдин сүрөттөрүнө толгон. Ал колдонгон ар бир буюмда ырчынын сүрөтү чапталган. Чиминдин башка күйөрмандары эгер ырчы Оли тууралуу маалыматты угуп калса стресс болот деп кабатыр болушууда.
ЧИМИН ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА
Асыл Орозбекова
star@super.kg