Баарыбыз эле сулу үлпүлдөгүнөн даярдалган ботко тоюмдуу жана пайдалуу экенин билебиз. Бул азыктын дагы кандай кызыктыруучу жагдайлары бар? Келиңиз, бул жолу сулудан даамдарды жасоону үйрөнүп алалы.
БАНАН КОШУЛГАН СУЛУ БОТКОСУ
Керектелүүчү азыктар:
Геркулес – 100 грамм
Сүт – 500 миллилитр
Корица күкүмү – 1 чай кашык
Банан – 1 даана
Бал – 2 чай кашык
Каймак май – 1 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Мискейге сууну куюп, геркулести салып жай отто 8-10 мүнөт кайнатабыз.
2. Бул убакыт аралыгында бананды аарчып, 0,5-0,7 миллиметр калыңдыкта, тегерек формада кесип алабыз. Андан соң табага каймак майды салып, банан кесимдерин 2-3 мүнөт кууруп, үстүнө 1 чай кашык балды кошуп аралаштырабыз.
3. Ботко кайнап коюуланганда ага корицаны жана 1 чай кашык балды кошуп аралаштырабыз. Ботко даяр!
4. Боткону тарелкага куюп, үстүнө куурулган бананды салып, жаңгактын түрлөрүнөн себелеп дасторконго беребиз.
ГРАНОЛА ДЕСЕРТИ
Керектелүүчү азыктар:
Сулу үлпүлдөгү – 2 стакан
Бадам – 100 грамм
Грек жаңгагы – 100 грамм
Жер жаңгак – 50 грамм
Өрүк как – 50 грамм
Бал – 5 аш кашык
Өсүмдүк майы – 5 аш кашык
Корица күкүмү – 0,5 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Өрүк какты жууп, тазалап, майда туурап алабыз.
2. Өсүмдүк майы менен балды аралаштырабыз.
3. Бадам, грек жаңгагын, жер жаңгакты майдалайбыз. Буларга корица күкүмүн кошуп аралаштырабыз.
4. Сулу үлпүлдөгүн, жаңгак күкүмдөрүн бир идишке салып, үстүнө өсүмдүк майы менен балдын аралашмасын куюп, тегиз аралаштырабыз.
5. Электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, үстүнө аралашманы 6-7 миллиметр калыңдыкта ныктап, тегиздеп салабыз. Эми аны 175 градуста 30 мүнөт бышырып алабыз. Муздаган соң кесимдерге бөлүп, десерт катары жейбиз.
СУЛУ ҮЛПҮЛДӨГҮНӨН ТОКОЧ
Керектелүүчү азыктар:
Сулу үлпүлдөгү – 140 грамм
Ун – 130 грамм
Каймак май – 115 грамм
Кумшекер – 150 грамм
Жумуртка – 1 даана
Ашкана содасы – 0,5 чай кашык
Шоколад – 100 грамм
Туз – 1 чымчым
Даярдоо ыкмасы:
1. Шоколадды бычак менен майдалап алабыз.
2. Каймак майга кумшекер менен жумуртканы кошуп жакшылап аралаштырабыз.
3. Эми бул массага унду, сулу үлпүлдөгүн, ашкана содасын, тузду жана шоколад кырындысын кошуп камыр жасайбыз.
4. Камырдын бетин целлофан баштык менен жаап, 2 саат муздаткычка салып тыныктырып алабыз.
5. Камырды муздаткычтан алып чыгып, чакан бөлүктөргө бөлүп, колубуз менен тегерек формага келтирип, токоч жасайбыз.
6. Электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, үстүнө токочторду тизип, 180 градуста 11-14 мүнөттө бышырып алабыз.
СУЛУ ЭМНЕСИ МЕНЕН БЕЛГИЛҮҮ?
Сулу клетчаткага, А, Е, К, В витаминдер тобуна, калий, фосфор, темир, хром, күкүрт, цинк, фтор, кремнийге бай.
Курамындагы амин кычкылдары булчуң белокторуна окшош, андыктан спорт менен машыккандар үчүн табылгыс азык.
Адамды ток кармайт. Энергия тартуулайт. Мындан сырткары чачтын, тырмактын сапатын жакшыртат. 100 грамм сулу үлпүлдөгүндө 352 килокалория бар.
Күндөн алган күйүктү айыктырат. Ал үчүн сулу үлпүлдөгүн сүткө чылап туруп күйүккө басуу керек. Ал терини нымдаштырып, ачышканын басаңдатат.
Косметологияда сулу үлпүлдөгүнөн бет терисине карата, безеткиге каршы маскаларды даярдап колдонууга болот.
Кулинарияда сулудан ботко, печенье, суюк тамактарды, десерттерди жасоого болот.
СУЛУНУН КАЙСЫ ТҮРҮ ПАЙДАЛУУ?
Сулу акшагы – бул майдаланган сулу даны. Данды майдалоодо ысытуу ыкмасы колдонулбагандыктан, пайдалуу заттар толук сакталат. Колдонуу анча ыңгайлуу эмес. Андан ботко жасоо үчүн 40-60 мүнөт кайнатуу керек.
Геркулес – сулу данынын сырткы кабыгы тазаланып, жанчылган түрү. Дандын мындай жол менен иштетилүүсүндө айрым керектүү заттар жоголуп кетет. Геркулестен 15-20 мүнөттө ботко даярдоого болот.
Сулу үлпүлдөгү – данды бууга бышырып, сырткы кабыгын сыйрып, андан соң жанчуу ыкмасы менен жасалат. Мында курамындагы витаминдер бузулуп, крахмалдын өлчөмү көбөйөт. 3 мүнөт ичинде даярдалган боткодогу крахмал организмге бат сиңет да, кантка айланат. Ошондуктан сулунун бул түрү кант диабети менен жабыркагандарга сунушталбайт.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg